Жыйырма төртүнчү сан

Шамшидин Маматкулов
Бул дүйнөдө ар бир адам бактылуу жашоону самайт. Ал эми бактылуулуктун башаты болсо эмгектенүүдө жатат. Анткени, айрым адамдар үчүн бактылуулук кандайдыр бир деңгээлде материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болууга көз каранды. Адамдын материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болуусу үчүн ал адамдын эмгек кылуусу, иштөөсү керек. Кылымдарды карыткан кыргыз элинде да «иштебеген тиштебейт» деген ары кыска, ары нуска накыл сөз бар.
Пайгамбарлар баш болуп, бардык улуу инсандар эмгектенүүгө, өз мээнет терин төгүп иштеп жан багууга аябай маани беришкен жана алардын ар бири ар кандай кесипти аркалашкан.
Маселен, Адам (а.с.) дыйкан, Идрис Пайгамбар чебер (тикмечи), Нух (а.с.) жыгач уста, Ибрахим Пайгамбар токуучу, Давуд (а.с.) темир уста, Жакып Пайгамбар кербенчи, Закариййа Пайгамбар менен Азирети Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) болсо соодагер болушкан. Улуу Ислам аалымдарынан Имам Азам Абу Ханифа да соодагер болгон.
Ислам дини эмгектенүүнү нафил ибадаттардан өйдө койгон.
Бир күнү Иса Пайгамбар (а.с.) дайыма ибадат менен алектенип, ибадатканадан чыкпаган бир кишиге жолугуп калып, андан: «Эмне иш кылып жан багасың?» – деп сурап калат. Ал киши: «Ибадаттан башка ишим жок», – деп жооп берет. Иса Пайгамбар (а.с.) ал кишиден кызыга: «Анда ким сени тамак-аш менен камсыздап турат?» – деген суроосун узатат. Жанагы киши: «Албетте, бир тууганым», – деп жооп берет. Бул жоопту угар замат Иса Пайгамбар: «Андай болсо бир тууганың сенден да көбүрөөк ибадат кылат турбайбы», – деп айткан.
Бир жолу Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллааху алейхи ва саллам) Табук сапарынан кайтып келе жаткан кезинде Саад бин Муааз (р.а.) деген сахабага жолугуп калып, анын чор болгон колдорун көрүп, колдорунун эмне себептен чор болгондугун сурайт. Саад бин Муааз: «Бала-бакырамды багайын деп курма багымда иштеп жаттым эле», – деп жооп бергенде, Мухаммед Пайгамбар ал сахабанын колун өөп: «Мына бул колдор – Алла Таала сүйгөн колдор», – деп айткан.
Ислам дининде жалкоолук, тилемчилик жана башка бирөөгө жүк болуу деген нерсе жок. Азирети Умар (р.а.) өз сөздөрүнүн биринде: «Эч кимиң үйдө жатып алып: «Оо, Жаратканым! Мага мол ырыскы бере көр!» – деп жалкоолонуп, даяр тамакты күтпөсүн. Анткени, асмандан алтын менен күмүштүн жаабай тургандыгын баарыңар жакшы билесиңер», – деп айтканы бар.
Эмгектенүү – Алла Тааланын пенделерине немат катары берген (кара) күчтү, акылды, жөндөмдүүлүк менен мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу адамдын күнүмдүк турмушундагы муктаждыктарын орундатуу максатында жасаган аракети.
Айрым фыкых (Ислам укугу) китептеринде эмгектенип киреше табууну көздөлгөн максаттарына жараша төрт түргө бөлүп караган. Алар төмөнкүлөр:
1. Адамдын өзүнө, үй-бүлөсүнө жана карыздарын төлөөгө жете тургандай даражада эмгектенип киреше табуусу парз.
2. Адамдын өзүнө, үй-бүлөсүнө жана карыздарын төлөөдөн сырткары бей-бечаралар менен урук-туугандарга жардам бере тургандай даражада эмгектенип киреше табуусу мустахаб.
3. Бардар жашоодо жашай тургандай даражада эмгектенип киреше табуу мубах.
4. Адал эмгек менен болсо да элге мактануу, текеберленүү, шарият менен адамгерчиликтин чегинен чыккан иш-аракеттерди жасоо максатында эмгектенип киреше табуу макрух жана арам (ал-Ихтияр, IV, 171-172. о.э. караңыз: Hayreddin KARAMAN, Günlük Hayatımızda Helaller ve Haramlar, İstanbul, 2003, İz Yayıncılık, s.s. 82-83).
Аят-хадистерге таянып эмгектенүү тууралуу төмөнкүлөрдү айтууга болот.
– эмгектенүү – бул суннатуллах. Б.а. Алла Тааланын койгон мыйзамы.
– эмгектенүү – кыймыл-аракет менен жасалган дуба.
