Жыйырма төртүнчү сан

Кадир Өзкөсе Теология илимдеринин доктору
Батыштын жаңылануу тажрыйбасы маданият өңүтүн кайрадан иштеп чыгуу таризинде жүзөгө ашты. Батыштын жаңыланышы батыш маданиятынын кайрадан иштелип чыгышы менен аяктады. Бирок акылды биринчи кезекке койгон Батыш али хикматка (негизги маселенин төркүнүнө) жете элек. Маалыматка жетти, бирок анын өзөк маани-маңызына дале жете алган жок. Ал эми акылга туура мамиле жасай албаган Чыгыш дале хикматтын уясы сыяктуу. Маалымат казынасын алдырса да, чыныгы пайдалуу илимдин ээси бойдон турат. Ислам маданияты философия өңүтүнө да, Чыгыш классикалык ой жорумуна да мураскор катары өркүндөшү анын эң чоң жетишкендиктеринен бири болуп эсептелет. Себеби Батыш маданияты теориялык илимге гана таянып, руханий маалыматты көз жаздымда калтыргандыгы, Ыраакы Чыгыш системалары болсо сезимге өзгөчө басым жасагандыгы менен өзгөчөлөнсө, ал эми Ислам маданияты бул эки өңүткө тең салмактуу түрдө мамиле жасаган.
«Жаңы доор» делген 19-20-кылымдар Батыш доору болуп, дүйнөдө күч жагынан да, этибар жагынан да анын ачык-айкын гегемониясы өкүм сүрүүдө. Ырас, Батыш маданияты бүтүндөй дүйнөгө, анын ичинде Орто Азия элдерине жана Ислам коомчулуктарына белгилүү өлчөмдө таасирин тийгизгендиги чындык. Демократия, адам укуктары, чектелүү бийлик, аялзатынын социалдык жана саясий жашоого алдаканча активдүү түрдө катышуулары сыяктуу жагдайлар бүтүндөй дүйнөнүн ортоктош өзгөчөлүгүнө айланды. Бүгүнкү секулярдык Батыш өзүн башка маданияттардан жогору таанытып, аларды жок кылуунун түркүн түстүү аракетин көргөндүгү менен айырмаланып тургандыгы да талашсыз чындык.
Мусулмандардын басып өткөн тарыхый жолу Батыш дүйнөсүнөн башкача. Мусулмандар Батыш коомчулуктарынын тарыхый жашоо таризинен башкача өмүр сүрүп, башкача маданият куруу менен дүйнөгө, адам баласына башкача өңүттөрдөн назар салышкан. Ренессанс доорунан мурун Европага чоң бурулуш жасаткан мусулман аалым-окумуштуулар Исламдын негизи жазма булактарынын негизинде башка маданияттарды изилдеп, алардын терс жагын четтеп, жакшы жактарын өздөрүнө кабыл алышкан. Бүгүнкү Батыш маданияты ааламдашуу жараянын баштан кечирип жаткан кезде Ислам дүйнөсү береги жараяндын эпкинине туруштук берип келет. Ааламдашуу демекчи, мында адамзат бир калыпка гана салынууга тийиш. Адам өз маданиятын унутуп, кишилигин жоготушу, өзүнө жол көрсөтө турган баалуулуктардан куру калышы, жашоонун чыныгы маани-маңызын түшүнө албашы, ошентип кең аалам тар болуп, өзүнө өзү чоочун сыяктуу көрүнүшү ааламдашуу жараянынын өтө орчундуу терс таасирлеринен болуп эсептелет. Ошондуктан ааламдашуу жараянына карата өзүбүздөн баштап, өз кишилигибизди коргоп, ар тараптуу түшүнүккө ээ болуунун аракетин көргөнүбүз абзел. Бул багытта өз камыбызды көрүү учурунда элди ойлоп, аларга да кызмат кылууга даяр туруу кажет. Бул бир маданияттын өзүн-өзү бүтүндөй дүйнөгө сиңирүүнүн учуру.
Ислам тарыхы ааламдашуунун өзгөчөлүгүнөн улам дүйнө маданиятында эң чоң аудиторияны ээлеген улуу маданиятка ээ. Географиялык жагынан болсун, бир асабанын алдында топтолгон улуттардын ар кайсы расадан болушу жагынан болсун, айтор, Ислам маданияты тек «араб маданияты» менен гана чектелбей, Орто Азия, жакынкы жана ыраакы Чыгыш жана Африка чөлкөмдөрүндө, ошондой эле Испания сыяктуу Европа өлкөлөрүндө жашаган мусулман элдеринин ортоктош көөнөрбөс байлыгы болуп эсептелет.
Мусулмандар үчүн Батыштын жанында экинчи катмардагы эл сыяктуу болуп калбоонун жападан жалгыз жолу өз маданиятынын кадырына жетип, аны менен жуурулуша жашоо аркылуу өтөт. Яхия Кемал аттуу окумуштуу бул багытта: «Эң чоң өксүк – бул тексиздик» - деген экен. Ал эми Батыш окумуштуусу Бернард Леви: «Тигил же бул улуттун маданиятын теске салуу - ал улуттун тилин теске салуу менен, ал эми бир улутту жок кылуу – ал улуттун жаш муунун өткөн тарыхынан, улуттук жана руханий байлыктарынан ажыратуу аркылуу жүзөгө ашат» дептир. Мына ошондуктан биз бирөөнү тууроо аркылуу оңолбойбуз. Биз өзүбүздү, руханий көөнөрбөс дөөлөттөрүбүздү коргогон чакта гана биз болобуз. Өтүмүштө биз мусулмандар тек гана өзүбүздүн эмес, бүтүндөй адамзат тарыхынын шекил алышында өзгөчө активдүү рол ойногондой эле, бүгүн дагы кимдир бирөөлөрдүн «оюнчугу» болбой, өзүбүздү билишибиз керек. Биз өзүбүздү тааныган чакта гана өзүбүзгө өзүбүз ээ болобуз. Биз маданияттар аралык кагылышууну эмес, улуу маданиятыбыздын аруулугун, улуктугун сактап, аны ошол аруулугу менен келечек урпактарыбызга өткөрүп берүүнү ойлоп, ошонун камын көрүп жатабыз. Күн түнгө, түн күнгө кандай муктаж болсо, Чыгыштан Батышка чейинки бардык маданияттар дал ошондой эле бири-бирине муктаж. Биз өз маданиятыбыз менен тарых сахнасынан өз ордубузду гана алабыз. Ал үчүн эң ириде өзүбүздү «артта калган экинчи топтогу адам» деген түшүнүктөн алып чыгуунун аракетин көрүшүбүз кажет.