Жыйырма төртүнчү сан

    

Журналдын жыйырма төртүнчү саны

Мазмуну

Ахмад ар-Рифаий -куддиса сиррух- (1118-1182-ж.ж.)
   

   

   Жараткан Алланын олуя пенделерине жакын болууга аракет кылгыла! Себеби Алла Тааланын сүйүктүү пендесин жакшы көргөн адам Алла Тааланы сүйгөн болот. Ошондой эле ага душмандык кылган, Аллага душмандык кылган болот.

   Зикириңерден жазбагыла! Анткени зикир Жараткандын ыраазылыгына жетүү үчүн бекем чыйралган үзүлбөс жип сыяктуу. Жараткан Алланы дайыма зикир кылып даңазалагандар бейпил абалда болушат. Зикирдин жүрөккө отурукташуусу сукбаттын берекеси менен мүмкүн. Анткени пенде досунун жолунда болот.

   Ой-жүгүртүү азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) биринчи амал-иши. Парз ибадаттарга чейин анын ибадаты Алла Таала жараткан бүтүндөй жандуу-жансызды, Ал ыроологон жакшылыктарды ойлоо менен гана чектелген. Ошондуктан бул багытта силер да терең ой жүгүрткүлө! (Жаратканга шүгүр келтирип, бизге буюрулган парз ибадаттарды аткарууга жанүрөгүлө!)

   Элек сыяктуу ундун майдасын түшүрүп, кесегин өзүңөргө алып калбагыла! Оозуңардан жан азык сөздөр куюлуп, жүрөгүңөр ыплас бойдон калбасын! «Элди жакшылыкка чакырып, өзүңөрдү унутуп коесуңарбы?» (Бакара сүрөсү, 44-аят) деген Жараткандын эскертүүсүн эсибизге түйүп алалы!

   Жан дүйнөңөрдү таза кармагыла! Анткени жан дүйнөнүн тазалыгы дене-турпаттын тазалагынан алдаканча өзгөчө мааниге ээ. Алла Таала кийимге эмес, жан дүйнөгө назар салат. Адал жолдун чегинен ашпагыла! Алла Тааланын ыраазылыгынан башка эч нерсе үмүт кылбагыла!

Башына