Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Ибрахим жана Исмаил (алейхис-салам)
   

Ак Башат казынасынан

   

Залим Намруттун алоолонто жаккан отун ак дилден берилүү менен гүлзарга айландырган ИБРАХИМ (алейхиссалам) жана Ыкласмандыгы, тобокелчилиги жана моюн сунгандыгы менен дастанга айланган ИСМАИЛ (алейхиссалам)

   Куран-и Каримде баян этилген пайгамбарлардын катарына кирген Азирети Исмаилге (алейхиссалам) «Алла Тааланын курмандыгы» маанисинде «Забиюллах» деген лакап ыйгарылган. Исмаил деген сөз, Алла Таалага моюн сунуучу деген маанини билдирет. Ибрит тилинде Исмуел, арап тилинде Исмаил деп айтылат.

   Исмаил (алейхиссалам) Журхум уруусунун балдары менен бирге өсүп чоңойгон. Алардан ок атуунун түрлөрүн үйрөнүп, эр жетип калган кезде көзгө атар мерген болгон.

Алланын олуттуу сыноосу - курмандык баяны

   Баяндамалардын биринде Ибрахим (алейхиссалам): «Эгер Алла Таала мага бир уул берсе, мен аны курмандыкка чалам!» деп алган тура.

   Ибрахим пайгамбар наристе Исмаил менен Ажар энени Меккеге таштап кайткан соң байбичеси Саранын жанына кайтат. Ара чолодо Мекке тарапка бир кайрылып, уулу менен кичүү жубайы Ажардан кабар алып турат. Күндөрдүн биринде Меккеге барып, конуп калган Ибрахим пайгамбар түндө жатып түш көрөт.

«Уулу (Исмаил) аны менен бирге жүрүүгө жарап калган кезде (Ибрахим): «Уулум! Мен түшүмдө сени (курмандыкка чалып) мууздап жатыпмын. Ойлонуп көрчү. Буга кандай карайсың?» деди. Ал айтты: Атаке, сага (Алла Тааладан) кандай буйрук келсе, ошону аткар. Алла (Өзү кааласа) мени сабыр кылган абалда көрөсүң!» (Саффат сүрөсү, 102-аят).

   Кантсе да, пенде эмеспи, уулун өз колу менен бычактаганы атанын жүрөгүн үшүтүп жиберди. Анан туруп бул түш шайтанданбы, же Алладанбы деп, терең ойго кетет. Бул иш чындап эле анын дилине оор келет. Бирок ушул эле түш үч күн катары менен кайталанат. Айрыкча бул ажайып түштүн ажылык мезгилинин таврия, арапа жана айттын биринчи күнүнө туш келгени таразанын акыйкат жагына оор басып кетет.

   Жараткан Аллага чын дилден тобокел кылган Ибрахим (алейхис салам) Исмаилди (алейхис салам) таза жуунтуп, кийимине атыр сээп, досуна алып бараарын айтып, колуна жип жана бычак алып, ажылар турчу Вакфага карай бет алышат. Ошондо Азирети бала Исмаил жети же он үч жаштарда болгон. Учурдан пайдаланып калуу үчүн адам кейиптенген шайтан оболу Ажар энени, андан соң Исмаилди (алейхис салам), аргасы түгөнгөндө Ибрахимди (алейхис салам) Алланын буйругунан кайтарууга жандалбас уруп, түркүн сөздөрдү айтып бал тилге салып да, алдап да көрөт. Бирок майнап чыкпайт. Тескерисинче, ата-бала экөө тең: «-Сен куулган шайтансың! Жолобо бизге!» деп шайтанды жети таш менен таш бараңга алып кууп жиберишет. Мына ошентип ажылыктын бир шарты деп эсептелинген «шайтанга таш уруу» ырасымы ушундайча башталган.

    «Ошентип экөө тең Аллахка моюн сунушуп, атасы аны чекеси менен жаткызды. Биз ага үн салдык: «Эй, Ибрахим! Акыйкатта, сен, түшүңдү чындыкка чыгардың. Албетте, Биз жакшы иштерди кылуучуларды мына ушинтип сыйлайбыз. Чындыгында бул ачык сыноо эле» (Саффат сүрөсү, 103-106-аяттар).

    «Биз (Исмаилдин) ордуна курмандыкка (чоң кочкорду) жибердик. Кийинки муундарга ал тууралуу жакшы атак калтырдык. Ибрахимге салам болсун! Жакшы иш кылуучуларды Биз мына ушудайча сыйлайбыз. Акыйкатта ал Биздин момун пенделерибиздин бири болчу» (Саффат сүрөсү, 107-111-аяттар).

