Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Ислам маданиятына багыт берген залкарлар
   

Өмер Пакиш

   

   Адам баласы кайсыдыр бир коомдун ичинде жашап, ошол коомдун баалуулуктары менен жуурулуша жакшы-жаман кишиликке (личность) ээ болот. Асыресе, кайсы гана коом болбосун, анын баалуулуктары жана дүйнө таанымы Куран менен сүннөттүн негизине толук төп келиши мүмкүн эмес. Ошол себептен жаш муундун тавхид жана анын иш жүзүндөгү абалы саналган вахий булагына жан дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун чайып, аруулай жүргөнү зор мааниге ээ. Тактап айтканда, вахийден бүткөн Куран менен сүннөт аркылуу ички дүйнөнү аруулоо бир кыйла жеңил. Бирок сан миң багыттардын ичинен эки дүйнөгө пайдасы тийе турган эң мыктысын тандап, ак багыттан тайбай өмүр кечирүү үчүн сырттан жардам алышы керек. Андыктан аалымдардын илимине, көсөмдөрдүн тажрыйбасына, жетекчилигине, туура нускоосуна мусулман жаштар чындыгында муктаж. Диний, саясий жана идеологиялык ар кандай далаалаттар эң башта жаш муунду кароолго алаары кашкайган чындык. Бул жагдай жаштардын ишти алып кете турган кайраттуу күчүнөн жана акыл-эстин башка нерселерге багынбаган тазалыгынан жана албетте, психологиясынан түздөн-түз көз каранды. Жаштыктыктын жалынына жалбырттап турган инсандын албуут түшүнүгү аз гана окууну көрдү дегиче «идеализм» жанданып, идеалист адам болуп чыга келет. Натыйжада идеалисттин тынымсыз иштегенин, реалисттин тыным бербей иштеткенин көрөбүз.

   А Ислам дини болсо адамга эмгегине жана аракетине жараша баа бергени менен башка «измдерден» айырмаланып турат. Ислам Улуу максатка ылайык өлгөнгө чейин пайдалуу, сооптуу иштерди жасап кетүүнү ар бир адамдан талап кылат. Эч кимди артынан акмалап, тынымсыз көзөмөлдөбөйт. Болгону ар бир инсан өзүндөгү мүмкүнчүлүктү жакшылыкка, парз, важиб, сүннөт жана мустахаб амалдарга жумшаганына, жамандыктан, арам иштен сактанганына жараша Алланын даргөйүнөн барк табат деп эскертет. Дин Исламдагы «такыбаалыктын» толук мааниси мына ушунда жатат. Эл башына келип, бүтүндөй күчтү бир тизгинде кармап турган пенде ошол эле маалда жумурай журттун кызматчысы дегенди билдирет. Азирети Умардын «Мен болгону элдин кызматчысымын» деген сөзү муну таасын далилдеп турат. Чыгыш жана Батыш маданияттары негизинен адамга тиешелүү парадигмадан айырмаланат. Маселен, Батыш маданиятында адам тек тараптуу болуп, жалгыз «бул дүйнө» же «көзгө көрүнгөн нерсе б.а материалдуулук» негизги орунду ээлейт. Ислам маданиятына келсек, мында адам баласы эки тараптан каралат. Башкача айтканда, «бул дүйнө» менен «акырет», «көзгө көрүнгөн нерсе менен көрүнбөгөн көмүскө нерселер» баары биринен сала экинчиси маанилүү. Ислам дини жогоруда айтылган эки багытта тең жаш муунга көңүл бурат, жол көрсөтөт жана тең салмактуулукту сактоону үйрөтөт. А Батыш маданияты болсо жалгыз бул жалгандагы кубаныч менен бактылуулукту гана көздөйт.

