Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Ислам илим маданиятынын Европага тийгизген таасири
   

Нур Саралаев

Философия илимдеринин доктору, профессор

   

    «Цивилизация» сөзү латын тилинен которулганда «атуулдук, мамлекеттүүлүк» дегенди түшүндүрсө, экинчи жагынан маданияттын синоними. Цивилизация түшүнүгү илимий аппарат катары 18-кылымдарда француздар тарабынан акыл-эс жана чындык түшүнүктөрүн тактоо үчүн колдонулган. Кийинки кылымдарда немис жана орус (Батышта жашаган) окумуштуулары цивилизация түшүнүгүн илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонуп, анын ар кандай типтерин (грек-рим, индеец ж.б. цивилизациялар), өнүгүү деңгээлдерин аныктоого аракет кылышкан. Натыйжада Батыш жана Чыгыш цивилизациялары деген карама-каршы философиялык, социологиялык, тарыхый концепция пайда болгон.

   Ушул мезгилге чейин Батыштык окумуштуу-изилдөөчүлөр Чыгыш цивилизациясынын пайда болушу жана калыптанып, өсүп-өнүгүү тарыхына башкача мамиле жасап, «бул элдерде өтө жогорку баскычтагы маданият болгон эмес, себеби алардын жарымы жер иштетүүчүлүк менен алектенсе, калганы көчмөн болуп талап-тоноп, өнүккөн башка элдердин экономикалык-маданий абалын талкалаганга жетишишкен» деген илимий аныктоого (теорияга) туура келбеген ойду айтып, жактап келишет.

   Бирок, тарых – жогорудагы логикалык тыянакка жол бербейт. Өткөн тарыхка карап ой салсак, ким кимдин таасири астында ушул учурга келген деген суроо туулат. Батыш элдери Чыгыш элдери сыяктуу бардык тарыхый формацияларды басып өткөнбү? Мисалга Батышта алгачкы жана кул ээлөөчүлүк доор болгонбу? Болсо, эмне үчүн Батыштагы улуттардын көпчүлүгүнүн тарыхый башталышы Орто кылымга дал келет. Мындай контрсуроолор жана тарыхый аргументтер чексиз.

   Батыш цивилизациясынын калыптанышында мусулман элдеринин тийгизген таасири өтө чоң. Ислам цивилизациясы Аббасиддердин династиялык доорунда болуп көрбөгөндөй илимий-маданий өнүгүүгө жетишип, Батышка Андалузия (Испания) аркылуу (француздарга, немистерге, португалдыктарга ж.б. элдерге) толеранттуулук принциптеринин негиздеген жогорку маданиятын таркаткан. Пайгамбарыбыздын хадистеринде илим жана окумуштуулук өтө жогору баалангандыктан философия, химия, математика, геометрия, астрономия, медицина илимдери өнүккөн. Орто кылымдагы ислам окумуштуулары гректердин жетишкендиктерин жөн эле көчүрүп алган эмес. Грек цивилизациясынын жакшы жактарын алып, башка деңгээлдеги, субмаданиятты калыптандырышкан, ал Ислам маданияты.

   Ислам маданиятын өнүктүрүп жана таркатууда халифтер Харун ар-Рашиддин («Миң бир түн» чыгармасынын бирден бир катышуучусу); аль-Мамундун эмгектерин Батыштын прогрессивдүү көз караштагы окумуштуулары өтө жогору баалаган жана баалап келет.

   9-11-кылымдарда Багдад, Басра шаарлары Ислам маданиятынын очокторуна айланып, ал жерлерде «акылмандар үйү» (байт ал-хикам), «илимдер үйү» (даар ал-илм), китепканалар (хизанат ал-хикма) ачылган. Ошол, акылмандар үйүнүн башында жердешибиз Фараби туруп, өзүнүн демилгеси менен «котормочулар бюросун» түзгөн. Грек тилинен араб тилине которуу оңойго турган эмес жана гректердин бардык илимин эле которо бербей, мусулман калкынын күнүмдүк жашоосуна керектүүсүн кана которушкан. Аларга медицина, астрономия, геология, астрология, логика, музыка, философия кирген. Грек адабияты жана мифологиясы мусулман окумуштууларын кызыктырган эмес. Котормодо сириялык окумуштуулардын өзгөчө салымы бар. Себеби сириялыктар агезде гректердин колониясы болгон. Грек илими элден мурун сирия тилине которулуп, андан кийин араб тилине оодарылган. Гиппократтын медицинасы, Аристотель, Платондун философиясы, Эвклидин геометриясы, Архимеддин механикасы, Птоломейдин астрономиясы, Пифагордун астрологиясы мусулман элдерине кеңири которулган. кийинчерээк булардын эмгектери Батыш элдерине таркаган. Эгерде орто кылымдагы мусулман окумуштуулары болбогондо, Европа элдери грек илимпоздорунун эмгектери менен таанышат беле? Мүмкүн дагы, мүмкүн эмес дагы.

