Жыйырма үчүнчү сан

Осман Нури ТОПБАШ
Ойлонуу керек: -Эмне үчүн менин деним сак, алты саным аман да, анын саламаттыгы начар жана мунжу, майып? Буга: - Алла Таала аны мага аманат кылып жаратты! – дегенден башка жооп жок! Чыныгы Ислам гумандуулугу мына ушундай бир боорум.
Бул дүйнө эзелдеги башталыш менен түбөлүктүүлүктүн ортосундагы киши рухун кусага куйкалаган үлкөн майдан. Айттар, майрамдар болсо кубаныч менен кайгы эриш-аркак жүргөн бул дүйнөдө Жараткан Алла Таала пендезатка багыштаган, өзгөчө шаң, жарык маанайда өткөрүлө турган кубанычтуу күндөр. Бул кубанычтуу күндөрдө кароосуз калып, кордук көрүп, жапа чеккен жана саламаттыгы начар абалда сыркоолоп төшөктө жаткан пенделердин ал-абалын суроо, маанайын көтөрүү, Алла Таала ыроологон жакшы нерселерди алар менен тең бөлүшө кайрымдуулук көрсөтүү момун мусулмандын гана колунан келе турган иш.
Мусулман – бул колдоого муктаж болгон жандарды сүйүндүрүү аркылуу жан дүйнөсү бейпилдикке балкыган адам. Бул өңүттөн караганда Курман айт «кайрымдуулук» деген сообу мол изги амалды эске салган берекелүү учурлардын бири. Эскерте кетчү нерсе, кайрымдуулук кылган адам эки түрдүү жакшылыкка себепкер болот:
Биринчиси, момун-мусулман берген жардамы, көрсөткөн көмөгү менен колунда жок диндеш боордошунун көңүлүн алат.
Экинчиси, диндеш боордошун материалдык өңүттөн муктаждыгын камсыздайт.
Момун-мусулмандын баары бир тууган деп эсептелинет. Бир туугандык мойнубуздагы парзыбыз. Томуктай көлөкөгө зар болоор кыямат күнү Арыштын саябанында көлөкөлөй турган жети топтун бири биз сөз кылып жаткан «Алла үчүн бири-бирин сүйгөн диндеш бир туугандар1 » болуп эсептелет. Бул жайчылыкта да, кыйын кезеңдерде да бузулбай турган, түйүлгөн муштумдай бирдиктүү боордоштук.
Курмандык – бул Азирети Ибрахим менен Азирети Исмаилдин (Алла аларга ыраазы болсун) Жараткандын буйругуна болгон тобокелчилиги жана чын ыкластан берилгендигинин жышааны катары Мухаммад Пайгамбардын үммөтүнө ыроолонгон жакшылыктуу жөрөлгө. Алла ыроологон бул сый тууралуу биз мындай деп ойлонушубуз кажет:
«Ибрахим пайгамбар кылчактабастан уулун курмандыкка чалды. Ибрахим (алейхис салам) болсо жанын куштарлана Аллага арнады. Эми биз напсибизди жана дүнүйө мүлкүбүздү Алланын жолунда канчалык кайрым кыла алдык экен? Курандагы: «Жанын жана байлыгын берип бейишти сатып алган момун мусулмандар...» (Тооба сүрөсү, 111-аят) деген сыпатка татыктуубузбу же жокпу, ушуну ойлоп көрдүкпү?..
Тээ көөнө кылымдан бери Азирети Мавлана: «Эчкинин көлөкөсүн курмандыкка чалба!» деп бизди бул ибадаттын маани-маңызын, өзөктүү максатын аңдоого, ыкласмандыкка чакырып келет.
Шейх Шиблинин курмандык чалуунун рухий өңүтүнө ишаарат кылып айткан төмөнкү сөзүндө салмактуу акыйкат, салабаттуу маани жатат:
«Курмандык чаларда көздөгөн максатыңды, напсиңди жана эрк-каалооңду Алла Тааланын ыраазылыгына арнабасаң, анда курмандыгың түккө арзыбайт».
