Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Сурооңузга жооп
   

Чубак Жалилов

   

   - Чубак агай, быйыл ажыга барып келиптирсиз, Алла Таалам ажылыгыңызды кабыл кылсын! Адаттагыдай окурмандарыбыздан кызыктуу суроолоруна жооп алуу үчүн сизге келдик. Аял күйөсү менен ажырашкандан кийин идда мөөнөтүн күтүп олтурбай, азыркы өнүккөн технологиянын жардамы менен боюнда бар-жок экенин аныктап алгандан кийин, эгер боюнда жок болсо, турмушка чыгып кете берсе болобу деген суроого жооп берип койсоңуз?

   - Тилекке каршы, элибизде ушул ажырашуу жана талак маселелери, дегеле шарият тууралуу маалымат өтө аз болгондуктан ушундай суроолор жаралып жатса керек. Ажырашкандан кийин боюнда бар-жогун аныктоо бул аялзатынын иддага (3 этек кири келгенге чейин) отурушунун көптөгөн себептеринин бири болуп эсептелет. Аялзаты эмне үчүн иддага отурат? Биринчи, ошол мурдагы күйөөсүнөн бала болгон-болбогонун билүү үчүн жатындын тазалыгын аныктоо. Экинчиси, канчалаган машакат менен кыйылган никенин урматы деген нерсе бар. Никелешүү үчүн кудалар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт, той күнүн белгилешет, көптөрдү мүшкүлгө салган той болот, иши кылса никени куруу өтө кыйын. Ошон үчүн Жараткан Алланын буйругуна ылайык аялзаты белгиленген мөөнөт ичинде күйөөгө чыкпай турушу керек. Үчүнчүсү толук эркиндикке чыгуу үчүн бир кыйла татаал жолду басууга туура келгени сыңары, эркиндиктин урматы идда күткөнгө мажбур кылат.

   Идданын мындан башка дагы көптөгөн пайдалуу сырлары бар. Аны Жараткан Алла гана билет. Жогоруда айтылгандарды логикага салып туруп жокко чыгарган чакта деле, идданы күтүү Алланын буйругу болгондугу үчүн буйрукту аттап өтүп кетүүгө болбойт. Бул жерде күтүү мезгили ичинде аялзаты парз, важип ибадаттарды кынтыксыз аткаруу менен катар сүннөт, мустахаб амалдарга да басым жасап, Жараткан Алладан эки дүйнөнүн бактылуулугун, жакшы үй-бүлөгө жолуктурушун сурап, көп-көп дуба кылганы абзел. Идданын дагы бир себеби мына ушул.

    Окурманыбыздын жогорудагы суроосу мындай турсун, кээде согончогу канабаган же төрөттөн калган эллүү-алтымыштагы аялдарга да ажырашууга, кайра жаңы турмуш курууга туура келет. Технологиялык жетишкендиктер да, адамдын жаш курагы да Алла Тааланын бул буйругун өзгөртө албайт. Кыскасын айтканда, бул беш маал намаз окуу деген буйрукту үч же эки маалга түшүрүүгө мүмкүн эмес болгону сыңары пенденин ыктыярына берилбей турган маселе.

   - Союз учурунда граждандык актылардын негизинде никеге тургандар, кайрадан шарият негизинде никени кыйдырып алышы керекпи же мурунку никеси жарактуу деп эсептелеби?

   - Биз ал учурда кыйылган никелерди жараксыз деп айта албайбыз. Анткени шариятта талап кылган жаштардын бири-бирине болгон ыраазылыгын граждандык актылар да талап кылат. Ыраазылыктын, документке кол коюнун негизинде алар иш жүргүзөт. Андан сырткары шарият күбөлөрдүн болушун талап кылат. Ал мезгилде да нике күбөлүгү көптөгөн күбөлөрдүн катышуусунда жаңы үйлөнүп жаткан жубайларга тапшырылар эле. Мына ушул эки негизги шарттын кандайдыр бир деңгээлде жүзөгө ашырылганын эске алганда, агезде кыйылган никелерди шарият тараптан жарактуу деп эсептөөгө болот. Бирок, Алла туура жолго салгандан кийин никебизди шарият аркылуу жаңыртып алалы дегендерди биз ар дайым колдоого алышыбыз керек. Даараттын үстүнө даарат алгандай, нур үстүнө нурга тете жагымдуу ишти жасашкан болуп эсептелет.

   - Никаб тагынуу (аялдын жүзүн кошо жаап жүрүүсү) Исламда кандай каралат?

   - Көздөн башка дененин бардык жерин жаап никап тагынуу - бул милдеттүү эмес, тек гана адамдын ыктыярына калтырылган амал. Эгер кимде-ким жүзүн жапкысы келсе, ал өзүнүн эрки. Азыр көчөдө өз эркине жараша уяттуу жерлерин көрсөтүп жарым жылаңач кийим менен жүрүшпөйбү биздин көпчүлүк кыздар, бул ошол сыяктуу эле ыктыярга байланыштуу. Аны биз эмнеге паранжы кийип алдың деп айтканга укугубуз жок, ошол эле учурда шарият буйруган уяттуу жерин жаппай жүргөндөргө да «уяттуу кийим кий» деп айтканга да мыйзам өңүтүнөн укугубуз жок.

   Бирок, никаб-паранжы такканы Исламга залакасын тийгизип, жаман көз карашты жаратып коё турган болсо, андай шартта дин Исламдын пайдасы үчүн никаб такпай, шарияттын чегинде жүздү, колду ачык койгону дурус болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө Батыш өлкөлөрүндө никап тагынуу аялдын өмүрүнө да коркунуч жарата турган болуп калды. Ошол себептен мындай ыктыярдуу амалдарды аткарууда андан да маанилүү нерселерге зыяны тийип калбагыдай, абалды жакшылап талдаган соң, жети өлчөп бир кесип дегендей, анан кадам таштаган дурус.

Башына