Жыйырма төртүнчү сан

Кубаныч Айдарбеков
نَبِّئْ عِبَاد۪يۤ اَنّ۪يۤ اَنَا الْغَفُورُ الرَّح۪يمُ ﴿49﴾ وَاَنَّ عَذَاب۪ي هُوَ الْعَذَابُ الْاَل۪يمُ ﴿50﴾
«Пенделериме кабарла! Мен акыйкатта, Кечмримдүү, Мээримдүмүн. Албетте, Менин азабым оорутуучу азап» (Хижр сүрөсү, 49-50-аяттар).
عَنْ جَرِيرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ الله مَنْ لاَ يَرْحَمِ النَّاسَ لاَ يَرْحَمْهُ اللهُ
Жарир бин Абдуллахтан келген риваятта Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Адамга мээрим төкпөгөн жан Алланын мээримин көрбөйт.» (Бухарий, Адаб 18, Тавхид 2; Муслим, Фадаил 66)
Мээрим – Алла Таала жараткан бардык жандуу-жансызга боорукерлик, ырайымдуулук кылуу. Мээримдүүлүк аяттарда жана хадистерде баса белгиленген маанилүү сапат. Алла Таала мүлдө макулуктун ичинен адам баласына акыл жана эрк берүү менен Өзүнө жакын тутту. Ушул күнгө чейин 124 000 пайгамбардын жиберилиши, китептердин берилиши, дин жолундагы алгылыктуу иш-аракеттер жана башка толгон-токой жакшылыктар Алла Тааланын адамзатка болгон ырайымынын кенендигин айгинелеп келет.
Мээрим – бул Алладан келген туубаса сезим. Куранда аталган Алланын Рахман жана Рахим (Мээримдүү жана Ырайымдуу) сыпаттары мээримдүүлүктүн соолугус булагы.
Азирирети Пайгамбар хадистердин биринде мээрим тууралуу мындайча айткан экен: ««Алла Таала Өз мээримин жүзгө бөлдү. Мунун токсон тогузун Өзүнө алып калды да, бир бөлүгүн жер жүзүндөгү мүлдө макулукка таратты. Мына ошол бир бөлүк мээримдүүлүктү алган жандуулар бири-бирине мээримдүү болушат, ырайым кылышат. Маселен, кулунун эмизип жаткан бээнин арткы бутун керип, сүтүн ийип бериши жогоруда айтылган жүздөн бир бөлүктүн белгиси болуп эсептелет» (Бухари, Адаб, 19; Муслим, Тооба, 15).
Ыйык Куранда мээрим сөзүнө байланышкан синонимдер 114 жерде кездешсе, 260 аятта Алланын Мээримдүү жана Ырайымдуу сыпаттары тууралуу сөз кылынат. Чалкыган Мээримдүү Кудай Таала пенделеринин бири-бирине мээримдүү, күйүмдүү болушун талап кылат. Жаратылыш Нурунун (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарлык сыпаттарынын башында мээримдүүлүктүн турушу ушуга байланыштуу. Анткени Алла аны ааламдарга мээримдүүлүктүн жүзү катары Элчи кылып жиберген1 . Тактап айтканда, Жараткан Алла ага Рауф (өтө боорукер) жана Рахим (өтө мээримдүү) деген сыпаттарынан үлүштү кеңири берген2 . Аныгында мурунку пайгамбарлардын эч бирине жогоруда аталган сыпаттардын экөөн тең берген эмес3 .
«Жандуу-жансызга Жараткандын назары менен кароо» деген даанышман ой Азирети Пайгамбарыбыздын береги хадисинде так жана түшүнүктүү чечмеленген:
– Кудурет Күчү менен напсимди кармап турган Алла Таалага ант этем! Бири-бириңерге мээримдүү болмоюн бейишке кире албайсыңар! – дейт күндөрдүн биринде сахабаларына. Табышмактуу сөздөн чочулаган сахабалар:
– Оо, Алланын Элчиси! Биз баарыбыз мээримдүүбүз! – дешет жабыла.
–Мен силер ойлогондой жөн гана бири-бириңерге болгон мээримдүүлүктү эмес, бүтүндөй макулукка бапестелген мээримдүүлүктү, ооба бүтүндөй макулукту кучагына алган мээримдүүлүктү айтым жатам!..4
Жүзүнө кызытылган темир басылган эшекти көрүп:«Бул айбанды кыйнаган кишиге наалат» (Муслим, Либас 107) деген Азирети Пайгамбар башка бир хадисинде жаман жолдо жүргөн аял суусаган итке суу берип аман сактап калгандыгы үчүн Алла аны кечиргенин баян эткен (Бухари, Шарб 9; Муслим, Салам 153). Башка хадисте мышыкты ачка өлтүргөн мээримсиз аялдын тозокко барышы айтылат ( Бухари, Адаб 18; Муслим, Фадаил 65).
Мээрим сезиминин калыптанышында же таш боорлуктун өөрчүшүнө үй-бүлө негизги ролду ойнойт. Анткени 6 жашка чейин өспүрүмдөрдө арасында мээримдүүлүктүн калыптанышы кажет. Иликтөөлөрдө кылмыш кылган инсандардын көбү бала кезде турмуштун оор сынына кабылып, ата-энеден ажырап, же тирүүлөй жетим калып таш боор болуп чоңоюшат.. Ачулануу, кек сактоо, зордук-зомбулук сыяктуу жаман сапаттар мындай адамдардын жашоосуна кадимдкидей сиңип калат. Ар бир адам өзүнүн проблемасын жөнгө салууда психологдун кеп-кеңешинен, психотерапия ыкмаларынан мурун өзүнө ишенип, тообо келтирип, жакшы иштерди аткарууга аракет кылышы керек.
Жыйынтыктап айтканда, ыйманды баралына жеткирүү үчүн мээримдүүлүк, боорукерлик, жароокерлик өңдүү изги сапаттарды өнүктүрүүгө аракет жасашыбыз керек. Ошондой эле кандай гана жакшылык болбосун ибадат сезими менен чын ыкластан татыктуу орундатуу кажет. Жогоруда айтылган изги сапаттарга таянбастан, жеке кызыкчылык өңдүү башка максаттар менен көрсөтүлгөн кызматтардан акыбет табуу мүмкүн эмес. Эл керегине жарай турган кызматтардын түпкү пайдубалы – улуу сезимдер.
Жараткан Алланын ырайымы, мээрими жана кут-берекеси жаасын десек, биз жердегилерге мээрим төгөлү. Алла Тааламдын макулуктарына ырайым кылалы, ошондо Ал бизге ырайым кылат. Биз алсыз пенделер Анын теңдешсиз ырайымына, чалкыган мээримине кыяматка чейин муктажбыз!..
1Анбия сүрөсү, 107-аят. 2Тооба сүрөсү, 128-аят. 3Куртуби, ал-Жаами ли-ахкамил-Куран, Бейрут-1985. VII, 192. 4Хаким, ал-Мустадрак алас-сахихайн, Бейрут-1990. IV, 185/7310.