Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Тиричилик буюмдарынын ачылыш тарыхы
   

Бакыт Жунусалиев

   

   Тарыхта адам баласы татаал жумушун женилдетүү үчүн, анын пайдалуулугун арттыруу үчүн ар кандай ачылыштарды ачып, улам жаңы секириктерди жасап келишкен. Акырындап, аракеттер өз жемишин берип, учурда технологиялык жетишкендиктер адамдарды көптөгөн машакаттуу жумуштан бошотту. Мына ошолордун ичинен биз өзүбүзгө жакындан тааныш болгон кир жуугуч машина менен чаң соргуч машинанын келип чыгуу тарыхына бир аз көз жүгүртсөк.

   Кир жуугуч машинанын ата-теги алгач 1856-жылы официалдуу түрдө катталган. Ал аппаратты ойлоп тапкан америкалык Мур деген киши болгон. Ал сунуштаган аппараттын түзүлүшү төмөнкүдөй: Дөңгөлөктүү жыгач кутунун жарымы жыгачтан жасалган шариктерге толгон. Ага суу куюп кир жуугуч каражатты салып (порошок) салган. Рычагдын жардамы менен шариктер аралашкан да кол менен жуугандай болгон. Америкалык жана Батыш Европалык фермерлер аялдардын жумушун жеңилдетүү үчүн жаңы конструкцины ойлоп табышкан. Чоң бочкалардагы кирлерди үстүнө бекем орнотулган крест түрүндөгү жыгач аралаштырган. Ал эми ал тасма менен атайын айландыруучу механизмге туташкан.

   1900-жылы MIELE&CIE аттуу немистик фирма идиштеги сүттү атайын жыгач калагы менен аралаштыра турган сүт тарткан аппараттарды чыгара баштаган. Карл Милле бул түзүлүштү кир жуугуч машинага колдонуу идеясын ишке ашырган. Андан кийин аны дүңүнөн чыгаруу башталган. Эл арасында мындай кир жуугуч машинага талап чоң болгон. Мына ошондон баштап бул машинанын доору башталган. Ал эми америкалык А. Фишер тарабынан бул машинага «электрдик тетик» ойлоп табылгандан кийин (1910-жылы патенттелген) чыныгы ийгиликке карай жол ачылган. 1930-жылдардан баштап уламдан улам жаңыланып отуруп, учурда ар бир очок ээсинин оң колу болуп калган заманбап керемет-машинага айланган.

Чаң соргуч машине

   XX кылымды Лондондо чаң үйлөгүч машинанын ачылышы болуп жаткан. Аны көргөнү келген адамдар үйлөнгөн чаңдан жөтөлүп башташкан. Ошол учурда эл арасынан Хьюберт Сесил Бут деген адам бул ишти тескерисинче жасоону сунуштаган. Кантип? деген суроого килемдин үчтүндөгү чаңды оозу менен соруп: «мына ушинтип» деп көргөзгөн. Ошентип, чыныгы автору Хьюберт Сесил Бут болгон учурдагы чаң соргуч машинанын алгачкы нускасы 1901-жылы жасалган. Ал бензин менен иштеп кубаттуулугу беш аттын күчүнө барабар болгон, ал эми көлөмү өтө чоң болгондуктан, эшикте турган. Анын үнү да катуу болуп аттарды үркүтүп тургандыктан, талап чоң болгонуна карабастан аны көчөдөн колдонууга тыюу салынган.

   Ошол эле учурда Россияда да чаң соргуч машинанын алгачкы нускалары тажрыйбадан өтүп жаткан. «Чаңдарды тез жана ишенимдүү тазалайбыз!» деген ураан менен атка чиркелген металл цилиндирлүү аппарат россиялык журналдардын бетине чыккан. Бирок, заманбап чаң чоргуч машинанын иштөө принциби XIX кылымда иштелип чыккан. Ал эми XX кылымдын башында A.E.G аттуу немистик компанияда иштеген орус Михаил Добровольский тарабынан көз карандысыз энергиянын булагы катары ага үч фазалуу мотор кошумчаланган. Ал эми америкалык Geier компаниясы тарабынан чыгарылган чаң соргуч машина биринчи жолу үй шартында 1905- жылы колдонулган. Бир метрлик чаң топтоочу баштыкчасы менен көмкөрүлгөн чакага окшогон формадагы жаңыланган түрү 1908-жылы чыккан да, салмагы 50кг дан 20 кг га чейин азайган. Ал эми 1912-жылы швед Аксель Веннер-Грендин сунушу боюнча аба насосу вентиляторго алмашып, салмагы 14 кг га чейин түшкөн.

   Акырындап, кагаз чыпка кошулуп, көлөмү кичирейип, дөңгөлөк тагылып, айтор, кемчиликтери жоюлуп, улам жакшырып баратты. Функциялары да артып, сапаты жогорулап отуруп, 80-жылдардын ортосунда өнүккөн өлкөлөрдүн 97 пайызы күнүмдүк турмушта колдонгон кожайкелердин кайталангыс жардамчысына айланды. Учурда чаң соргуч машиналар заманбап технологиялык жетишкендиктердин баарын өз ичине камтып, жууй турган, абаны чаңдан гана эмес чаң ичиндеги микробдордон да тазалай турган болуп жаңыланып турган чагы.

Башына