   Исламды жана мусулман журтчулугун бул сынак дүйнөдө кудум «Нух пайгамбардын кемесине» салыштырууга болот. Бул акыйкат кечээ ушундай болгону сыңары, бүгүн да дал ошондой жана эч убакта өзгөрбөйт. Өлүм деген топон-суу күн сайын миңдеген адамдарды оп тартып алып кетип жатат. Кемеге отурган жан кутулат, тескери баскандар жок болот. Элдердин, мамлекеттердин, коомдордун жана маданияттардын тагдырынын адамдын тагдырынан эч кандай айырмасы жок, коёндой окшош. Кыйроодон, жок болуп кетүүдөн аман калуу үчүн элдер да, маданияттар да Ислам деген кемеге олтурушу керек. Ошондуктан жер планетасы бүгүнкү күндө жогоруда белгиленгендей, аң-сезимди агарткан, ахлакты тазарткан жана бул маанилүү артыкчылыктарды такай Куран жана сүннөт менен азыктандырып, өөрчүткөн жана капиталисттик, дүйнөдөгү азыркы жаңы жашоо ыңгайынан, анын адепке сыйбаган жорук-жосундарынан сак боло, кыраакылык менен кадам таштаган жаш муунга муктаж.

   Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) жана төрт халифанын доорун камтыган «бактылуулук кылымынын» мусулмандарды гана эмес, акылы тунук адам атпайдын баарын тамшандырган бай тажрыйбасы Ислам маданиятынын түптөлүшүндө зор рол ойногон. Бул жагдай ар кайсы доордо ар башка багыттардын жана түшүнүктөрдүн жаралышына түрткү болгон. Тарыхка жана коомго энчи калтырган, көөдөндөгү ишенимин изги ахлагы менен айкалыштыра билген мусулман жол башчылар тээ баштан бери жаш муунду татыктуу тарбиялоого олуттуу маани беришкен. Мусулман журтчулугу өтмүштө үлгүлүү инсандарга муктаж болгону сыңары бүгүн да муктаж болуп турат. Ошону менен катар үлгүлүү инсандардын жетекчилигинде түптөлүп, «Куранкөй муун» деген аталышка төп келе турган муунга бүгүн бүткүл адамзаттын муктаж экендиги талашсыз чындык.

   Окуган сайын жана пайгамбарлардын анда айтылган өмүр таржымалынан кабардар болгон сайын Ыйык Куран адамдын жан дүйнөсүнө бир башкача таасир калтырат. Муну Куранды окугандын баары билет. Кунт койо окусак, пайгамбарлардын башынан өткөн катаал турмуш, олуттуу окуялар күн өткөн сайын бизге жашоонун ыңгайын үйрөтүп, кырдаалдан чыгуунун пайдалуу жолун түшүндүрүп жатпайбы. Маселен, алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар Адам Атанын кырчын куракта жаратылгандыгында терең маани жатат. Андан соң жер жүзүнө түшүрүлөт, ата болот, үй-бүлөсү кеңейет, эки баласынан ортосунда каргашалуу окуя жүз берип «өлүм» деген акыйкаттын бар экенин туят. Андыктан баарыбыз алгачкы пайгамбар Адам менен акыркы Эличи Азирети Мухаммад Мустафанын жана бул экөөнүн аралыгында келип-кеткен жаамы пайгамбарлардын турмуштан алган мол тажрыйбасынан, өтөгөн кызматынан жана ибараттуу, ибадаттуу амалдарынан сабак алып, алардын коопсуз кемесинен орун алышыбыз керек. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбос. Адам Ата сыяктуу биз да жаңылышыбыз мүмкүн. Бирок катадан, күнөөдөн арылуунун жолун, тактап айтканда, кечиктирбей тообо да кыла билишибиз керек. Жаамы пайгамбарлардын жана алардын жолунан жүргөн Ислам маданиятынын залкар өкүлдөрүнүн өмүр жолун дал ошолор сыяктуу Жараткандын ыраазылыгына, сүйүүсүнө татыктуу болуу максатында окуганыбыз «Адамзат Эчилердин адамгерчилик сапатынан жана талыкпас аракетинен сабак алсын» деген орчундуу максат жатат. Мындай усул менен окуган жанга Куран өз маңызын, купуя сырын ачаары бышык. Бул макалада Ислам маданиятынын түптөлүшүнө зор салымын кошкон Түркистандык Ислам аалымы Имам Бухарийдин бараандуу да, салмактуу да эмгектери тууралуу кеп кылмакчыбыз.

   Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмаил бин Ибрахим бин ал-Мугийра бин Бардизбах ал-Жууфий ал-Бухарий.

