Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

"Ыйман, дин таануу сабагы жыйырма биринчи кылымда бүт дүйнөгө зарыл болуп турган кез"
   

Фахри Саглык

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алкагында дин иштери боюнча кеңештин төрагасы:

   

   Учурда кыргыз-түрк мамилелери экономикалык жагынан болсун, маданий жагынан болсун, айтоор, ар тараптан кеңири кулач жайып, өзүнүн үлгүлүү үзүрүн берип келе жатат. Мына ушул илгери ийгиликтерге Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алкагында өз ишмердүүлүгүн бир топ жылдардан бери ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткан дин иштери боюнча кеңештин да чоң салымы бар. Аталган кеңештин бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, иш-аракеттери, ийгиликтери жөнүндө кеңештин жаңы дайындалган төрагасы Фахри Саглык мырзаны кепке тарттык. Эмесе, назарыңыздарды ошол чакан маекке бурмакчыбыз:

   - Кадырман Фахри мырза, Кыргызстанга кош келипсиз. Ак Башат журналынын окурмандарына өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

   - Аты-жөнүм Фахри Саглык. 1955-жылы Түркиянын Кожауеди облусуна караштуу Баглыжа айылында туулгам. Башталгыч мектепти аяктаган соң Кония имам-хатиб лицейин бүтүрдүм. Андан соң 1979-жылы Кония Ислам институтун окудум. Имам хатип лицейлеринде сегиз жыл бою окутуучулук жана жетекчилик кызматтарды аткардым. Андан соң Диянет (дин) иштери башкармалыгына өтүп түрдүү райондордун, шаарлардын муфтийи кызматын өтөдүм. 2009-жылы Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кеңешчи, дин иштерин жөнгө салуучу милдетти аркалап бул жакка келдим.

   - Диний тармактагы сиз сыяктуу тажрыйбалуу адистин Кыргызстанга кызмат кылуу максатында келиши бизди абдан кубандырат. Түркиядан жаңы келген инсан катары айтсаңыз, Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды?

   - Мен Кыргызстанга келеримден мурун бул өлкө тууралуу кызыгуумдан улам бир топ изилдеп чыктым, андан башка менден мурда бул вазийпаны аркалап турган Шемседдин Үнал мырза менен бир нече ирет телефон аркылуу байланышып, астыртан таанышып дегендей аз болсо да маалымат алганга аракет кылдым. Түркиянын Дин иштер башкармалыгында Евразия чөлкөмүн тейлеген бөлүм бар. Ал жерде иштеген жакын досторумдан Орто Азия, анын ичинен Кыргызстандагы диний, социалдык жана маданий абал менен таанышууга жетиштим. Негизги абал менен бул жака келип өз көзүм менен көргөндөн кийин тааныш болдум. Бул аймактарда кыргыз боордошторубуз тээ көөнө кылымдардан бери Исламды карманып жашап келатышат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кыргызстан мындан 18 жыл мурда эгемендүүлүккө ээ болгон жаш мамлекет. Андан мурун Советтер Союзунун учурунда жетимиш жылга чукул ыйман, ишеним, рухий байлык сыяктуу зарыл нерселерден алыстатылганы менен мунун баары адамдын жан дүйнөсү, табияты талап кылган нерсе болгондуктан бул жаатта 18 жыл аралыгында бир кыйла жандануу бар. Азыркы учурдагы калктын толук түрдө диний сабатка ээ боло электиги ошол жетимиш жылдын кесепети, бул дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстанда жашаган мусулмандардын динге болгон ысык мамилеси, жаштардын дилгирлиги, жума намаздарында элдин мечитке батпай көчөгө чыгып кеткендиги мени абдан кубандырды.

   - Түркия элчилиги астында расмий бөлүм катары ачылган сиздердин аттешеңиздер Кыргызстанда кандай кызматтарды аткарып келүүдө?

   - Албетте, мамлекет өзү көңүл буруп эки тараптуу макулдашуунун негизинде түзүлгөн кызмат болгон соң өзүнө жараша чоң максаты, олуттуу милдеттери бар. Биздин аттешенин Кыргызстанга көрсөтүп келе жаткан эң башкы кызматтарынын бири бул Түркияда нечен жылдардан бери бай тажрыйбанын жемиши катары бышып-жетилген диний билим берүү системасын сиздер менен тең бөлүшүү болуп эсептелет. Мунун алкагында Ислам динин окуткан окуу жайлар менен ар дайым тыгыз алакада болуу, алардын материалдык жана рухий муктаждыгын колдон келишинче камсыз кылууну да өзүбүздүн вазийпабыз деп эсептейбиз. Буга мисал катары Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Оштогу жана Арашандагы теология факультеттерин айта алам. Бул окуу жайларда жыл сайын ондогон диний билими жогору жаштар бүтүрүүдө.