   Ислам маданияты күркүрөп өсүп турган мезгилде Европа эли ойгоно элек болгон. Алардын цивилизацияга кирген доору 14-кылымдан башталат. Бүгүн Европалыктар алты кылымдын ичинде эмнеге жөндөмдүүлүгүн адамзаттын алдында ачык жана так көрсөттү.

    Кандай болгон күндө да, «крестүүлөрдүн жортуулу» деп аталган жүрүштөрдүн учурунда «освобождения гроба господня» деген нерсе болгону жөн гана шылтоо болгон. Чыныгы максаты – мусулман цивилизациясына каршы агрессия болгон.

   Акылман халиф ал-Мамун дүйнө таанымдын бирден бир руханий булагы бул китепкана деп эсептеп, маданий борборлордо, мечит, медреселерде китепканаларды ачууга уруксат берген. Мисалы тарыхта мындай деп айтылат, Испанияда 70 китепкана болгон, 400 жыл өткөндөн кийин Карл Великий китепкана ачкан, бирок китеп чогулта алган эмес. Марокконун султанынын китепканасында 400 миң даана китеп болгон. Халиф Испаниядан алып кетип жатканда атайын корабль дайындаткан. Бирок ал вандалдардын колуна түшкөн. Ал китепкананын негизинде испаниянын королу Филип 3 (1598-1621) өзүнүн Скориол китепканасын түзгөн.

   Кийинчерээк Филип 3 Скориол китепканасынан аль-Харездин «Мафатихуль-Улум» (Ключ к наукам) Фахриддин Разинин «Джам-уль-Улум» (Свод наук), Амул-и Кашшаффтын «Нафаис аль-Фунун» («Ценности наук») ж.б. чыгармалары табылган.

   Математика илимин өнүктүргөн аль-Хорезми, Омар Хаям, Сабит ибн Курр, Насриддин Туси, Бируни европалыктарга Фермиге, Лобачевскийге чейин эле «алгоритм», «алгебралык теңдемелерге» «үч бурчтуктун аянтын эсептөө» теоремаларына өзгөртүүлөрдү киргизген.

   Медицина илиминдеги мусулман окумуштуулары тарабынан ачылган жетишкендиктер чексиз. Мухаммад ибн Мансур өзүнүн «Нураль-Айюн» («Свет очей») Закария Рази «Хави» («Всеохватывающий») эмгектеринде көз оорунун себептерин ачкан.

   Али ибн Аббас Ахваси Маджусинин «Камел ус-Санаа» («Совершенное искусства» Европа тилинде «Haly Abbac»), Ибн Синанын «аль-Канон» (Каноны врачебной науки) чыгармалары Европа жогорку окуу жайларындагы эң жакшы окуу куралы болуп эсептелип, 17-кылымга чейин 20 жолу басылып чыкса, башка окумуштуулар Ибн Рушд оспа менен ооруган адам экинчи оорубас теориясын, Ибн аль-Хатаб Андалуз «Таун» (Чума) чуманын пайда болуш себебин аныктаган. Булардын эмгектери 1588-жылдан тарта Франциянын, Германиянын, Англиянын жогорку окуу жайларында атайын окуу куралы катары окутула баштаган. Медицина илими менен катар фармакология дагы өнүгүп, шаарларда дарыканалар ачылып, фармакология боюнча илимий иштер жазылган: Бируни «Сайдана» («Аптека»), Ибн Телмиз «Муджаз» («Справочник фармакологии») , Ибн Байтар Малахи «Аль-Джам филь-Адвия» («Общие сведения о лекарствах»), Ханин ибн Исхак грек фармакологу Галендин китебин сирия тилине которгон. Мусулман фармакологдору 1450дөн ашык дары чөптөрдү изилдешкен. Анын ичинен 300ү батыш фармакологдору үчүн жаңы болуп эсептелген.