– эмгектенүү – адам баласы үчүн зарыл болгон нерсе.
– эмгектенүү – коомдук жоопкерчилик.
– эмгектенүү – жашоо үчүн болгон күрөш.
Алла Таала тарабынан немат жана аманат катары ыроолонгон жүрөк жандын жашоосуна өбөлгө болот. Ал эми мына ошол жүрөк менен жан дене менен дененин органдарына жашоо тартуулап, адам баласынын иштеп-эмгектенүүсүн шарттайт. Демек, адам баласы өзүнүн жашоосу жана өмүр сүрүүсү үчүн иштеп-эмгектенүүсү зарыл.
Курандын аяттары менен табияттын мыйзамын (кавний китепти) аңдап-баамдаган мусулман адам эртең бул дүйнөдөн өтө тургандай акырет үчүн аракет (ибадат) кылуунун жана эч качан өлбөй тургандай бул дүйнөдөгү жашоо үчүн эмгектенүүнүн зарылчылыгын түшүнө алышат. Ошентип мусулман адам Ислам дини андан талап кылган бул дүйнө менен акырет жашоосунун тең салмактуулугун аңдап-баамдап, аны сактап, иш жүзүнө ашыра алат. Бул тең салмактуулук тууралуу Касас сүрөсүндө аябай таасын айтылган («Алланын сага ыроологондору (сага берген байлык-дөөлөттөрү) менен (оболу) акыреттик ийгиликке жеткенге аракеттен жана бул дүйнөдөгү шыбагаңды (насибиңди) да унутпа!» – Касас, 28/77).
Нажм сүрөсүнүн 39-аятында кандай гана натыйжа болбосун ал аткарылган иш менен кылынган мээнетке жараша боло тургандыгы: «Инсан үчүн жалгыз өзү аракет кылган мээнети гана берилет» – деп айтылат.
Курани Каримде түн эс алуу үчүн, ал эми күндүз иштеп-эмгектенүү үчүн жаратылгандыгы айтылат (Набаа, 68/9-11. о.э. караңыз: Намл, 27/86).
Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) да ырыскы табуу үчүн аракет кылууну мактаган жана ага үндөгөн. Башка жааттардагыдай эле Азирети Мухаммед Пайгамбардын жашоосу эмгектенүү маселесинде да адамдар үчүн үлгү болуп эсептелет. Эң оболу Мухаммед Пайгамбар Курани Каримдин иштеп-эмгектенүү тууралуу аяттары менен принциптерин өз жашоосунда иш жүзүнө ашырган. Ошону менен бирге инсандын иштөөсүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо жана карып-мискиндер менен бей-бечараларга жардам берүү максатында иштөөнү – Алланын жолунда жихад кылган менен же болбосо күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окуу менен өткөргөнгө тете деп айткан (Бухарий, Ибн Маажа). Анын эмгек тууралуу айткан куттуу хадистеринин кээ бирине токтоло кетели:
«Эч бир адам өз маңдай тери менен тапкан ырыскысынан да жакшыраак жана таттуураак ырыскы жеген эмес» (Бухарий, Байхакий).
«Оо, Жаратканым! Жалкоолуктан, коркоктуктан, карыган чакта алдан-күчтөн тайгандан жана сараңдыктан өзүң сактагын!» (Бухарий).
«Чынчыл жана ишенимдүү соодагер акыретте пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге болот» (Ибн Маажа).
«Адам баласынын жеп-ичкендеринин адал жана берекеттүү болгону – бул маңдай тери менен тапкан ырыскысы» (Ибн Маажа).
«Силердин жонуңарда отун ташыганыңар бирдемке алса да, албаса да башка бирөөлөрдүн астына барып, кол сунуп тилемчилик кылганыңардан алда канча өйдө турат» (Бухарий).
Кандай гана иш болсо да иштеп-эмгектенүүнү башка бирөөлөргө жүк болуудан жакшы деп эсептеген Азирети Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) мындай куттуу хадистери менен адамдарды иштеп-эмгектенүүгө үндөгөндүгү, жалкоолукту жактырбай жеригендиги, иштеп-эмгектенген адамдарды бул дүйнө менен акырет жашоосундагы бактылуулук менен сүйүнчүлөгөндүгү таасын байкалып турат.
Азирети Мухаммед Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) инсандарды иштеп-эмгектенүүгө үндөгөнү сыңары өзү да иштеген жана иштеп-эмгектенүүнү өз жашоосунда көрсөтүп бере алган. Ошондой эле Мухаммед Пайгамбар ар бир ишти эптеп эле бүтүрбөстөн, көңүл коюп так аткарууга аябай маани берчү. Мына ошондуктан куттуу хадистердин биринде: «Кимде-кимиң бир ишти аткара турган болсоңор, аны толук жана так аткарсын», –деп айтылат.
