Жыйырма төртүнчү сан

Аднан Мемдухоглу
Теология илимдеринин доктору
Коомдун өзөгү – бул үй-бүлө. Үй-бүлөлөр канчалык бекем болсо, коомчулук да ошончолук бекем болот. Күчтүү коомчулук күчтүү үй-бүлөлөрдөн куралат. Ал эми күчтүү үй-бүлөлөр негизинен руханий тарбия көргөн аялзатынын эмгегинен жаралат.
Бүгүнкү күнү маалымат алуунун мүмкүнчүлүктөрү ар тараптан кеңири кулач жайды. Тилекке каршы, айрыкча диний багытта ишенимдүү болгон-болбогону иликтелбей жайылган айрым бир калпыс пикирлер орчундуу көйгөйлөргө себеп болууда. Анын ичинде мусулман аялзатына таңууланган айрым бир туура эмес маалыматтар бүгүнкү күнгө чейин ар түрлүү көйгөйлөрдү жаратып келет.
Негизи он төрт кылымдык Ислам тарыхына назар салуу менен мусулман үй-бүлөсүнүн кемчиликтерин бетке кармап, Ислам дининин аялзатына жана үй-бүлөгө болгон көз карашынын чолок болгондугун түшүнүү туура эмес. Ошондуктан маселенин теориялык жагын да, практикалык жагын да карап, ага ар тараптуу, тең салмактуу баа берүү абзел.
Ардактуу Пайгамбарыбыздын дооруна карек оодарганыбызда, мусулман үй-бүлөсүнүн пайдубалы бекем курулгандыгына күбө болобуз. Бул учурда мурунку доордогу үй-бүлөлүк жакшы көрүнүштөр ошол бойдон кабыл алынып, ал эми аялзатын төмөн түшүргөн, ар-намысын кордогон, үй-бүлөгө залакасын тийгизген жат көрүнүштөр четке кагылып, үй-бүлө бейпилдиктин, бакыттын, урмат-сыйдын жана аруу сүйүүнүн түнөгүнө айланган.
Ислам дини аялзатынын ар-намысын, абийирин жана укугун коргоо менен анын даражасын, кадыр-баркын көтөрүп койгон. Ислам дини боюнча, аялзаты мээримдүү, боорукер, урмат-сыйга, жылуу мамилеге татыктуу асыл жан.
Ислам тарыхына назар салганыбызда, пайгамбарлык милдетти моюндаган акыркы Пайгамбарга (саллаллаху алейхи васаллам) эң биринчи арка-жөлөк болуп, анын пайгамбарлыгына эң биринчи ишенген зат – аялзаты болгон. Ардактуу азирети Хадижа (Алла ага ыраазы болсун). Ошондой эле Ислам жолунда эң алгачкы жолу шейит кеткен жан дагы аялзаты болгон. Ал Аммар аттуу сахабанын энеси азирети Сумаййа эле. Азирети Сумаййа (Алла ага ыраазы болсун) Меккеде Ислам динине киргендердин алгачкыларынан болуп, адал жол үчүн бутпарастардын азап-тозогун көрүп, шейит кеткен.
Ыйык Куранда «Ниса» (Аялдар) деген аталышта 176 аяттык узун бир сүрө, ошондой эле «Мариям» делген азирети Иса пайгамбардын энесинин атынан коюлган өзүнчө дагы бир сүрө бар. Булардан сырткары «Нур», «Ахзаб», «Мумтахина», «Тахрим» жана «Талак» сыяктуу сүрөлөрдө аялдарга тиешелүү ар кайсы маселелер жөнүндө маалыматтар берилген.
Ислам дининде аялзаты үй-бүлө коломтосунда балага эң негизги тарбияны берген алгачкы мугалим катары каралат. Баланын тарбиясы, өсүп-жетилиши, кичинесинен жакшы адаттарга көнүшү жана пайдалуу маалыматтарды алышы өңүтүнөн эненин орду өзгөчө мааниге ээ. Ата негизинен үй-бүлөнүн каржылык маселесин камсыз кылуу максатында өмүрүнүн көбүн сыртта өткөзүп, балдары менен кенен-кесири алек боло албайт. Мына ошондуктан баланы эне чоңойтуп, ага тарбия берет. Ырас, пайгамбарлар, аалымдар, олуялар, нечелеген залкар инсандардын бардыгы үлгүлүү энелердин кучагында чоңойушкан.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) такыбаа аял үй-бүлөнүн бейпилдигин сактап туруучу жан болгондугуна ишарат жасап: «Жараткан Алла кимге жакшы жубай насип кылган болсо, ага дининин жарымын коргошуна (б.а., ыйманына, ар-намысына бекем болуп, абийирин сакташына) жардам бериптир. Андыктан ал дининин экинчи жарымын өзү коргоп алсын да, Алладан корксун!» дейт.
Ислам тарыхын кийинки учурлары менен кошо иликтелген чакта адамзатына жол көрсөткөн, мусулмандардын сыймыгы болгон Ислам аалымдарынын арасында аялзатынан чыккан аалымдар да өзгөчө орунду ээлегендиги ачык-айкын көрүнөт. Маселен, аялзатынан чыккан атактуу аалымдар жөнүндө жазылган Каххаланын: «Алаамун-нисаа» аттуу эмгеги сыяктуу китептерден мунун мисалдарын окуй алабыз. Бирок тилекке каршы, булар коомчулукка жеткиликтүү түрдө таанытылбай калгандыктан Исламды жаманатты кылгысы келген айрым бир адамдар Исламда аялдардын илим алышына өзгөчө маани берилбегендигин айтып чыгышкан.
Азирети Пайгамбарыбыз Исламды элге жайуу учурунда аял-эркек деп бөлбөгөнүн, ошондой эле анын адал жолго үндөгөн чакырыгына эң биринчи жолу аялы оң жооп бергенин билебиз. Ислам дини - жеке эркекке же тек гана аялга эмес, бүтүндөй адамзатына ыроолонгон улуу мыйзам. Аялзаты коомдон сырткаркы жан эмес. Ыйык Куранда маалымдалган адамзат тарыхына тиешелүү үлгүлүү окуялардан эркектер да, аялдар да катачылык кетиргендигин байкасак болот.
Ыйык Куранда жана куттуу хадистерде аялзатынын да, эркек адамдын да укук-милдеттери ачык-айкын маалымдалган. Куранда аял менен эркек бири-бирин толуктап, бирине-бири арка-жөлөк болуу үчүн жаратылгандыгы жөнүндө: «...Алар силердин, силер алардын кийимисиңер...» (Бакара сүрөсү, 187-аят) делет.
Сөзүбүздүн акырында Ислам жаңы келген учурда мурунку караңгы коомдогу аялдын орду өтө төмөн болгондугун, ал эми Ислам дини аялзатына адам катары мамиле жасап, анын кадыр-баркын жогору көтөргөндүгүн жана чыныгы мусулман үй-бүлөсү «ыйман» деген бекем пайдубалдын үстүнө курулгандыгын толук кандуу түрдө айта алабыз. Ошону менен бирге мусулман коомчулуктарындагы жаңылыш түшүнүктөрдөн, калпыс үрп-адаттардын таасиринен улам айрым бир салттар Ислам динине таңууланып, аларды билип-билбестен Исламдын салты катары кабыл алдырууга аракеттер көрүлүп жатат. Биздин бул жердеги эң негизги милдетибиз маселенин төркүнүн элге так, даана жана түшүнүктүү тил менен жеткирүү болуп эсептелет. Биз чындыкты айтуу менен жаңылыш нерселерден арылуунун жолун көрсөткөн болобуз.