Жыйырма төртүнчү сан

Мужахид Йылдыз www.dunyabulteni.net
Малайзияда америкалык калемгерлер тарабынан жазылган Ислам дини жөнүндөгү китептерге тыйуу салынды
Малайзияда Ислам жөнүндө туура эмес маалыматтарды берген диний китептерге тыюу салынды. Бул китептерде негизинен Ислам дини терроризмдин дини катары таанытылып, аялдардын укуктарына багытталган туура эмес маалыматтар жазылган.
"Ички коопсуздук министрлигинин алдында публикациялар көзөмөлүнүн кызматчысы Че Дин Юсохтун айтуусу боюнча, өкмөт 11 басманы (булардын көбү АКШда жарык көргөн) "кара тизмеге" киргизүү боюнча токтом кылган. Анткени алар колго алган маселелерди Исламдын негизги булактарына карама-каршы, туура эмес чечмелеп, түшүндүрүшкөн.
Че Дин Юсох бул маселе боюнча өз ойун төмөнкүчө билдирген: "Бул китептердин кээ биринде Ислам дини келеке алынып, жалган далилдер менен терроризмдин дини катары мүнөздөлгөн. Ошондой эле аталган китептерде Ислам дини аялзатынын укуктарын бузгандыгына да басым жасалган".
Бул китептердин сегизи англис, үчөөсү малай тилдеринде жазылган. Азырынча бул китептердин сатыкка чыкканы, мурда сатылганы белгисиз. www.islam.kg
Рождествону шылтоо кылып...
Немец ММКсы Ислам аалымы Юсуф ал-Кардавийдин рождество жөнүндөгү пикирин элге тетирисинче жеткирип, мусулмандарга каршы кезектеги оюнун ойноду.
Өткөн айда Германиянын эки алп ММКсы, т.а., апталык 'Der Spiegel' журналы менен 'Bild' гезити кезектеги оюнун баштады. Аталган ММКлар Ислам аалымы Юсуф ал-Кардавийдин 11-декабрь күнү жума намазында элге кайрылган кайрылуусун 'Heiligabend-Attacke' (Ыйык Түнгө чабуул), 'Angriff auf Heiligabend' (Ыйык Түнгө кол салуу) деген аталыштар менен жеткиришти.
'Der Spiegel' журналы менен 'Bild' гезити бул сапар Ислам дүйнөсүнүн көзгө басар аалымы Юсуф ал-Кардавийдин сөзүн бурмалап, көпчүлүгү мусулмандар жашаган өлкөлөрдө рождествону христиандарга майрамдатпоого чакырык жасаганын жарыялашты. Алар атактуу аалымыбыздын: «Европада мечиттердин курулушуна тыйуу салынып жаткан чакта, мусулман өлкөлөрүндөгү мусулмандар христиандардын майрамын эмне үчүн майрамдашы керек?! Европанын, Американын бир катар шаарларында жашаган мусулмандар Орозо жана Курман айт майрамдарын мусулман өлкөлөрүндөгү христиандардын рождествону майрамдаганындай майрамдап жатышабы?» деген сөзүн бурмалап, «Ислам өлкөлөрүндө христиандарга рождествону майрамдатпоо кажет» деген мааниде маалымат таркатышты.
Германиянын Вольфсбург шаарында имамдык кызматты аркалап жүргөн Мухаммад Ибрахим 'Der Spiegel' журналы менен 'Bild' гезитинин бул жалган жалаасын четке кагып, маселенин төркүнүн түшүндүрүп берди:
«Юсуф ал-Кардавий 11-декабрь күнү мусулман өлкөлөрүндө жашаган христиандарга рождествону майрамдатпоого карата эч кандай сөз айткан жок. Ал мусулмандарга кайрылып, «мусулман» деген атынын кадырына жетишин, мусулманчылыктарын сакташын, христиандарга таандык рождество майрамын майрамдоодон оолак болуу зарылчылыгын айтты. Ислам аалымыбыз ошондой эле христиандарды, рождествону эч кандай келекеге албастан Христиан дининде Иса пайгамбардын төрөлүшү боюнча ар кандай көз караштар болгондугуна токтолду»
Мухаммад Ибрахим сөзүнүн акырында аталган немец ММКларын провакациялык жалган жалаалардан алыс болууга чакырып, обьективдүү маалымат берүүлөрүн өтүндү. Ошондой эле ал бүтүндөй христиан дүйнөсүн рождество майрамдары менен куттуктап, аларга аруу тилегин айтты.