   Халифтер жана окумуштуулар мурунку цивилизациянын убагында өнүккөн илимдерди чаржайыт эле ала бербей аларга практикалык-чарбалык, соода иштерге гана керектүүсүн алган. Алардын ичинде астраномия да бар. Себеби Ибн Кара, аль-Батани жылдын узактыгын, күндүн абалын жана кыймылын, Абу Машар Балхи китебинде «Аль-Мадхал аль-Кабир («Великое вступление») жаратылыштын өзгөрүү шартын аныктаган. Бул китеп 1130-жылы латын тилине которулган. Белгилүү окумуштуу Фаргани Нилдин ташкынынын жана суунун деңгээлин өлчөп туруучу атайын поршень ойлоп тапкан. Ибн Хеймал Басринин оптикасы, жарык теориясы, чагылуу закону, дифракция жана интерференция теориялары Европанын астрономдору Роджер Бэкон менен Кеплердин окумуштуу-изилдөөчү болуп калыптануусуна өбөлгө түзгөн. Р. Бэкон, Кеплер эмгектеринде Ибн Хеймалдын ордун жогору баалагандыгы илимде белгилүү.

   Батыш окумуштуулары Налино (Италия), Караду (француз) жогоркулардын эмгектерине комментарий жазса, Сотер: «Араб математиктери жана астраномдору» деген китебинде астрономия боюнча үч китепке жогору баа берген. Алар төмөнкү китептер болгон: Абд ар-Рахман Суфинин (10-к.) «Сувар аль-Кавакиб» («Фазы круговорота звезд»), ибн Юнустун (11-к.) «Зидже Хакеми» («Свод астрологических таблиц»), Казизаде Руми жана Гияс ад-Дин Жамшиддин «Зидже Улугбек» («Свод астрологии Улугбека») аттуу эмгектери.

   Белгилүү ислам химиги Жабар ибн Хаян 8-кылымда (европалыктарча «Севеч») эле химия илиминин атасы деген атка конуп металдын пайда болуу, күйүү, бууланыш, кристаллизацияланыш теориясын, октун, компастын жасалышын ачып согуш техникасында төңкөрүш жасаган. Ал эми Европалыктар ушул мезгилге чейин октун жасалышын Роджер Бэконго ыйгарып келет.

   8-кылымда жашаган географ Ибн Хордадбектин «Аль-Масалик валь-Мамлек» («Дороги и страны»), 12-кылымдагы Идрисинин «Назхат ал-Муштак» («Чистота жаждущих») китептеринде Индия, Кытай, Корея жөнүндө кеңири маалымат берилип, Атлантика океанынын жээгиндеги кара терлүү уруулардын жашоо турмушу жазылат. Бул маалыматтар Христофор Колумбанын, Америго Веспуччинин, Маггеландын жаңы материктерди ачышына түрткү берген.

   Мусулман окумуштуулары Ислам дининин пайда болуш тарыхын, адам баласынын коомдогу ордун эле аныктабастан, башка элдердин динин, диний китептерин өздөштүргөн. Ибн Кутайба Динавари өзүнүн, «Китаб ал-Маариф» («Книга познания») китебинде Тоорат жөнүндө талдоо жүргүзүп, Матфейдин, Марктын, Луканын, Иоаннанын Евангелиядагылары айтылса, 10-кылымда Абу Али Балами Евангелияны араб тилине толук которгон. Орто кылымдагы Батыш Христиан философу Фома Аквинский жана Византия Исламды бурмалоо менен Европа элине таркатып, крестүүлөрдүн жүрүшүнө (Крестовый походко) идеологиялык жактан өбөлгө түзүп берсе, мусулман окумуштуулары Христиан динине каршы андай аракеттерди жасашкан эмес.

