Жыйырма үчүнчү сан

Мазмуну

Көптөгөн жакшылыкка эшик ачкан, ыкласман жанды эсепсиз соопко эгедер кылган касиеттүү Курман айтта сиздер менен жүз көрүшүп турганыбызга абдан кубанычтабыз. «Ак Башат» журналынын жамааты баарыңыздарды ыйык Курман айт менен чын дилден куттуктайбыз!
Баарыңыздарга маалым болгондой, «Ак Башат» журналы ар бир санда бир негизги теманы тандап алып, анын тегерегинде кызуу талкууларды уюштуруп, кызыктуу макалаларды жарыялап келет. Адаттагыдай эле бул санда «диндештик, биримдик, ынтымак-ырашкерлик» жана албетте, Курман айт тууралуу кеп козгодук.
Бул темага токтолгондугубуздун олуттуу жүйөсү бар. Учурда негизги көпчүлүк алакалар, карым-катыштар базар экономикасынын эгоисттик системасына ылайык акчанын тегерегинде гана болуп калбадыбы. Акча бар жерде арсыздык, жеке кызыкчылыкты көздөгөн өзүмчүл сезим, башканын акысын көз жаздымда калтырган ачкөздүк өз арбайын согот тура. Натыйжада, Манас атанын урпагыбыз деп төш каккылаган урааныбыз түккө арзыбай, ынтымагыбызга доо кетти, түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүнүү жана жердешчилик күч алып, жек-жаатташып калдык. Өзүбүздү өзүбүз бутка чапкан бул өксүгүбүз кайра эле өз башыбызга муш болуп калктын социалдык абалы улам барган сайын начарлап, экономикалык жактан да, маданият жагынан да башкаларга салыштырмалуу ат чабым артта калдык. Кесепети оор бул көйгөйдөн арылуунун эң мыкты, эң кыска жолун окурмандарыбызга сунуш кылуу иретинде бул санда темага байланыштуу нары таасирлүү, нары маңыздуу макалалар жана сөз баккан инсан маңыздуу кептин дыйканы, көптөгөн көркөм адабияттардын автору, жазуучу Калканбай Ашымбеков менен болгон кызыктуу маегибиз жарык көрдү.
Алдыбыздагы Курман айт майрамына карата анын маани-маңызын терең маалымдаган жана айттын диндик, социалдык өңүтүн талдоого алган макалаларды жарыяладык. Аны менен катар дайымкы рубрикаларыбызга да кызыктуу маалыматтар камтылды. Негизи эле кандай гана тема болбосун «Ак Башатта» жарыяланган ар бир макала окурманды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Анткени буга окурмандарыбыздан келип жаткан каттар, телефон чалуулар, сунуштар жана айтылган каалоо-тилектер күбө.
Ардактуу окурмандар! Ар бир күнүңүздөрдүн Курман айт күнкүдөй шаңдуу маанайда өтүүсүнө «Ак Башат» журналы чын дилден тилектеш. Алла Таалам эл-журтубузга бейпилдик, бакубат турмуш жана ыймандуулук ыроолосун! Биримдигибиз, ынтымагыбыз, ыймандан сугарылган адеп-ахлагыбыз менен башка элдерге үлгү болгудай асыл сапатты Жаратка Алла кыргыз элине насип кылсын! Ажылык сапарга аттанган мекендештерибиздин ажылыгын Алла Таалам кабыл кылсын! 2010-жылдын алгачкы айында жүз көрүшкөнчө аман болуңуздар!
Урматтуу окурмандар! «Ак Башат» журналына жылдык жазылуу өнөктүгү башталды. Маалым болгондой, журналыбыз эки айда бир чыгат. Бир жылдык жазылуунун баасы алдын ала төлөм менен 250 сом. Абоненттин дарегине жаңы чыккан журналдарды жеткирүү акысыз.