Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Курмандык ибадатынын социалдык өңүтү
   

Али Муслу

   Биз мусулмандарга кубаныч тартуулаган арапа жана Курмат айт күндөрү Ислам дүйнөсүндөгү эң маанилүү, салтанаттуу күндөрдөн болуп эсептелет. Себеби арапа күнү дүйнөнүн ар тарабынан келген ажылар Меккедеги Арафат аймагында топтолуп Алла Таалага бет алып, Алладан кечирим тилешет. Арафаттагы бул көрүнүш Исламдын биримдикке жана боордоштукка канчалык деңгээлде маани берээринин кашкайган далили.

   Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо максатында белгилүү мал-жандыктарды союу аркылуу аткарылган ибадат. Курмандык - бул бүтүндөй жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүр келтирүүнүн, ыраазычылык билдирүүнүн белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

   Биз Алланын ыраазылыгы үчүн чалган курмандыгыбыз менен Жараткан Алланын жолунда мал-мүлкүбүздү, алтургай азирети Ибрахим жана анын уулу азирети Исмаил сыяктуу жаныбызды дагы арнай ала тургандыгыбызды билдирген болобуз. Бул ибадатта да чын ыкластуу болуу жана жалгыз Алланын ыраазылыгын көздөө негизги талап. Алла Таала Хаж сүрөсүндө: «Бул мал-жандыктын эти да, каны да Аллага жетпейт (кереги жок). Алла Таалага силердин такыбаалыгыңар гана жетет» (Хаж сүрөсү, 37-аят) дейт.

    «Курмандык» түшүнүгү адамзат тарыхында алгачкы адам жана алгачкы пайгамбар Адам атанын эки уулу менен башталат. Бул багытта Куранда төмөнкүчө маалымдалган: «Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындык баянды айтып бер: Алардын биринин курмандыгы (Алла тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок...» (Маида сүрөсү, 27-аят)

   Курмандык жеке адамга болсун, жалпы коомго болсун, айтоор, ар тараптуу пайдасы бар улуу ибадат. Мусулман адам курмандык чалуу менен Алла Тааланын буйругуна баш ийип, кулчулугун ачык-айкын түрдө айгинелеген болот. Ошондой эле курмандык чалган ар бир мусулман пенде азирети Ибрахим менен уулу азирети Исмаилдин Улуу Жараткан Алла Тааланын буйругуна толук кандуу түрдө моюн сунуу аркылуу сынактан ийгиликтүү өткөндүгүн эстеп, өзү да ошондой Жаратканга толук моюн сунууга даяр болгондугун көрсөтөт.

   Бул ибадат коомдо боордоштуктун, бейпилдиктин, тынчтыктын жандуу сакталышын камсыз кылуучу өзгөчө маанилүү ибадат. Ал социалдык адилеттүүлүктүн, тең салмактуулуктун жүзөгө ашышын талап кылат. Айрыкча эт сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпеген жарды-жалчылар жашаган жерлерде курмандыктын дал ушул ак кызматын алдаканча ачык-айкын көрүүгө болот. Бул ибадат чыныгы мусулман бай адамды мал-мүлкүн Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн кедей-кембагалдар менен бөлүшүүгө көнүктүрүп, ага өзүнчө бейпилдик тартуулайт. Аны сараңдык дартынан, дүнүйөгө болгон ашкере сүйүүсүнөн арылтат. Кедей адамдардын да ошол бардар пенделер аркылуу Жараткан Аллага шүгүр келтиришине, кедейлер менен байлардын ортосундагы кызганычтын жоюлушуна себепкер болот.

   Жогоруда маалымдалгандай, Ыйык Куранда: «Бул мал-жандыктын эти да, каны да Аллага жетпейт (кереги жок). Алла Таалага силердин такыбаалыгыңар гана жетет. Силерге туура жол көрсөткөн Алланы улукташыңар үчүн ушинтип малдарды силерге багындырып койдук. (Эй, Мухаммад!) Жакшылык кылгандарга (бейишке кирээрин айтып) сүйүнчүлө!» (Хаж сүрөсү, 37-аят) деп буюрулат. Демек, бул ибадатта эң негизги нерсе тек гана кан агызуу же эт жеш эмес, Алла Тааланын ыраазылыгын табуу, Ага жакындоо болуп эсептелет.

