Жыйырма үчүнчү сан

даярдаган: Садык Гавай
Ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун) минтип айтат: “Көзүнөн шор-жаш аккан жана көзү кызарган (мусулман) адамдарга Аллахтын Элчиси (саллаллааху ‘алайхи васаллам): “Көзүңөргө сурманы пайдалангыла. Анткени ал көздү(н шорун) кургатат, кирпикти өстүрөт, көздүн айланасындагы бырыштарды жоготот жана көздүн көрүүсүн (зрение) жакшыртат”,–деп кеңеш берчү (Жамиус-Сагир, Нихая).
Умар ибн Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллааху ‘алайхи васаллам) мындай дегенин уккам: “Эгерде силерден кимдир бирөө ооруп жаткан адамды зыярат кылганы келген болсо, анда анын силерге дуба кылышын сурангыла. Анткени ооруп жаткан (мусулман) адамдын дубасы, периштелердин дубасы сыяктуу” (Ибн Мажжа, Ибн Сунни).
Тарик бин Сувейд (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт: “Бир жолу Аллахтын Элчисинен (саллаллооху ‘алайхи васаллам) арак-шарап дары боло алабы деп сурашты эле, ал минтип жооп берди: “Арак-шарапта шыпаа жок, ал болгону бардык балээлердин башаты. Шыпаа – Аллах халал кылган нерселерде гана болот. Ошондуктан, ким харам нерсе менен дарыланууга аракет кылган болсо, билип коюшсун: Аллах анда (б.а. харам болгон арак-шарапта) эч кандай шыпааны буйруган эмес” (Абу Дауд, Тирмизий, Жамиус-Сагир).
Абу Дарда (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: “Бир жолу Аллахтын Элчисине (саллаллааху ‘алайхи васаллам) бир адам келди да, атасы заара ушатканда оорудан кыйналып жатканын айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллааху ‘алайхи васаллам) бардык (мусулман) адамдарга кайрылуу менен мындай деди: “Эгерде силерден кимдир бирөө ушундай ооруу менен ооруса, дайым мобул дубаны айтып жүрсүн: “Асмандарда Ысмы даңазаланган жана Бийлиги асман-жерди бүтүндөй камтыган оо, биздин Эгебиз! Сен асмандарда ырайымдуу болгонуңдай, жерде да бизге ырайымдуу боло көр! Биздин күнөөлөрүбүздү кечир. Бул ооруга Өзүңдүн шыпааларыңдан шыпаа түшүр, Өз Ырайымыңдан ырайым жаадыр”. Абу Дарданын айтуусу боюнча тигил адамдын атасы ушул дубаны окуй баштаганда айыгып кетет” (Абу Дауд).