Жыйырма төртүнчү сан

Октай Четин
Маданият тигил же бул коомдун жаркын келечеги үчүн абадай зарыл негиздердин бири болуп эсептелет. Адамзат тарыхында дүйнөгө багыт берген коомчулуктар - булар маданият жагынан күчтүү коомдор болгон. Маданият дароо өзүнөн-өзү пайда болуп калган нерсе эмес. Ар бир маданияттын өзүнүн пайда болушунун тарыхы, тамыр байлап өркүндөп-өсүү жолу, алсыз тартып кулашынын таржымалы бар. Ошондой эле ар бир маданияттын материалдык жана руханий жактан өзүнүн таянаар арка-жөлөгү болот. Бул жагынан маданиятты адам баласына салыштырсак болот. Ал төрөлөт, торолот, ирденет, чоңойот, оң жана терс таасирлерден таасирленет, ошондой эле учуру келгенде кимдир бирөөлөргө таасир да берет жана бир күнү өмүрүн өтөсүнө чыгарат.
Бул макалабызда Батыш маданиятынын тарыхына кайрылууну эп көрдүк. Батыш маданияты да ар кайсы маданияттардын аралашмасынан пайда болгон. Батыш тарыхы иликтелген чакта, бүгүнкү күндөгү маданиятынын пайда болушу, ирденип өмүр улашы ар кайсы маданияттардын таасири менен болгондугу байкалат. Тагыраак айтканда, бүгүнкү күнү бүт дүйнөгө түрдүү өңүттөрдөн таасир этүүгө аракет кылып келе жаткан Батыш маданияты эң ириде «грек», «рим», «византия» деген үч ысымга карыздар. Аталган маданият негизинен мына ушул үч маданияттын аралашмасынан чыккан.
Батыш маданиятынын өзөгүн түзгөн дагы бир маанилүү фактор – бул Христиан дини. Негизи ар бир маданияттын түбүндө сөзсүз түрдө тигил же бул дин тургандыгы талашсыз чындык. Батыш маданияты айрыкча грек-рим маданияттары менен бирге Христиан дининен да алда канча зор таасир алган. Орто кылым буга ачык-айкын мисал боло алат. Орто кылымда айрым бир маданияттар илгерилеп жаткан чакта Европа негизги булактарынан б.а., (бурмаланган болсо дагы) Инжилдерден мурда чиркөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына багытталган жашоо таризине кириптер болгон. Батыш ойчулдарынын тили менен айтканда, бул доор «dark age» б.а., «караңгылык дооруна» айланган. Диндин сектордук абалга келиши Батыш маданиятынын илим, искусство жана экономикалык өңүттөн чоң жоготууга учурашына себепкер болгон. Орто кылым - батыш маданиятын түптөгөн грек маданиятынын күчүн акырындык менен жоготкон доор.
Орто кылым батыш үчүн «dark age» болсо, Ислам маданияты үчүн «golden age» б.а., «алтын доор» болгон. Мусулмандардын алтын доору ырасында ал учурда коюу караңгылыктын койнунда уктап жаткан Батыш маданиятынын ойгонуп, илгери ийгиликтерге жетиши үчүн өтө зор мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Айрыкча Андулус Ислам мамлекетинин Испанияда түптөлүшү менен Ислам маданиятынын жашоонун ар өңүтүндөгү баа жеткис дөөлөттөрү Европага өткөн. Мусулмандар учурунда Кордова, Севилья, Гранада, Толедо жана Валенсия сыяктуу шаарларында жогорку окуу жайларын, университеттерин курушкан.1 Бул университеттерге чиркөөнүн кысымына карабастан илимге жана туура маалыматка чаңкап турган көптөгөн Европалык адамдар келип окушкан. Аталган университеттерде ар кайсы тармактардан илим алган батыштык жаштар айрыкча араб тилине кызыгуусу артып, аны тереңдетип окушкан. Булардын араб тилине болгон өзгөчө кызыгуусун ушундан билиңиз, алар «мозарабдар» делип, кээ бирлери араб тилин өз эне тилдеринен дагы жакшы сүйлөй башташкан.
Батыш маданиятынын кийинки доорлордо өркүндөп-өсүшүндө таасирлүү рол ойногон «Ренессанс»тын ордун да унутпоо зарыл. Асыресе, Ренессанстын аркасы менен илгерилеген индустрия тармагындагы жетишкендиктер Батыш маданиятын айрыкча 19-20-кылымдар аралыгында капиталисттик түшүнүккө ыктап, чиркөөдөн алыстап, динге күмөндүү назар салууга алып келген. Бул учурда пайда болгон философиялык окуулардын басымдуу бөлүгү динге, Кудайга каршы чыгып, туңгуюк жашоого бет алышкан. Бул окууларга мисал катары «материализм», «позитивизм» сыяктуу философиялык окууларды көрсөтүүгө болот. Мына ушул философиялык окуулардын бардыгы Батыш маданиятынын секулярдык, рационалдык, айрым учурларда атеисттик түшүнүккө негизделишине себепкер болгон.
1Ahmad Ziyauddin, Influence of Islam on world civilization, Royal Book Company, Karachi, 1994, 17.