Жыйырма төртүнчү сан

Сүйүнбай Эралиев
Кыргыз эл акыны
Адамдагы улуу сыйлык – абийир. Абийир – адамдын жүзү, мазмуну жана баасы.
Адамдын башкы катасы - өз кемчилигин моюнга ала билбегендиги же алса да аны жеңилдетүүнүн ар кандай жолун издеп убара болгондугу.
Чала окумуштуулар да жок эмес. Аларга караганда өмүр бою кат тааныбаган кээ бир адамдарда түшүнүк ар тараптуу, кенен да.
Ишеним деген чоң нерсе. Ал үмүт менен насибелеш. Бир мүнөткө болсо да, аны колдон түшүргөн адам айласы кетип далбастап калат.
Өлүм коркунучу ар дайым биз менен. Аны денеден алып таштай албайсың. Эртеби-кечпи, ар кимге өлүм парз. Аны моюнга албаган адам жок. Бирок пендечилик кылып, өлбөс окшоп жүрө берет экенбиз.
Адам өзү жөнүндө олуттуу ой жүгүртө албаганы - өзүн анча түшүнө бербегендиги. Же түшүнүүгө канча аракет кылса да, өзүнүн жалаң гана жакшы жагын көрүп туруп алгандыгы. Ошондуктан адам турмушта чоң-кичине каталарды көп кетирет. Анын ичинде алда кимдердин көңүлүн жок жерден оорутуп алуулар да болот.
Сулуулук адамдын сыртында эмес, ичинде, кийиминде эмес, мүнөзүндө болушу керек. Сүйүнбай Эралиев Кыргыз эл акыны