   Мухаммад ал-Бухарий 13-шаввал 194/810-жылдын 21-октябрында жума күнү Бухарада жарык дүйнөгө келген. Бул залкар инсан Бухаралык болгондугу үчүн Бухарий деп аталып калган. Ымыркай кезинде атасы дүйнөдөн кайтып Ахмад атуу агасы менен жетим калат. Андан соң аларды энеси тарбиялайт, жаштайынан Куранды жаттап каары болот жана арап тилин үйрөнөт. Бухарий эч кимге муктаж болбостон жетилет, атасынан калган мал-мүлктү илим алууга жумшайт. Он бир жашында хадис илимине киришет. Он алты жашында энеси жана бир тууган агасы Ахмад менен чогуу ажыга барат да, илимге болгон кызыгуудан улам Меккеде калат. Энеси менен агасы Бухарага кайтат. Он сегиз жашында «Китабу кадаяс-сахаба ват-таабиин» жана «ат-Тарихул кабийр» аттуу китептерди жазат. Андан кийинки өмүр жолунда илим алуу максатында Дамаскка, Мисирге, Басрага, Багдатка барган. Мына ушундай изги тилек менен көп жылдар бою Хижазда жашаган. Имам Бухарий хадис үйрөнүү жана айтуу менен гана чектелбестен ыр жазган акын да болгон. Ат ойнотуп, ок атып жоокерлик машыгуудан өткөн. Ахмад бин Халид аттуу шаар акими менен мамилеси муздаган соң, ал Бухарадан кетүүгө аргасыз болот. Самаркандын Хартенке айылына туугандарынын жанына көчүп барган Бухарий 869-жылдын 30-августун түнү Орозонун акыркы күнү көз жумган. Анын эртеси айт күнү түштөн кийин жаназасы окулуп Хартенк айылында жерге берилген.

   Имам Бухарий абдан зээндүү, абдан зирек жана жаттоо жөндөмү өтө күчтүү адам болгон экен. Тарыхый булактар тастыктагандай, жаттоо үчүн кандай гана текст болбосун, ага бир көз жүгүртүп, же жок дегенде бир жолу угуп кою Бухарий үчүн жетиштүү болгон. Сапарда жүргөндө укканын жазчу эмес, айтылгандарды жазып жүргөн адамдар сыноо үчүн андан сураган кезде уккан бардык хадистерди жатка айтып берген экен жарыктык киши. Ал ошол эле учурда көп хадис риваят кылгандыгы менен Ислам ааламына атагы кеткен. Имам Бухарий узун бойлуу, арык чырай, сыпаа, абдан кичи пейил киши болгон. Сабак учурунда болсун, башка учурда болсун, маалыматты кайсы булактан алгандыгын жана кимден уккандыгын салт катары ар дайым айта жүргөндүгү анын илимге канчалык деңгээлде маани бергендигин жана илимге олуттуу мамиле жасарын ачык көрсөтүп турат. Айрыкча, илим жаатында айрым бир хадис айтуучуларды сындаган учурда да сөздү өтө кылдат тандап, гыйбаттан ушунчалык сак болгон дешет.

   Имам Бухарий алган илимине амал кылган адам болгон. Дин Исламдын чек-ченемдерине, адал жана арам маселесине өтө аяр мамиле жасаган. Ал ар бир көз ирмемде Исламдын, анын ичинен хадис илиминин өнүгүшүнө кызмат кылып, бар мүмкүнчүлүгүн колунда жоктордун муктаждыгын камсыздоого жумшаган, Алла Тааланын ыраазылыгын көксөгөн мээнеткеч, берешен жан болгон. Имам Бухарий Куранды үч күндө баштан-аяк окуп, хатм кылып турчу экен. Ал түн бироокумда ойгонуп намаз окуп, Куран окуп, китеп жазып, түндүн берекесинен көп пайдаланчу экен. Рамазан айында таравих намазынан кийин күн сайын Курандын үчтөн бир бөлүгүн окугандыгы айтылат. Өзүнүн айтуусуна караганда, миңден ашык устаттан хадис алган экен. Хадистерди жазып жүргөн устаттардын ал хадисти кимдерден алганын, б.а. хадистин санадын (кимден кимге айтылып келатканын) билээрин, санады үзүл-кесил айтууларга маани бербегенин өзү баяндап берген. Имам Бухарийдин устаттары негизинен төмөнкүлөр: Ахмад бин Ханбал, Али бин ал-Мадииний, Яхя бин Маиийн, Исмаил бин Идрис ал-Мадииний, Исхак бин Рахуйех, Маккий бин Ибрахим ал-Балхий, Мухаммад бин Салам ал-Бикандий, Ибрахим бин ал-Ашас, Али бин ал-Хасан бин Шакик, Яхя бин Яхя, Ибрахим бин Муса ал-Хафиз, Сурайж бин ан-Нуман, Абу Асым ан-Набил аш-Шайбаний, Мухаммад бин Абдуллах ал-Ансарий, Абдуллах бин Зубайр ал-Хамидий, ал-Маркий, Абдулазиз ал-Увайсий.

