Жыйырма төртүнчү сан

Осман Нури Топбаш
Жер менен көктөгү барча жаратылмыштын жандуусу да, жансызы да адамзааданын пайдасына, кызматына жаратылган. Адамзаада мына ушул Кудайы сыйга топуктуу болуп, шүгүр кылып өмүр кечириши керек. Муну орундатуу үчүн ириде изгилике жана нарк-насилге сугарылган өмүрдү жашоо зарыл.
Жараткан Алла Таала напсинин сан миң азгырыктарына алданбай, ыплас жашоодон оолак болуп, табиятыбыздагы асыл сапаттарды өөрчүтүү үчүн «ахсан-и таквийм - эң мыкты түзүлүш» аттуу чалкыган маданият долбоорун Өзүнүн китептери аркылуу жалпы адам баласына маалымдаган. Аны ишке ашырып, бизге таалим берсин деп пайгамбарларды жиберген.
Ошол себептен адампенде өмүрү өткөнчө Куран менен сүннөттөн тайбай, залкар маданияттын чегинде жашай алганда гана чыныгы инсандык баага арзыйт. «Адам уулу канткенде адам болот?» деген суроонун түйүнү дал ушунда жатат.
Бул өңүттөн адампенде ар дайым рухий тарбияга муктаж. А тарбия болсо адамдын табиятында жок нерсени жаратпайт. Маселен, такыбаалык менен бузукулукка, жакшылык менен жамандыкка болгон шык адамдын табиятында бар. Рухий тарбия – киши табиятындагы терс шыктын, ышкынын баарын өчүрүп, жакшы жактарын өөрчүтүүнүн жападан жалгыз жолу.
Бул ары катаал, ары татаал сынак дүйнөдө пендезаада үлгүгө муктаж болгону болгон. Акыйкат-чындыкты, дүйнөнүн сулуулугун, өмүрдүн баалуулугун өрнөксүз, мисалсыз аңдоо мүмкүн эмес. Үлгүнүн шарапаты менен аң-сезим агарып, жакшыны да, жаманды да таамай тааный алат. Кандай гана маселе болбосун адампенде ал тууралуу өрнөк өңдүү бир нерсени көрбөй туруп шыр түшүнүп кеталбайт. Анын сыңарындай жакшылык да, жамандык да өрнөктөрдүн изи менен жүз берет. Ал тургай сүйүү да өз үлгүсү менен дагы да чырайына чыгат. Сүйүлүп жаткан тараптын руханиятына сүңгүү андан көрүнгөн изги үлгүлөр менен жүзөгө ашат. Изгиликке үлгү болуу нары маанилүү, нары сыйкырлуудай оп тартып турган Кудайдын насиби болгондуктан, адамзааданы бат эле нарктуу касиетке эгедер кылат.
Улуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Курани Каримдин сөзүн, окулуш кыраатын же маанисин үйрөтүүчү устат катары гана эмес, анда айтылгандардын баарын өз боюна сиңирип, жашоо ыңгайына айлантып, үммөтүн Туура Жолго багыттоодо өрнөк көрсөтүү менен өмүр кечирген. Демек, ал эң акыркы пайгамбар болгондуктан, өмүр жолу кыяматка чейин жашай турган жаамы адам урпагы үчүн негизги үлгү болуп кала бермекчи.
Азирети Пайгамбырыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) муну минтип тастыктайт:
«Мен башка бир максат менен эмес, бир гана изги ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм» (Муватта, Хуснул Хулк, 8).
Ардактуу Жолбашчыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бул хадиси менен орошон озуйпанын купуя сырын ачып, изги ахлактын, мыкты маданияттын маанилүүлүгүнө басым жасаган. Тарыхый булактар тастыктагандай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүрүм-турумунун кай жагына карек оодарбаңыз, баралына келген үлгүлүүлүктү, кынтыксыз өрнөктү көрүүгө болот.
Куранда минтип айтылат:
«(Элчим!) Сен шек-күмөнсүз изги ахлактын сересиндесиң!» (Калам сүрөсү, 4-аят).
Азирети Пайгамбарыбызга Курандагыдан артык мүнөздөмө берүүгө мүмкүн эмес.
Азирети Мухаммаддын (саллалаху алейхи васаллам) жашоосу коомдогу ар түрдүү катмардагы адамдарга эң мыкты үлгү. Мисалы, төш каккан кайсы гана динди, кайсы гана маданиятты караба, баарында ак сөөк, чор таман-кембагал деген ажырым бар. Мына ушул ажырым адилетсиздикке, басмырлоого, кан төгүүгө алып келээри бышык.
Анын таалим-тарбиясы адамзат катмарларынын бардык тобун камтыйт. Бардык улуттар тилдеринин, түстөрүнүн жана катмарларынын айырмасына, социалдык абалынын түрдүүлүгүнө карабастан анын динин, анын маданиятын кабыл алышкан. Бир да адамды бул динге кабыл алышка тоскоол болгон эч бир окуя кездешпейт. Бул диндин эшиги бир коомго эмес бүтүндөй адамзат үчүн ар дайым ачык. Исламда алсыз менен алдуунун бири-биринен кыпындай да айырмасы жок.
Азирети Пайгамбарыбызга моюн сунуп, анын изи менен жүргөндөргө бир көз жүгүртөлү, алардын ичинен Хабаш (азыркы Эфиопия) өкүмдары Нажаши, Меандын улугу Фарва, Химяр башчысы Зулкила, Фирузи Дайлами, Йемен улуктарынын бири Маракабуд, Умман акимдеринен Убайд жана Жафар сыяктуу тандалган инсандарды көрө алабыз.
