Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Астрономия илиминин алпы Ибрахим Хаккы
   

жусупов Алмаз

   

   Ибрахим Хаккы 1703-жылы Түркиянын Эрзурумуна караштуу Хасанкале деген жерде жарык дүйнөгө келген. Атасы молдо Осмон муршид-устат издеп, Тилло деген жерге келип, даңазалуу устат Исмаил Факируллахты таап, андан илим алат. Атасынын артынан Ибрахим абасы Али менен Тиллого келет. Илим жолуна түшкөн Ибрахим Хаккы Исмаил Факируллахка шакирт болуп, ошол мезгилдин шарттарына ылайык диний жана так илимдерди жогорку деңгээлде өздөштүрөт. Дээринен илим алууга абдан дилгир болгондуктан дин жана так илимдердин өтөөсүнөн чыгып, «Зулжанахайн», б.а. «кош канаттуу» деген наамга татыктуу болгон.

   Залкар ойчул Ибрахим Хаккы хадис, Ислам укугу-фикх, суфизм, адабият, психология, социология, медицина, астрономия жана башка илимдер боюнча терең билим алууга жетишкен. Чыгыштын сыймыгына айланган бул аалымдын Ислам ааламына, дегеле адамзат дүйнөсүнө калтырган баалуу эмгектери анын илимге кошкон опол тоодой зор салымын айгинелеп турат. Бул инсан Ислам динибиздин беш парзынын бири саналган ажылыкка үч ирет барып келген.

   Ибрахим Хаккы 1758-жылы Стамбулга барат. Бул барышында атайын чакыруу менен Осмон мамлекетинин падышасы I Махмуд менен жолугушуп, Исмаил Факируллахтын саламын айтат. Ошентип жазмышка ылайык Ибрахим Хаккыга илимди дагы тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүк жаралып үлкөн мамлекет ордосунун китепканасынан орун берилет. Бир канча жылдан кийин кайрадан кичи мекенине кайтып, 1780-жылы 77 жаш курагында одүйнө салат. Сөөгү көзү тирүүсүндө устатына арнап космографиялык өзгөчөлүктө салган күмбөзгө, устатынын жанына коюлган.

   Ибрахим Хаккы жашаган жана зор эмгектерди калтырып кеткен Тилло тээ байыртадан ушу бүгүнгө чейин илим менен маданияттын орчундуу ордосу болуп келет. Дүйнөгө таанымал нечелеген олуя-аалымдар чыккандыктан эл бул аймакты «илимдин жана олуялардын бешиги» деп да аташкан.

   Ибрахим Хаккы өмүрүндө 58 китеп жазган. Бул китептер биринен-бири маанилүү болуп, алардын эң эле салмактуусу, орчундуусу «МАРИФАТНААМА» аттуу эмгеги болгон. Бир мезгилдерде Чыгыштагы жана Батыштагы бир нече илим борборлорунда атайын сабак катары окутулган «Марифатнаама» - терең мазмундуу энциклопедиялык мүнөздө болуп, математика, астрономия, физика, химия сыяктуу так илимдер менен катар социология, психология, физиология сыяктуу табигый илимдер жөнүндө маалыматы бар китеп. Андан бери нечен кылым көөнөрсө да, андагы бардык маалыматтар бүгүнкү күндө да актуалдуулугун сактап келет. Маселен, жердин тартылуу күчү, атомдук түзүлүш, атмосфера менен гидросферанын пайда болушу жөнүндөгү маалыматтар бүгүнкү күндүн технологиялык жетишкендиктеринин жардамы менен алынган маалыматтардан эч кандай айырмасы жок. Ошондой эле күн системасы, жылдыздар, космос жана ааламдын түзүлүшү, планеталар, асмандагы ар кандай жараяндарды (процесстерди) иликтеген космография жана астрономия жаатында өз доорунун аң-түшүнүгүнөн алдыга кеткен жана көп ачылыштарды кучагына алган жыйырма биринчи кылымдын илимпоздоруна пайдасы тийе турган баалуу эмгек.

   Ибрахим Хаккынын Ислам маданиятына, айрыкча, дин жана табигый илимдерге кошкон салымы опол тоодой салмактуу да, маанилүү. Сөзүбүз куру болбосун үчүн анын астрономия жаатындагы эмгектеринен мисал бере кетели:

Шоола кубулушунун пайда болушу

   Ибрахим Хаккы өз эмгектеринде табигый илимдерди жөнөкөйлөштүрүп, жатык тил менен түшүндүргөн. Ошондой эле ал өзү ойлоп тапкан аспап-куралдардын жардамы менен теорияны тажрыйба аркылуу даана көрсөтө алган. Буга мисал катары устаты Исмаил Факируллахка арнап курдурган күмбөзгө Күн шооласын илимий чеберчилиги менен алып киргендигин көрсөтсөк болот. Анын бул ажайып эмгеги астрономия жана архитектура билим жаатында ажайып таң калууну жараткан.