   Төмөндө ысмы атала турган инсандар Бухарийдин эң көрүнүктүү шакирттери болуп эсептелет: Абу Иса ат-Тирмизий, Мухаммад бин Наср ал-Марвазий, ибн Абу Давуд, Муслим бин Хажжаж жана Насаий.

   Имам Бухарийдин «Жамиус-Сахих» аттуу эмгеги Ислам ааламындагы эң атактуу, эң салмактуу эмгектерден болуп саналат. Бул даңазалуу китепти устатынын сунушунан жана көргөн түшүнөн улам жазгандыгын өзү баян эткен. Имам Бухарий Сахих деп аталган жыйнакка чындап эле көпчүлүк тарабынан тастыкталган сахих хадистерди киргизүү менен Ислам маданиятынын туура багытта өнүгүшүнө жана Ислам жаатындагы дагы көптөгөн илим тармактарынын илгерилөөсүнө тоо көтөргүс салым кошкон. Автор бул эмгек аркылуу өзүнөн мурда жашап өткөн мазхап имамдарынын эч кимиси жеке адамдык көз карашы менен фатва (өкүм, бүтүм) чыгарбаганын, тескерисинче нукура, бекем, ишенимдүү далилдерге таянганын ортого койгон. Аалымдар Бухарийдин эмгегин өтө баалашкан. Ошол себептен хадис илиминде Бухарийдин өзөктүк орду бар. Башта айтканыбыздай, автор аталган эмгекти жазууда өтө астейдил урунуп 600 000 хадистин ичинен 7275 сахих хадисти терип китебине киргизген.

   Жамиус-Сахихте хадистер темасына жараша бөлүмдөргө бөлүнгөн. Аталган эмгекке хадис айтуучулардын (равий) ишенимдүүлүгүнө, адамдык мыкты сапатына жараша талаш жаратпаган бышык хадистер тандалып киргизилген. Ар бир хадисте хадис айтуучулардын шакек сымал бири-бирине жалгашкан алкагы уланып олтуруп сөзсүз Алла Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) барып такалат. Андан кийинки аалымдар ал түптөп кеткен усул-эрежелердин негизинде китеп жазып, сахих хадистерди Кийинки мезгилдерде көптөгөн хадис аалымдары чыгып, нечендеген эмгектер жазылса да, эч кимиси Бухарий сымал сактыкты, аярлыкты, тактыкты көрсөтө алышкан эмес. Хадистерди угуудагы жана тандоодогу анын өзүнө таандык кыраакы усулу ага бөтөнчө кадыр-барк алып келген.

   Курандан кийин эле аалымдар тарабынан Исламдын негизги булагы катары кабылданган Бухарийдин эмгеги менен Муслимдин эмгеги «Сахих» деп билинип, бул экөө «Сахихайн» деп аталат. Бухарийдин бул даңазалуу эмгеги тууралуу башка аалымдар түрдүү өңүттөн шархтарды жазышкан. Бухарийдин Жамиус-Сахихтен тышкары «Тарихул Кабийр», Тарихул-Авсат, Тарихус-Сагийр, ат-Тариху фи Марифату руватил хадис ва нуктатил аасаар вас-сунан ва тамйизу сикатихим мин зуафааихим ва тариху вафаатихим, таварихул ансааб, Китаабул кунаа, Адабул муфрад, Рафул ядайн фис-салати, Китабул кираати халфал имам, Халкул аф-алил абаад вар-Раад алал жахмиййа сыяктуу илимге салым кошкон салмактуу китептери да бар.

Башына