Уулун жаткырып колу-бутун байлаган соң ич ааламынан келген аталык мээрими менен:

    «Жалгызым! Эми, буйруса, кыяматта көрүшөбүз! Ага чейин кош бол!» деп, болгон эрки менен бычакты уулунун кекиртегине тартып калды. Алла Таала

Жабраилге:

    «Жет бачым! Бычакты оодарып калганга үлгүрүп кал!» деп буйрук берээри менен, көз ачып жумганча жете келген Жабраил (алейхис салам) бычакты өтпөс кылып салат. Кайратман ата бычакты экинчи жолу басып тартат. Бул жолу дагы бычак өтпөй койот.

   Ошондо Ааламдардын Ээси Жараткан Алла: «Акыйкаттан Ибрахим өз түшүндө болгонду далилдеп, кайратын, күчтүү эркин дагы бир жолу далилдей алды!» деп ага мактоо айтат. Жараткандын амири менен Жабраил периште көктөн дароо бир кочкор түшүрөт да «Аллаху Акбар, Аллаху Акбар» деп такбирди созолонтот. Периштенин созолонткон мукам үнүн уккан Ибрахим (алейхиссалам) да сөздөрдүн султаны болгон «Даңктуу сөздү» кайталайт. Арапа күнү багымдат намазынан Курман Айт майрамынын төртүнчү күнүнүн аср убагына чейин айтылчу Алланы улуктоо, мактоо жана даңктоо сөздөрү курмандык сынагынын бизге калтырган ары сооптуу, ары жооптуу табериги болуп саналат.

   Жаратканга дил менен да, тил менен да ыраазылык, шүгүрчүлүк билдирген ата-бала чоң сыноодон мүдүрүлбөй өтүп, үйгө кайтышат. Азирети Ибрахим отко ташталганда напсиге алдырбаган эрктүү ыйманы менен сыналса, канынан бүткөн кара чечекейин курмандыка чалууда уулуна бапестеген мээрими менен сыналган. Натыйжада жан чыдагыс чоң сынакта дилине ширеген бекем ыйманы, накта берилгендиги жана томкорулбас тобокели аны жемиштүү жеңишке жеткире алды.

Исхакты сүйүнчүлөө

   Жараткандын ары зор, адам баласынын күчү да, эрки да туруштук бералбай турган, нары түйшүктүү албан сыноосуна пайгамбар Ибрахим жаштайынан тушугуп, тушукканына сүйүнүп, Теңирден келгени үчүн ошол оор ишти жандилден сүйүп аткарды. Улгайган пайгамбардын ошол болот сындуу эркинин өрткө таштап жибергенде да козголбос, бекем ыйманынын урматына, жашы барып калганына карабай, Улуу Досу ага дагы бир уулду сыйлык кылып берди. Дал ошол кезде Ибрахим (алейхиссалам) 120 жашта, Сара эне болсо 90 же 99 жаштарда экен. Алла Таала муну мындайча баяндайт:

    «Анткени ал (Аллага) ыйман келтирген пенделерибизден болчу. Аны (келечекте) пайгамбардын жакшыларынын бири (боло турган) Исхак атуу уул менен кубанттык. Ошентип, ал экөөнүн урпагынан жакшылар (момундар) да, өзүнө ачык зулумдук кылгандар (каапырлар) да чыгат» (Саффат сүрөсү, 112, 113-аттар).

Каабанын курулушу

   Жараткан Алланын ардактуу досу бир топ жылдардан кийин желмаянын желдирип Меккеге бет алат. Уулу менен кучакташа көрүшүп, сагынычтарын таратышат. Бул келиште карыя пайгамбар улуу максат менен келген эле. Исмаилге (алейхиссалам):

«Уулум, Улук Эгебизден буйрук бар. Ушул жерге бир үй курушубуз керек. Сен мага жардам бер!» дейт.

   Ошентип, Каабанын курулушу башталат. Жабраил периште менен Исмаил пайгамбар таш ташышат. Азирети Ибрахим болсо Каабанын дубалын көтөрөт. Дубал улам бийиктеген сайын карыя пайгамбар шаты катары колдонгон мармар таш да Алланын кудурети менен көтөрүлүп турат. Карыя пайгамбардын изи калган мына ошол мармар таш «Макам-ы Ибрахим» деп аталып калган.

   Алла Таала: «Эстегиле! Ибрахим менен Исмаил «Байтулланын» (Каабанын) пайдубалын көтөрүп жатып: -Раббим! Бизден (ушул амалыбызды) Өзүң кабыл кыла көр! Албетте Сен Угуучусуң, Билүүчүсүң! - деген эле» (Бакара сүрөсү, 127-аят).