Ажыга баруу жана курмандык чалуу ибадаттарынын шарапаты менен шаңга бөлөнгөн бул куттуу күндөрдө эскертип кетчү жагдай, бадык ибадаттар сыяктуу эле ажылык да, курмандык чалуу да ынтаалуу ыклас, бийик ахлак жана ызаатуулук менен асемделүүгө тийиш.
Курмандык чалуунун өзөгүндөгү Кудайы даанышмандыктан сабак алуу, чалына турган жаныбардын момун мусулмандар үчүн Кудайы сый экендигин эске алуу керек. Анткени чын дилден Аллага тобокел кылуу, моюн сунуу жана такыбаалыкка таянган калыс ниет менен Кудайга кулчулук кылуу курмандык чалуунун негизги максаты болуп эсептелет. Бул багытта аятта мындай деп буйрулат: «(Курмандыкка чалынган жаныбарлардын) эти да, каны да Аллага жетпейт. Аллага такыбаалыгыңар гана жетет....» (Хаж сүрөсү, 37-аят).
Мындай караганда кадыресе көрүнгөнү менен өлүмдүн ары жагындагы жакшы күндөргө окшош болгон айт, майрам күндөрү жана куттуу кечелер ыйманы күчтүү кыраакы, такыбаа, олуя пенделер гана сезе ала турган ажайып сырларга бай келет. Азирети Пайгамбарыбыз өз хадисинде мындай деген:
«Сообун Алла Тааладан үмүт кылып Орозо айт жана Курман айт майрамынын түндөрүн ибадат кылган жандардын жүрөгү (бардык жүрөктөр өлгөн күндө да) өлбөйт» (Ибн Маажа, Сыям, 68).
Алланы сүйүүнүн бир белгиси ¬– жан дүйнөнү мээримдүүлүккө тарбиялоо менен бүт макулукка боорукер сезим менен мамиле жасоо. Бул жаатта жол башчыбыз Мухаммад Пайгамбарыбыз бизге эң татыктуу үлгү боло алат. Анткени адамдар гана эмес, жан-жаныбардын баары анын мээримдүүлүгүнө, боорукерлигине жылынган. Балапаны уядан алынганы үчүн чыркырап чарк айлана учкан канаттуунун дартын тыңдаган да, кожоюнунан токмок жеген төөнүн акы-укугун коргогон да Алланын ардактуу Элчиси эле.
Бүгүнкү күндө ошол орошон Пайгамбардан мураска калган асыл сапаттар унутулуп бараткандай сезилет. Талдан талга конуп кулактын курчун кандыра сайраган керемет үнү менен, көргөн көздү таң калтырган ажайып түсү жана табышмактуу сыры менен Кудай Тааланын чебердигин даңазалаган канаттууларды жеке кумар үчүн капаста кармоо, деңиздерде, океандарда кенен жашап жүргөн балыктарды аквариумдарга камоо – бул таш боордук жана ырайымсыздык!
Кечээ Алланын сүйүктүү Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) жүрөгүн канаткан кумурсканын уюгун өрттөө сыяктуу окуялардын бүгүнкү күндө талааларды тазалоо максатында уланып жатышы сезимдердин сокурланып баратканынан кабар берет! Ошондой эле курмандыкка чалына турган байкуш жаныбарларды удаама-удаа канга чыланган бир чуңкурга муздоо жана көзүн таңбастан туруп бычакты кайроо кайдыгерлик эмей эмине?!
Бүгүнкү күндө ушулар сыяктанган дагы башка нечендеген окуялар болуп жатат. Болбосо, макулуктун акы-укугу абдан маанилүү. Анткени жан-жаныбардын акысына кайдыгер караган киши адамдын акы-укугун жөн эле тебелейт, ал эми адамдын акы-укугун тебелеген киши Алла Тааланын койгон чегин оңой эле ашат.
«Биз (курмандыкка деп тандаган) бодо малдардарды да Алла Тааланын (Алланын кудуретин, буйругун эске салган) белгиси кылып койдук...»(Хаж сүрөсү, 36-аят) деп аятта буйрулгандай курмандык – бул Исламдын ажырагыс бөлүгү. Ошол себептен бул парзга жана чалына турган жандыктарга Алланын ыраазылыгы үчүн астейдил көңүл буруп, ырайымдуу мамиле кылуу зарыл.