    Сүрөттө көрүнүп турган күмбөздүн бир даана чоң, эки даана кичинекей куполу бар. Күмбөздүн сегиз кырлуу болуп, бир далиси, эки бөлмөсү бар. Бийиктиги он метр.

   Жыл сайын күн менен түн теңелген 21-март күнү жаңырган жылдын алгачкы күнү күндүн шооласы бейитке тийип турат. Тиллонун 3-4 чакырым чыгыш тарабындагы дөңсөөнүн үстүнө Ибрахим Хаккы тарабынан «Калатул уст» аттуу там курулган. Кылайып жаңы гана чыккан күндүн алгачкы шооласы мына ошол дубалдын учуна орнотулган 40-50 см өлчөмүндөгү терезеден куполдун терезесине чагылып, андан агылган шоола күмбөздүн терезеси аркылуу Исмаил Факируллах устаттын бейитинин баш жагына түшүп турат. Илимдин залкары Ибрахим Хаккы бул эмгек тууралуу: «Жаңырган жылда чыккан күндүн алгачкы шооласы устатымдын бейитине тийбесе, жегеним аш болбос» деп устатын канчалык деңгээлде сыйлаарын билдирген. Көзү өткөн соң өзү да ошол күмбөзгө коюлган. 1963-жылы күмбөздү реставрациялоо учурунда көптөрдүн оозун ачырган шоола системасы бузулуп калган. Ошондон бери көптөгөн окумуштуулар, илимпоздор канчалык аракет кылбасын, аны мурунку калыбына келтире алышкан эмес.

   Илим залкарынын жазган китептери, тажрыйба жасап көрүү үчүн өзү ойлоп тапкан илимий аспап-куралдары, турмушта колдонгон керектүү буюмдары бүгүнкү күндө Тиллодогу музейинде сакталып турат.

Жер шарынын глобусу

   Устат өз колу менен жасаган бул глобуста жер шары 23,5 градуска ийилип тургандыгы, андагы меридиан, паралел сызыктары, мезгилдердин жараяны жана башка зарыл маалыматтар берилген.

Асман телолорун изилдеген куралы

   Муну менен жылдын мезгилдерин, маанилүү жылдыздарды жакындан аныктап изилдөөгө мүмкүн болгон. Ибрахим Хаккы бул куралын колдонуп асман экватору менен саман жолун так, даана айырмалап, бул эки мейкиндик бириккен кезде күн менен түндүн теңелгендигин байкаган.

Рубул мукантарат

   Бул аспап жылдыздардын жайгашкан жерлерин аныктайт. Рубул мукантарат ошол эле маалда төмөнкү «рубул мужаййиб» аттуу аспаптын кызматынын баарын аткара алат.

Рубул мужаййиб

   Бул Күндүн Жерден канчалык узакта экендигин аныктаган курал. Мунун бир бурчунда жипке байлануу салмоору болот. Изилдөөчү бул куралды бурч жагынан Күнгө багыттап караган кезде ошол салмоорго туш келген жердеги сан күндүн алыстыгын көрсөтөт.

Ибрахим Хаккынын кутучасы

   Ибрахим Хаккы буга циркуль, калем, сыя сыяктуу геометриялык куралдарын салган. Ал муну белине ороп алып, дайыма чогуу ала жүргөн. Ибрахим Хаккы муну өз колу менен жасаган.

Аса ментеке

   Ибрахим Хаккы устат муну асманга назар салуу учурунда ээктин алдынан башка жөлөк кылуу, башын таяп эс алуу, ойлонуу максатында пайдаланган. Ошондой эле аса таяктын баш жагындагы тешиктен жылдыздарга бир-бирден карек оодаруу үчүн да колдонгон.

Устурлаб

   Астрономиялык бул куралды дагы Ибрахим Хаккы ойлоп тапкан. Устат муну менен жылдыздардын ордун дайындап, алардын Жерге чейинки аралыгын өлчөгөн. Ошондой эле муну менен мезгилдердин убагын, беш маал намаздын убагын аныктап, кыбыланын багытын табууга, тээ алыстан эле аска-тоолордун бийиктигин, дайралардын туурасын, алтургай кудуктун тереңдигин өлчөөгө да мүмкүн болгон.

Башына