   Түркиядан келип Кыргызстанда диний тармакта кызмат кылып жүргөн адамдар бар. Алар эл менен тыгыз иштегендиктен, ошолор аркылуу кыргыз элинин кубанычтуу күндөрүнө, майрамдарга ортоктош болуп, кайгы-муңун тең бөлүшүүгө аракет кылып келебиз.

   Үстүртөн караганыбызда борбор шаарда көп мечит болгону менен баарынын көлөмү кичине болгондуктан жума, айт намаздарында баары толуп-ташат экен. Ошол себептен Түркия мамлекети Бишкекке борбордук мечитти жардам иретинде куруп берүү чечимин кабыл алган. Андыктан Ала-Тоонун койнундагы бул кооз шаардын мусулмандарына 10 000, бакчасына да окулганда 15 000 кишиге ылайыкталган, чоң мечит куруу алдыдагы жылдарда ишке ашыра турган дагы бир маанилүү милдеттерибиздин бири болуп эсептелет.

   Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жалпы Ислам дүйнөсү сыймыктанган Имам Серахсий деген залкар аалым жашап өткөн. Ошол себептен анын сөөгү коюлган жерге тарыхый маанисине жараша чоң күмбөз, ага жакын жерге чоң мечит жана медресе курууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү күндө уруксат алуу иштери аяктап, курулуш башталды. Кудай буйруса, келерки жылдын жазында Имам Серахсийдин урматына курулган мечит менен медресенин ачылышын жасайбыз деп турабыз. Бул сыяктуу эл-журтка пайдасы тийе турган, келечекке кызмат кыла турган долбоорлорду башка облус, райондорго да багыттасак деген ой-максаттарыбыз бар.

   - Кыргызстандагы диний абалды, айрыкча диний билим берүү «дин таануу сабагы» жаатындагы акыркы убактардагы иш-чараларды угуп, көрүп жаткандырсыз. Түркиянын бул жааттагы тажрыйбасын эске алганда, Кыргызстанда диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн кандай чаралар көрүлсө жакшы болот деген ойдосуз?

   - Чын-чынына келгенде адеп-ахлак, ыйман, дин таануу сабагы айрыкча, жыйырма биринчи кылымда бүт дүйнөгө зарыл болуп турган кез. Албетте, Түркиянын тажрыйбасынан карай турган болсок, диний билим берүү өтө олуттуу маселе болгондуктан бул расмий бийликтин, жогорку кеңештин, тиешелүү министрликтин, диний башкармалыктын, илим-билим жаатында сөзү өтүмдүү, эмгеги сиңген инсандардын, массалык маалымат каражаттарынын, анан сөзсүз элдин жапатырмак демилгеси, колдоосу, талабы болууга тийиш. Бул бир-эки кишинин, бир мекеменин колунан келе турган иш эмес. Себеби биримдикти Жараткан Алла Өзү сүйөт, «көп түкүрсө көл болот» деп деп коет эмеспи. Мындай пайдалуу иштин жүзөгө ашышын биз чын дилден кубаттайбыз жана колдон келген жардамды берүүгө даярбыз. Кыргыз туугандарыбыздын көпчүлүгү дин таануу сабагынын киргизилишин колдоп жатышат. Эгер бул долбоор мыйзам катары кабыл алына турган болсо, дин таануу сабагы үчүн даярдалган окуу китепти Түркия мамлекети тарабынан чыгарылып берилишин биз убада кылдык.

   Ушул эле маселеге улай Кыргызстанда жогорку класстардан тарта каалоочулар үчүн, диний тармакта кызмат кылам деген жаштар үчүн балким үч жылдык Түркиядагы имам-хатиб сыяктуу лицейлерге муктаждык бар. Бул муктаждыкты толуктоо үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн бул пикирге түз көз карашта экендиги бизди абдан кубандырды.

   - Сунушубузду кабыл алып маек куруп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылыгымды билдирем. Мындан ары тыгыз байланышта болобуз деп ишенемин. Ишиңизге илгери ийгиликтерди каалайбыз. Аман болуңуз.

Башына