Күндөрдүн биринде Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) кой союга камынып жаткан бир адамды көрүп калат. Тушалган койду жерге жаткыргандан кийин бычагын кайраган береги адамга Азирети Пайгамбарыбыз:
«-Жаныбар койду жүз жолу өлтүргүң келип жатабы? Койду жерге жаткырбастан оболу бычакты кайрап алсаң болбойт беле?» деп ачууланган (Хаким, IV, 257, 260/7570).
Курмандык чалуу маселесине Алланын сүйүктүү пенделери көрсөтүп кеткен кылдаттык, боорукерлик мусулман журтчулугу үчүн үлгү болууга тийиш:
Ардактуу устат маркум Сами мырза менен маркум атам Муса Топбаш курмандык чаларда ишти абдан кылдат жүргүзөр эле. Казылган бир чуңкурга эки малды мууздатчу эмес. Оболу жаныбардын көзүн калың кездеме менен таңдырып, анан жай гана жетелеп барышчу. Эгер чалына турган жандык кой же эчки болсо, боорукерлик менен башынан сылап акырын көтөрүп барууну талап кылар эле. Айрыкча бычактын өткүр болуусуна кылдат көңүл бура турган. Жаныбарды кыйнабастан, кордобостон жакшылап мууздоону жана канды толук агызууну ар дайым эсибизге салаар эле.
Жараткан Алла Тааланын бизден ыраазы болушунун өзү эле чыныгы майрам. Ошол себептен айт майрамында Алланын ыраазылыгын табуу үчүн бир кесим болсо да жетим-жесирлерге, кароосуздарга, колунда жок жакыр жашагандарга эттен ооз тийгизүүнү унутпайлы, ардактуу диндешим! Айрыкча, Африкада Кудайдан коркпогон таш боор баскынчылардын заалымдыгынан кордук тартып жаткан миллиондогон боордошторубузду эстеп, аларга тынчтык, бейпилдик, бакубат турмуш тилеп дуба кылууну эстен чыгарбайлы! Анткени куттуу хадисте Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: «Асмандагылар силерге ырайым кылсын үчүн жер жүзүндөгүлөргө мээримдүүлүк кылгыла!» (Абу Давуд, Адаб, 58).
Айт майрамын жана куттуу түндөрдү эс алуу күндөрүнө, оюн зоок менен өткөрүлө турган опсуз, напсиге жагымдуу келген майрамдарга салыштыруу туура эмес. Айт күндөрү туугандардан кабар алып, дүйнөдөн кайткан жакындарыбызды эскерип, Куран окуп сообун багыштайлы, ошондой эле колдоого муктаж болгон диндеш бир туугандарыбызга кайрымдуулук кылуу сыяктуу пайдалуу иштерди, соопко бай ибадаттарды орундатып, бүт коомчулук менен кубанычтуу маанайда өткөрөлү.
Оо, Жараткан Алла Таалам! Азирети Ибрахим менен Азирети Исмаил пайгамбарлар сымал тобокелге бекем болууну жана кылчактабай моюн сунганган ыкласмандыкты бизге да насип кыла көр!
Оо, Жараткан Алла Таалам! Айрыкча жан дүйнө майрамы болгон айт күндөрүндө канаты сынган куш сымал боорукерликке, кайрымдуулукка муктаж болуп турган жаралуу жүрөктөргө, айрыкча, заалымдыкка кабылган Африкадагы диндеш бир туугандарыбызга көрсөтүлүп жаткан жардамдарга Өзүң ыраазы бол жана аларга Өзүң жар боло көр!
Жараткан ыроологон Айт күндөрүндөгү берекелүү учурларды, соопко мол мүмкүнчүлүктү текке кетирбей кармап калгандар жана бул майрамдын акыйкат сырын чын жүрөктөн сезе алган жандар кандай гана бактылуу!....
1Куттуу хадис Бухарий, Азан, 36