   Курман айт күндөрү мал-жандыктарды союп-жиликтеп бүткөндөн кийин акыр-чикирин жерге терең көөмп, айлана-чөйрөнү жакшылап тазалоо кажет. Бул курмандыкка чалынган мал-жандыкка жана курмандык ибадатына карата көрсөтүлө турган урматтын өзүнчө талабы. Ошондой эле бул иш-аракет айрыкча чоң шаарларда жана эл көп отурукташкан жерлерде саламаттык сактоо эрежелери жана айлана-чөйрөнүн тазалыгы жагынан да өтө маанилүү. Мал союлган жерди ошол бойдон калтырып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына жана элдин акы-укугуна кош көңүл мамиле жасоо аркылуу курмандыкка чалынган малдын этин муктаж адамдарга таратуунун сообун азайтып албоо зарыл.

   Улуттук жана диний сезимдерди жандуу кармоодо, коомдук биримдиктин жана ынтымактын өкүм сүрүшүндө майрамдардын чоң мааниси бар. Чынында эле айрыкча диний майрамдар адамдардын ортосундагы жылуу мамиленин, достуктун жандуу сакталышында, анын бекемделишинде өзүнчө «көпүрө» кызматын аткаргандыгы менен өзгөчө мааниге ээ.

   Майрам – бул социалдык биримдиктин, тынчтыктын жана бейпилдиктин күнү. Таарынышкандардын, ортолорунда кеги бар адамдардын жарашып, ынтымакка келиши кичинекейлердин чоңдорго урмат-сый көрсөтүшү, чоңдордун кичинекейлерге үлгү болушу, оорулууларга барып ал-абалын сурап алардын көңүлүн алуу, бөбөктөргө белек берип алардын да көңүлүн көтөрүү сыяктуу жакшылык иштер негизинен мына ушундай майрам күндөрү жүзөгө ашат.

   Азирети Пайгамбарыбыз Мединага көчкөндө мединалыктардын эки майрамы болгон. Ардактуу Пайгамбарыбыз мединалык мусулмандарга: «Алла Таала силерге ошол эки күндүн ордуна дагы да кайырлуу эки майрамды берди» (Абу Давуд, Солаат, 245; Насаий, Солаатул-Идайн, 1) деп орозо жана курман айт мусулмандардын майрамы болгондугун баса белгилеген. Ошол күндөн бери майрамдалып келе жаткан бул эки майрам мусулман элдеринин салттуу майрамына айланган.

   Айт күндөрү ата-энелерибиздин колдорунан өөп, алардын ак батасын алышыбыз керек. Ыйык Куранда улуу Алла Таалага ибадаттан кийин ата-энеге урмат-сый жана жакшылык кылуу буйрук кылынып, аларга «уф-ф» деп айтууга дагы тыйуу салынган (Исра сүрөсү, 23-аят). Айт күндөрүн тууган-туушкандар менен, кошуналар менен майрамдык маанайда өктөрүшүбүз керек. Мусулман боордошторубуздун майрамын тең бөлүшүүбүз керек. Ооруканаларда жана үйлөрүндө жаткан оорулуу боордошторубузга барып, ал-абалын сурап, алардын көңүлүн алышыбыз керек. Айлана-чөйрөбүздөгү жарды-жалчыларга жана кароого муктаж балдарга жардам берип, алардын да майрамдык маанайын көтөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Бизден дуба күткөн маркумдарыбыздын мүрзөлөрүнө барып, алар үчүн Куран окуп, Жараткан Алладан алардын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп дуба кылышыбыз керек. Таарынышып жүргөн боордошторубузду элдештирүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Балдарыбызга ар түрлүү белек-бечкектерди берип, алардын да кубанычына ортоктош болушубуз керек. Мына ушунун баары коомдук ынтымак-ырашкерликтин, биримдиктин өз-өзүнчө талаптары болуп эсептелет.

   Айт күндөрү мусулман баласынын жеке адамдык жана жалпы коомдук жашоосунда өзгөчө маанилүү күндөрдүн башынан орун алат. Бул күндөрдө жандуулугун жогорку деңгээлде сактаган биримдик, ынтымак-ырашкерлик жылдын белгилүү күндөрү менен гана чектелбеши керек. Жараткан Алла ар бир күнүбүздү дал ошол биримдиктин айдыңында өткөрүп, түбөлүк бакыттын мөлтүр булагынан даам сызышыбызды насип буюрсун... Оомийин.

Башына