Булардан башка Билал, Ясир, Сухайб, Хаббаб, Аммар, Абу Фукайха сыяктуу кулдар, кембагалдар жана Сумаййа, Лубайна, Зиннура, Нахдиййа, Умми Абис сыяктуу күңдөр, багар-көрөрү жок аялдар да бар эле.
Коомдук, маданий жана экономикалык түзүлүш, соода-сатык, адам укуктары, башкаруу, эл аралык катнаштар жана башка иш-аракеттердин кынтыксыз эрежелери ириде Исламга таандык. Албетте, адамзаттын теориялык билими жана практикалык тажрыйбасы өнүккөн сайын Азирети Мухаммаддын (саллаллоху алейхи васаллам) салып кеткен чыйырын дагы да жетик түшүнүү мүмкүн болууда.
Ушул себептен болсо керек, ыймандуусу да, ыймансызы да Алла Элчисинин ажайып ахлагына жана асыл сапаттарына таң калып келет. Жадагалса, каардуу мушрик Абу Жахилден тарта көптөгөн Ислам душмандары, бүгүнкү күндөгү нечелеген таанымал каапырлар да ардактуу Пайгамбарыбыздын адамдык сапатынын бийиктигин, анын улуу инсан экендигин моюнга алып жүрүшөт. Анын кылт эткис мыкты адамгерчилигин жатка тааныган журтчулук «Сен ал-Аминсиң – ишенимдүүсүң! Сен Сыддыксың –чынчылсың!» деп ишеним артышкан. Тарых анын улуу жол башчы экендигин ошондон берки ар бир кылымда эң алдыңкы сапка каттап келет. Эмесе, ошонун бирине назар салалы.
1979-жылы Ле Поинт аттуу француздардын журналы Мухаммад Пайгамбарыбызды «жылдын адамы» деп тандайт. 1979-жылдын 29-декабрында чыккан бардык гезиттер бул тандоону: «Азирети Мухаммад 571-632-жылдар аралыгында жашап өткөнүнө карабастан анын таасири бүгүнкү күндө арткандан-артып, миллиондогон адамдар ал салган чыйыр жолдон тайбай келе жатышат» деп түшүндүрүшөт (Зафер журналы, 97/3-8).
Жыйырманчы кылымдын ортосунда Голландиянын Лахей шаарында топтолгон илимпоздор, окумуштуулар уюму «дүйнөнүн жүз улуу адамын» тандап, калыстардын баары христиан экенине карабастан биринчи орунга Азирети Пайгамбарды коюуга мажбур болушкан.
Азирети Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) артыкчылыгын жана жетишкен ийгиликтерин тастыктагандардын бири Карлайл: «Анын туулушу – нурдун караңгылыктан айрылышы» деген.
Британика энциклопедиясында Пайгамбарыбыздын артыкчылыгын тастыктоо таризинде төмөнкүлөр жазылган:
«Мухаммад жетишкен ийгиликтерге тарыхта эч бир пайгамбар, эч бир агартуучу жана ошондой эле дин кызматкери жете алган эмес».
Б. Смит мындай деген: «Мухаммад агартуучулардын эң чоңу экени талашсыз!»
Улуу маданияттын өзөгүндө жана көч башында шексиз пайгамбарлар турат. Сапка тизилген ал элчилердин алдында, имамчылыкта пайгамбарлардын Султаны Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) турат. Ардактуу Пайгамбарыбызды пенделик таакаттын гана чегинде таанып, ал түптөгөн үлкөн маданиятты бизге жеткиргендердин башында кутман сахабалар келет. Алардан кийин кербендин төөлөрүндөй жай чубалжыган бул көчтү руханий даражаларына жараша ыкласман аалымдар, салих пенделер, көсөмдөр, ашыглыкка моюн сунган дервиштер жана башкалар толуктап келет. Пайгамбарлардын мураскери деген улуу мартабага татыган Алланын достору - аалымдар менен рухий көсөмдөр – бийик адеп-ахлакты кан-жанына сиңирип, улуу озуйпаны аркалаган жана доордон доорго жалгашкан ийги дөөлөттүн учкуну болуп саналат. Алар Азирети Пайгамбар менен сахабаларды көрбөсө да, бардык адамдар үчүн Жараткандын назары түшкөн ар тараптуу изгиликтин жолбашчылары экени талашсыз. Дал ошолор буйрулган жакшылыкты чын ыкласы менен жашаганы себептүү көркөмү көңүл сүйүнтөр, чанда кезикчү көөнөрбөс кенчтерди улам кийинки муундарга багыштоо менен «Изги Маданиятты» жаратышкан.
Ошондуктан аталган улуу инсандар сымал жүрөктү сүйүүгө толтуруп, Исламдан кабардар болуп, окуп үйрөнүшүбүз керек. Кылымдар көөнөрүп, нечендеген маданияттар, не деген гана ооматтуу «...измдер» эскирип кургуйга житип кетсе да, оболку тазалыгын сактап келген Пайгамбар ахлагынын, сүннөтүнүн азыр абадай зарыл болуп турган чагы. Андыктан ахлактуу жашап, аны башкаларга үйрөтүү мындан кабардар пенделердин милдети.
Бизди Өзүнүн сүйүктүү Пайгамбарына үммөт кылып, улуу маданияттын өкүлү кылып жараткан Кудай Таалага сансыз алкыш айталы!!! Билсек, мунун өзү чоң шарапат! Сахабалар жеткен улуу шарапатка жана ызаатка жетүү үчүн акыркы Пайгамбарды жандан артык сүйүп, бул жалгандагы бардык иш-аракеттерибизди анын сүннөтү менен салыштырып, ошого жараша багыт алышыбыз зарыл. Аны жөн гана окуп же угуп койбостон, чын жүрөктөн ыйман келтирип, башкаларга таанытып, башкаларга да сүйдүрүшүбүз абзел.