   Ислам маданиятынын калыптанып, өнүгүүсүндө башка илимдер сыяктуу эле мусулман философиясы батыш философиясынын негизделишине түрткү берип, кайталангыс мүнөзгө ээ. Мурунку жана азыркы Европа философторунун мусулман философиясы бул грек философиясынын араб тилиндеги котормосу деген көз караш туура эмес. Ибн Сина, Ал-Фараби, ал-Кинди, Ибн Рушд, Ибн Туфайл, Ибн Баджи, Ашари, Зайнаддин Сави, Ибн Араби, Ибн Таймий, Абуль-Баракат Багдади, ал-Газали, Сухраварди, Шамсад-Дин Шахр Зури, Кутб ад-Дин Ширази, Оши, Фаргани, Ибн Халдун, Карим Шахрастани, Туси, Рази, Юнус Эмре, Жусуп Баласагын, Молдо Садр, Ибн Казвинин эмгектеринде Платондун, Аристотельдин чыгармаларын которуп эле тим болбостон, алардыкынан ашкан философиялык идеяларды, концепцияларды Кантка, Гетеге, Маркс, Энгльске ж.б. корифейлерге чейин эле илим жолуна салган. Мисалга философия ж.б. илимдердеги материя, кыймыл, мезгил жана мейкиндик проблемаларын Ибн Синанын «Даниш Намэ» чыгармасында каралышы, кыймылдын, анын формасынын аныктамасынын Ибн Сина менен Энгельстин аныктамасындагы окшоштуктар ким кимден көчүргөн деген суроо туулат. Же болбосо философиянын дүйнөдөгү экинчи атасы Фараби акыл (аль-акл) проблемасын изилдеп аны классификацияласа, ошол эле акыл проблемасын Кант, Декрат, Лейбниц изилдеп Фарабиден алыс кете алган эмес.

   Мусулман философиясы башка элдердин философиясындай эле коомдук өнүгүштөгү жалпы адамзат цивилизациясынын бир этабы. Кайсыл эл бар, мифтик, диндик көз караштардан алыс жашаган, же болбосо илимий-маданияты түптөлгөн. Бул өзүнчө бир чоң проблема. Көчмөн болгонбу, отурукташканбы, кеп анда эмес, бир элдин өзүнүн азыркы цивилизациясынын түптөлүшүндө орду жана эмгеги бар. Деги адам баласынын цивилизациясы кайсы элде, жерде пайда болгон? Суроо көп, бирок так жооп аз.

   Чыгыштын, өзгөчө мусулмандардын Европа цивилизациясына тийгизген таасирлерин кең мааниде кароо абзел. Европалыктар мусулмандардан Карл Великийдин тушунда көп эле көрүнүштөрдү уурдаган. Карл Великий медресеге, анын функциясына карап университеттерди ачтырган: Италиядагы Салерно, Франциядагы Шартр, Болонье, Монпелье, Англиядагы Оксфорд университеттери. Бирок бул университеттер өзүлөрүнүн базасы жагынан бир эле Багдаттагы Низамия медресесинен аша алган эмес. Мусулман поэзиясынын Европа калкына өзгөчө Гетенин, Шекспирдин, Даниеля, Дефонун, Гельдерлингдин, Гессенин, Сервантестин, Майкл Скоттун, Дантенин, Раймон Лавалледвен, Пушкиндин, Лермонтовдун, Есениндин, Пастернактын, Блоктун, А. Ахматова ж.б. чыгармаларына тийгизген таасирлерин өзүлөрү (авторлор) чыгармаларында, күндөлүктөрүндө танбай эле ачык жазып жатышпайбы. Адабияттын жана поэзиянын батышка таркатууда Фридрих 2-нин орду чоң.

   Мусулман илиминин Европада таркашы алардын сөздүгүнүн өсүп-өзгөрүшүнө алып келген ал-Кимийа (химия), ал-кухул (алкоголь), ал-джабр (алгебра), джаграфийа (география), дамешки (дамаск), тарифа (тариф), базар (базар), диван (диван), газель (газели), махзан (магазин), карван (караван), бейт (бейт), хазана (казына), амир ал-бахр (адмирал) бариджа (баржа), хабл (кабель), би-хакк ар-ривайа (бакалавр), сабун (фр. savon, ит. sapone, исп. jabon,).

   Мусулман калкынын дүйнөлүк цивилизацияга, анын ичинен Европага тийгизген таасирин тактоо иши алигиче аяктай элек. Азыркы учурда цивилизациянын технология менен байланышкан этабы өркүндөтүлүүдө.

   Бул макалада мусулман калкынын ат көтөрө алгыс ишмердигинин чети эле айтылды.

Башына