Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Ажыларга суу ташып, ак кызматын өтөгөн ыкласман инсан Азирети Аббас (Аллах ага ыраазы болсун)
   

Нурлан Багышов

   

   Азирети Аббас кутман Пайгамбарыбыздын атасы менен бир тууган абасы болот. Тактап айтканда, Абдулмуталлибдин эң кичүү уулу. Ал Алла Элчисинен эки жаш улуу болгон. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) энесинен эрте жетим калып, чоң атасы Абдулмуталлиб аны карамагына алгандан кийин бала чагы Аббас менен чогуу өтөт. Азирети Аббас жаштайынан тартып соода-сатык менен шугулданып, байлардын катарына кошулат. Эл арасында Ыйык Каабага кызмат кылуу чоң сыймык эле. Ал кезде Курайш уруусунун тыңчыкмалары көрсөтүлчү кызматтарды бөлүп алышкандыктан, Аббас ажыларды суу менен камсыз кылуу милдетин алган. Ал суу ташуу кызматын Ислам дини келгенден кийин да уланткан.

   Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) элди алгач Исламга үгүттөй баштаганда Аббас бейтарап абалда эле. Жадагалса ал жалгыз Аллага ыйман келтирбесе да, Исламды жаюда материалдык жактан жардам көрсөтүп, акыркы Пайгамбарга дем берген. Айта кетчү нерсе, Аббастын жубайы Уммул Фазл биринчилерден болуп ыйман келтирген алгачкы мусулмандардын бири болуп эсептелет. Бир күнү ал байлыгын бир жерге көөмп койот. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз Алланын амири менен анын жашыруун көмгөн байлыгын өзүнө айтканда «Аллага ант болсун, сенин Алланын Элчиси экендигиңе ыйман келтирдим. Байлыгымдын көмүлгөнүн жубайымдан башка эч ким билчү эмес!» деп келме келтирип, мусулман болот. Мусулман болгондон кийин Меккедеги мусулмандарды бутпарастардын каарынан коргоодо чоң рол ойногон. Анткени ал Меккедеги сөзү өтүмдүү, кадыр-баркы жогору инсандардын бири эле.

   Мекке каратылаардан алдын Мединага көчүп барган Аббас мурункусундай Азирети Пайгамбарыбыздын жанында болгон. Мединага келген Аббаска Азирети Пайгамбарыбыз: «Мен пайгамбарлардын акыркысы, а сен мухажирлердин акыркысы болдуң» деген. Хунайн урушунда мусулмандардын колу артка чегинет. Ошондо душмандын бет маңдайында туруп алып арттагы мусулмандарды шыктандырып казатка үндөйт. Азирети Аббастын демилгеси менен кайрадан жанданган казат мусулмандардын жеңиши менен аяктайт. Ал мындай каармандык менен гана чектелбестен Византияга багытталган казатта мусулман колун курал-жарак жана керектүү каражат менен камсыз кылган.

   Азирети Аббас үч халифанын доорунда өмүр сүрүп, улуу көчтүн 32-жылы (653жылы) 88 жаш курагында куттуу Медина шаарында көз жумат. Көп мусулмандар анын жаназа намазын Азирети Осмондун (Алла ага ыраазы болсун) имамдыгы астында окушат. Азирети Аббас дүйнө салганда артында ондон ашуун перзенти калган. Азирети Аббастан калган урпак арадан бир нече жыл өткөндөн кийин бийликке келип, Аббасий Ислам дөөлөтүн курушкан.

   Алла Элчиси абасы Азирети Аббасты далай ирет мактап, анын татыктуу инсан экендигин жамаатка билдирген. Ошондой эле: «Абдулмуталлиб уулу Аббас Курайш уруусунун эң жоомарты, тууганга күйүмдүүсү жана кадырманы» деген. Ал кул азат кылганды абдан жакшы көрө турган. Кургакчылык өкүм сүрүп, эл жүдөп калганда Азирети Умар Аббас менен чогуу талаага чыгып, жамгырдын жаашы үчүн анын оң колун өйдө көтөрүп: «Оо, Жараткан Алла Таалам! Пайгамбарың арабызда жүргөндө анын урматы үчүн Сенден тилегибизди сурачу элек... Оо, Жараткан! Бүгүн болсо Пайгамбарыңдын абасынын кадыры үчүн жамгыр жаадырышыңды суранабыз! Мээримиңди бизден аяба...» деп тилек тилээри менен келген жамаат артка кайтып кайта электе Жараткан Алла нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат.

   Азирети Аббас туура жүргөн, кыраакы, берешен, камкор сахаба болгон. Бухарий менен Муслимде андан 35 хадис риваят кылынган. Азирети Аббастын сөөгү Мединада «ал-Баакий» көрүстөнүнө коюлган.

Башына