Жыйырма төртүнчү сан

Абдуррахман Хачкалы Теология илимдеринин доктору
Бирөөнүн мүлкүн зордук менен алуу, талап-тоноо да чоң күнөө болуп эсептелет. Имам Зуфардын пикиринде, кыймылсыз мүлктө да талап-тоноочулук болот. Мунун мисалдарын, асыресе, бүгүнкү күнү атка минерлерге, акчага таянып күчсүз адамдардын кыймылсыз же кыймылдуу мүлктөрүн көз көрүнөө тартып алган учурларды көп эле кездештирүүгө болот. Арийне, бул көз көрүнөө талап-тоноочулукка кирип, кескин түрдө арам болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз хадистеринин биринде: «Ким бир карыш жерди басып алса, Алла Таала ага ошол жерди жети катмары менен кошо (от кылып) мойнуна кийгизет» (Муслим, Мусакат, 30) дейт. Демек, жалпы элге, коомго же мамлекетке таандык мал-мүлктөн, жерден мыйзамсыз бөлүп алуу уурулукка, талап-тоноочулукка жатат.
Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде: «Мал-мүлкүн (коргоо) үчүн көз жумган адам - шейит» (Муслим, Иман, 225, 226) деп айтуу менен мал-мүлктү коргоонун өзүнчө зор мааниге ээ болгондугун белгилеген.
Исламда бирөөнүн мал-мүлкүн тоноого кескин түрдө тыйуу салынгандыгы Куран, сүннөт жана ижма (жалпы ислам аалымдарынын ортоктош пикири) далилдери менен тастыкталган. Талап-тоноочулук жолу менен келген мал-мүлктүн өзү да, ошол мал-мүлктөн түшкөн киреше да арам болуп саналат. Куранда: «Эй, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңдү арам жолдор менен жебегиле!..» (Ниса сүрөсү, 29)
«Ортоңордогу мал-мүлк, байлыкты өз ара арам жолдор менен жебегиле! Күнөө экенин билип туруп адамдардын байлыгынын бир бөлүгүн жеш үчүн (пара берип маселе чечиш үчүн) акимдерге алып барбагыла!» (Бакара сүрөсү, 188) Талап-тоноочулуктун акыретте да, бул дүйнөдө да өз-өзүнчө жазасы бар.
Ислам дини боюнча, талап-тонолгон мал-мүлк эч качан талап-тоногон адамга таандык болуп эсептелбейт. Арадан канча жыл өтсө өтсүн, ал мал-мүлк өз ээсине таандык. Уурдалган же тоноп алынган мал-мүлктү ошол бойдон болсо, өз ээсине кайтарып берүү кажет. Ал эми өзгөрүүгө дуушар болсо же жогол- со, мал-мүлк же акча каражаты менен төлөп берүү зарыл.
Бүгүнкү күнү мамлекетке таандык жерлерди, токойлорду, фонддук мүлктөрдү, алсыз кедей-кембагалдардын мал-мүлкүн мыйзамсыз жолдор менен алууга каршы чараларды көрүү кажет. Мунун эң эле оңтойлуу жолу элге ыймандуулук, Аллага ишенүү жана коркуу, акырет, кыямат, өлүм, адал-арам сыяктуу түшүнүктөрдү жетик түшүндүрүү аркылуу өтөт.
Ошондой эле уурдалган же талап-тонолгон мал-мүлктү ээсине кайтарып берүү менен гана акыреттик жазадан кутулууга болбойт. Анүчүн мындай кадамга барган адам мал-мүлктү өз ээсине кайтарып берген соң чын жүрөктөн Жараткандан кечирим тилеп, экинчи уурулукка, талап-тоноочулукка барбоого сөз берип, тообо кылып, сөзүндө бекем турушу кажет.