Ибрахим (алейхиссалам) Каабаны куруп бүткөн соң Алла Таалага минтип жалбарат:

    «Оо, Жараткан Алла Таалам! Бул шаарды тынч-бейпил шаар кылгын. Калкынан Өзүңө жана акырет күнүнө ишенүүчүлөргө түрдүү мөмө-жемиштерден ырыскы бер!» (Бакара сүрөсү, 126-аят). «Оо, Улуу Кудайым! Бизди Өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана урпактарыбыздан Өзүңө моюн суна турган инсандарды чыгара көр, ибадат кылуу жолдорун үйрөт. Тооболорубузду кабыл кыл! Албетте, Сен тооболорду кабыл кылуучу Мээримдүүсүң!» (Бакара сүрөсү, 128-аят). «Оо, Жараткан! Аларга өздөрүнүн арасынан Сенин аяттарыңды окуп, аларга жеткире турган, аларга Китепти (Куранды), даанышмандыкты үйрөтө турган жана аларды (ширктен) арылта турган бир элчи жибер! Албетте, Сен Ызааттуу жана Даанышмансың!» (Бакара сүрөсү, 129-аят).

   Күндөр өтүп, апталар айды курап, айлар жылды жылга жалгап олтуруп, Исмаил (алейхиссалам) эр жетет да, Журхуми уруусунун урмат көрсөтүп, кадырлап сыйлаган ардактуу адамына айланат. Ал элдин арасында жүрүп, арап тилин үйрөнөт. Ошол урууга күйө бала болуп өз алдынча түтүн булатып калат. Энеси Ажар Жараткан берген берекелүү өмүрдү жашап, тирүүлүк дүйнөсүнө Исмаилдей (алейхис салам) таза дилдүү, акылман пайгамбарды алып келип, тарбиялап, анан убакыт-сааты бүткөн соң одүйнөгө сапар тартат. Исмаил пайгамбар эл-журту менен энеси Ажарды Каабанын жанындагы «Хижр» деген жерге койот.

   Ибрахим (алейхиссалам) дүйнө салгандан кийин Исмаил пайгамбар Каабага жана ажылыкка таандык иштерди уланта берди. Эң алгачкылардан болуп Каабаны кездеме менен каптады. Алла Таала ага пайгамбарлык милдетти жүктөгөндөн тарта Мекке жана айланасында жашаган Журхум, Амалика элине жана Йемен урууларына, Маариб жана Хадрамавт чөлкөмүндө жашаган элдерге Алланын ак динин жайып, элди туура жолго баштады. Азирети Исмаил элдерди элүү жыл бою Исламга чакырды. Кээлери ага ыйман келтиришсе, кээлери каапыр бойдон калышты. Чакырыкка кулак салып, ыйманга келген пенделердин саны агезде өтө эле аз болчу. Ошондой болсо да, Исмаил (алейхиссалам) өз озуйпасын аткарууда сабырдуулук жана туруктуулук көрсөттү.

    «(Эй, Мухаммад), дагы ушул Китепте Исмаилди эстегин! Чынында ал убадага бек пайгамбар эле. Ал өз бүлөсүн, үммөтүн намаз окууга жана орозо кармоого үндөчү. Ал Жараткандын даргөйүндөгү (барктуу) киши эле» (Мариям сүрөсү, 54, 55-аяттар).

   Укумунан пайгамбарлардын тарашы, айрыкча Мухаммад Мусатафанын (саллаллаху алейхи васаллам) анын урпагынан чыгып ааламга төгүлгөн кут болушу Ибрахимдин (алейхиссалам) пайгамбарлар тарыхындагы ордунун салмактуу, барктуу жана өзгөчө экендигин айгинелеп турат. Кааба жана ажылыктын өзгөрүлгүс эрежелери Ибрахим пайгамбардан кыяматка чейин улана турган руханий жөрөлгөлөрү менен толукталган жана асемделген. Ошол эле учурда нечелеген кылымдар бою миллиарддаган мусулмандар күн сайын беш убак намазынын акыркы отурушунда Азирети Мухаммадка (саллаллаху алейхи васаллам) салам айтуу менен катар Алла Таала Ибрахим пайгамбарга Өзү үйрөткөн салаватты айтып келебиз.

    «Оо, Жараткан Алла Таалам! Ибрахимге жана анын бүлөсүнө жакшылыкты жана берекени ыроологонуң сыңары Мухаммадка жана анын бүлөсүнө да жакшылык жана берекеңден багышта. Албетте, Сен мактоого татыктуу жана Улук Затсың!» (Бухари, Даават, 32; Тирмизи, Витр, 20; Ибн Мажа, Икама, 25).

Башына