Жыйырма үчүнчү сан

Исхак Майрамбаев
Кандай гана ийгилик болбосун, ал маңдай терди, эмгекти, убакытты, чаалыгып-чарчоону талап кылат. Бул жашоодо мындан башка адал, чыныгы жана түбөлүктүү ийгилик болбойт.
Арзанга же бекерге келген ийгиликтердин артында сөзсүз бирөөлөрдүн каны, көз жашы, адилетсиздик, куулук, айла-амал болот. Оңой келген нерсе оңой жок болот, тез табылган ийгилик бачым бузулат. Ошол себептен: «Эмгексиз бекер тапкандын эсеби болот түбүндө» деп даанышман ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек.
Оңойго келген жеңиштердин кызыгы да, жыргалчылыгы да аз болот. Биз эмес Алла Тааланын пайгамбарлары да турмуш-тиричилик үчүн алакан жоорутуп эмгектенишкен. Ак динди жеткирүү үчүн каапырлар менен согушуп жарадар болушкан, ал тургай шейит кетишкен.
Пайгамбарлар даяр, жеңил жана түздөн-түз Жаратуучунун Кудуретинен агылган ийгиликтерге эмес, көбүнесе өз аракеттерине жана күч-кайратка таянышкан... Бул жагдайлар, биз пенделер, үчүн албетте зор мааниге ээ. Эгер Алла каалаганда өз элчилерин укмуштуудай алп күчкө ээ кылмак жана элдердин динге кириши да кыйынчылыктарды, машакаттарды туудурмак эмес. Андай болгон күндө «сыноо» деген улуу максаттын адамзат үчүн эч кандай мааниси жок болмок, пайгамбарлардын үлгүлүүлүгү үзүрүн бермек эмес. Бул жерде Алла Тааланын эч бир нерсени тегин жерден жаратпаганын дагы бир жолу эстеп кою абзел.
Ийгиликке алып барчу жолдордогу тоскоолдуктарды ашуу, жашоодогу кыйынчылыктарга көкүрөк керүү, тагдырдын миң түркүн машакаттарына, азап-кайгыларына сабырдуу болуу жаатында пайгамбарлардын басып өткөн жолдору, алардын өмүр таржымалдары биз үчүн табылгыс байлык. Андыктан «Тарых – бул чоң мугалим» деп бекеринен айтылбаса керек. Алардын элчи кылынып жөнөтүлүүсүндөгү жалгыз максат – адамзатка үлгү болуу.
Айтмакчы оор кыйынчылык, күжүрмөн аракет, кажыбас кайрат, талыкпас эмгектенүү менен өткөрүлгөн өмүр зыянга учуратылган өмүр болуп эсептелеби? Ушундай жолдо өткөн өмүрдү жоготууга учурады деп айтуу туурабы?
Адамзат тарыхын изилдөөнүн жыйынтыгында бул суроого ар убак «ЖОК!» деген жооп чыга келет. Атагы ааламга кеткен, жогорку билимдүү жана үлгүлүү инсандар жогоруда айтылган машакаттардын баарын башынан өткөргөн. Жатып ичер жалкоолор, сараң байлар, пейили көөдөй кара көпөстөр жана ушул сыяктуулар адамзатка пайдасын тийгизмек тургай өздөрүнө да жарытылуу пайда жасаган эмес, тажрыйба талаасы бош болгондуктан, турмуштун азабын ушулар тартышкан.
Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде: «Адамзат үчүн маңдай терден өткөн адал оокат жок!» деп буюрган.
Шелли: «Жандүйнө жыргалды эмгектен табат!» десе, даңазалуу аалым Саид Нурси: «Жашоо – бул аракет жана эмгек» деп айтуу менен алп турмуштун эң маанилүү чындыгын кашкайта белгилеп кеткен. Ушундай чындыктарга карабастан канчалаган көрпенделердин рахатизм оорусу кармаганын жана түрдүү кызматтарды көрсөткөн жалкооканалардын көбөйүп жатышына эмне дейбиз?
Жан сыгылуунун, стресстин, кайгы-капанын чарасы деп табылган көңүл ачуучу жайлар, көңүл ачуучу оюндар тилекке каршы кайра эле кайгы-муңга, бузулууга жол ачып келатканы баарыбызга маалым. Өз элине пайда келтирбестен өз кызыкчылыгынан башканы ойлобогон адамдар, иши оңунан чыкпай калса, сөзсүз жүрөгү ооруп, капаланат. Көңүлүн убактылуу көтөрүү же өзүн сооротуу үчүн ичимдикке, баңгиликке берилет. Демек буларды ийгиликтүү адамдар деп айта албайбыз. Чын пейилден элине жакшылык кылып, элдин батасын алган адам албетте Алла Таалага жага турган иш кылган болуп эсептелет.
Ал эми өз ишин берилүү менен сүйүп жасаган мээнеткечтерди чыныгы бактылуу жана маанайы жарык адамдар деп эсептөөгө болот. Ошондуктан акылман бабалар: «Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот» деп нуска накыл айткан. Кандай гана иш болбосун ийине жеткире, майын чыгара аткарган пенде, сөзсүз өз эмгегинен баар табат. Анткени «Эл эмгегин жер жебейт» деген накыл кеп турмуштан алынган.