Жыйырма төртүнчү сан

Тургунаалы Бокешов Жогорку даражадагы терапевт-доктуру
Бул ооруну ар түрдүүчө атап жүрүшөт. Бирөөлөр «банга» оорусу десе, кай бирөөлөр «мальта калтыратмасы» деп да коюшат. Мальта калтыратмасы деп аталышынын да себеби бар. 1859-жылы Мальта аралында Марстон ошол жердеги калтыратманы оору катары атаган. Бирок 1886-жылы бул дарттын бактериясы айкын болуп, 1904-жылдары бул дарт эчки сүтүнөн адамга жугары аныкталган. Илдет жуккандан кийин адам оорубай бир нече айларга чейин билинбей жүрө берет.
Бруцеллез оорусу алгач адамдын этин ысытып башталат. Медициналык тажрыйбада бул ооруга чалдыккан адамдын эти ысып калтырашы үч айга чейин созулгандыгы да маалым болгон. Калтыроонун мөөнөтү оорулуу адамдын бактерияга каршылык көрсөтүү реакциясынын күчүнө жараша болот. Дарттын өнөкөт формасында кезек-кезеги менен калтырама кармоосу кармай коет. Дартка мүнөздүү белгилерге колу-буттун муундары, бел омурткаларынын оорушу, боордун, көк боордун чоңойушу кирет. Бруцеллез оорусу борбордук нерв системасын бир нече түрдөгү залакаларга дуушар кылат. Кыймыл-аракетке келтирүүчү мүчөлөрдүн, муундарга келтирген залалы нерв системасынын залакасынан кем калышпайт.
Жугуштуу артрит деп аталган оорулардын көпчүлүгү эле бруцеллездун кесепети. Мунун кесепетинен өзгөчө бир оору нейробруцеллез деп аталат. Нейробруцеллезго чалдыккан нерв тарамдары тараган аймакта өтө ооругандыкты сезет. Жүлүндүн жабыркашынан улам буту-колдун алы кетип, кадимки эле шал оорусуна жакындатат.
Дарттын диагнозу кандын составын атайын изилдөө менен коюлат. Мында өзгөчө маани бюрие райта, хедделсон реакциясына берилет. Дарылоо үчүн адегенде антибиотиктер кеңири колдонулат. Андан башка бруцеллезго түздөн-түз таасир бере турган савротка да жардамчылар деп эсептелет. Бир нече убакытка дарылангандан кийин курорттук дарылоого кеңеш берилет. Кыргызстанда Жыргалаң, Ысык-Ата деген курорттор бар. Дартты таратпай алдын алуу чаралары бир нече түйшүктөрдөн турат. Ал эми оорулуу малдарды багып жаткан адамдарга медициналык кызматкерлер тарабынан белгилүү мөөнөттө вакцинация чаралары жүргүзүлөт.
Боюнда бар аялдар бруцеллез оорусуна чалдыкса, көпчүлүк учурда ара төрөө менен бүтөт. Жугуштуу дарттардан сактануу үчүн эң негизгиси санитардык эрежени сактоону унутпоо зарыл.