Жогоруда Ислам дини иштөөгө, эмгектенүүгө аябай маани бергендигине күбө болдук. Демек, адам баласынын, айрыкча момун мусулмандын эмгектенбестен жалкоолукка берилүүсү туура эмес. Керек болсо, жалкоолукка эмес, иштебестен жалаң гана ибадат менен алектенүүсү да шариятка шайкеш келбейт. Бирок, момун мусулмандын иштеген учурда да диний буйруктар менен принциптердин алкагында иштегени дурус.
Ислам дини тарабынан сунушталган негизги принциптер төмөнкүлөр:
1. Ниет. Динде ниет аябай чоң роль ойнойт. Анткени, ниет аркылуу адаттар ибадаттарга айлангандай, кээде ибадаттар адатка айланып калат. Маселен, өз кесибин аркалаган бир момун мусулман үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын адал жол менен табууга жана аларды диний тарбия менен тарбиялоого ниет кылса, ал кишинин ошол максаттарга жетүүсү үчүн кылган аракеттеринин баары ибадат болуп, көптөгөн соопторго ээ болот. Мына ушундай жакшы ниеттер менен аракет кылган адам бир ок менен эки коенду аткан болот.
2. Ыкыластуулук. Аят-хадистерде ыкылассыз жана Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн аткарылбаган амалдар канчалык көп болсо да анын кабылданбай тургандыгы билдирилген. Демек, пенде ыкыластын рухтун (жандын) денедеги функциясы сыяктуу экендигин билип бардык иш-аракеттерин жалгыз гана Алланын ыраазылыгы үчүн аткаруусу жана өз жашоосун ыкыластуулук менен өткөрүүсү керек. Андыктан, аткара турган иш-аракетин да Алланын ыраазылыгы үчүн аткаруусу, ошондой эле адамдарга жакшылык кылганда же болбосо кандайдыр бир жакшылык иштерге багыттаса дайыма Алланын ыраазылыгын жадынан чыгарбоосу зарыл. Ошондуктан, ар бир момун мусулмандын ыкыластуулукту өзүнүн кулк-мүнөзүнө сиңдирип, адамзат үчүн дайыма ыкыластуу мамиледе болуусу абзел (Муслим, Ыйман, 95).
3. Тобокел. Тобокел (таваккул) – бул себептерди аткаргандан кийин натыйжаны Алла Тааладан күтүү жана бул маселеде Аллага чын ыкластан таянуу.
4. Чынчылдык. Чынчылдык – адамдык асыл сапаттардын эң башкыларынан болуп эсептелет. Ошондуктан, Ислам дининде момун мусулмандардын чынчыл болуусу зарыл. Айрыкча, иш жана соода-сатык чөйрөсүндө жүргөн адамдардын жогорку деңгээлде чынчыл жана ишенимдүү болуусу шарияттын негизги принциптеринен болуп саналат. Чынчыл болгон адам ар кандай арам ойлуу айлакерликтен жана элди куураткан алдамчылыктан да оолак болот. Анткени, андай жаман касиеттер диндин негиздерине төп келбеген жат көрүнүш. Бул тууралуу Мухаммед Пайгамбардын: «Бизди алдаган бизден эмес», (Муслим, Ыйман, 164) – дей айткан кутту хадиси бар.
5. Инсан (кул) акысы. Инсан (кул) акысы инсандардын арасындагы акы, укуктар болуп эсептелет. Кимде-ким бирөөнүн акысын жесе, бирөөнүн укугун тебелесе же бирөөгө зулумдук кылса, ал киши тообо жана истигфар аркылуу инсан (кул) акысынан кутула албайт. Ошондой эле укугу тебеленген адам кыямат күнүндө зулумдук кылган адамдан өзүнүн акысын талап кылат.
6. Ысырапкерчиликке барбоо. Дин тарабынан тыюу салынган нерсени колдонуу же аны иштетүү арам. Ал эми адал болгон нерселерди өз көлөмүнөн же ченеминен же болбосо муктаждыктан ашыкча колдонуу же иштетүү да арам. Бул динде ысырапкерчилик деп айтылат. Бул тууралуу Курани Каримде: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла! Анткени, Алла ысырапкерлерди сүйбөйт», (Аараф сүрөсү, 7/30) – деп айтылат.
7. Адал ырыскы. Адал эмгек, өз маңдай тери менен адал ырыскы табуу жана тапкан мал-мүлктү да адал нерселерге каржоо намаз сыяктуу өтө маанилүү парздардан. Анткени, адал ырыскы табууга аракеттенүү ар бир мусулман үчүн парз экендигин билдирген хадистер бар. Ошондой эле кыямат күнүндөгү суракта сурала турган башкы суроолордун бири да адамдын кандай жол менен ырыскы тапкандыгы жана аны эмнелер үчүн каржагандыгы тууралуу болот.