Жыйырма үчүнчү сан

Сталиндик акча менен 1300 рубль айлык алчумун
«Сакадай бою сары алтын» деген сөз бар эмеспи. Мен ошого Калканбай абаны ылайыктуу көрөм. Эмнеге дебейсизби? Төр маегибиздин бул жолку каарманын сегиз жылдан бери жакшы тааныйм, жакындан баарлашып, дидарлашып дегендей. Калканбай абанын оюнун бийиктиги, дүйнө таанымынын кеңдиги, куюлушкан сөздөрүнүн жандуулугу, таасирдүүлүгү, эл-журтуна, айрыкча келечек муунга болгон күйүмдүүлүгү, жагынан сары алтынга алмашкыс асыл сапаттары бар. Анан да адамды, рухий жана улуттук дөөлөттөрдү баалаган жөнөкөй киши. Эмесе, олуттуу көйгөйлөр тууралуу суроолорума маектешимдин берген жообун окуп сары алтындын салмагын окурман өзү таразалап алсын...
-Калканбай аба чыгармачылыкка кандайча аралашып калганыңызды, кандай мазмундагы китептерди жазганыңызды өз оозуңуздан уксак.
- Мен жаш кезде жазуучу болом деп эч убакта ойлогон эмесмин. Окуп жүргөндө эсеп-кысапка тың болуп, математикага кызыгуум күч болгондуктан математик болом деп эңсечүмүн. Ошентип эллүүнчү жылдарда Караколдогу мугалимдер институтунун физика-математика факультетине тапшырдым. Элүү экинчи жылы окуу жайды бүтөөрүм менен мени Кочкор тарапка жиберди. Ал убакта Нарын облусу боюнча кайсы гана билим тармагын албайлы сабаттуу, билимдүү кишилер жокко эле болчу. Согуштан кийинки жылдардагы алгачкы карлыгачтар барып жаткан кез экен. Анан мен барып математика мугалими болуп иштеп калдым. Ошондо күнүнө алты сааттан эсептегенде жумасына отуз алты саат сабагым бар эле. Албетте, азыркы эки мугалимдин жүгүн аркалап жатсак, мээнетибиз ошого жараша акталаар эле. Ачыгын айтайын, колубузга Сталиндик акча менен 1300 рубль тийчү. Эми ал кездеги акчанын күчү күч эле, Американын азыркы акчасына салыштырып көргөндө 1300 доллар сыяктуу эле.
Кайду, Бөтөй деген чоң аталарыбыз алп жомокчу болгон экен, а өз атам болсо Саякбай менен чогуу жүргөн даңазалуу Манасчы эле. Мен балачакта кыргыздын ооз эки адабиятын көп тыңдап, жазма адабияттарды, поэзияны, гезиттерди көп окудум. Кочкордо мугалим болуп иштеп жүргөндө да адабий китептерди окуп жүрдүм. Таасири сөзсүз тийет экен, сөз угутун алып, сөздүн кудуретин үйрөндүм. Ошентип өзүмдөн өзүм эле жазгым келип калды. Анан калем кармап жазып көрдүм. Алгачкы ирет өз көзүм менен көргөн бир окуяга байланыштуу аңгеме жаздым. Башы алатемгил бир баланы көрдүм да, эмне болгонун сурасам, жара чыккан экен атасы айыктырам деп кислота сүртүптүр. Байкуш карапайым киши кислотанын күчтүүлүгүн билген эмес да. Ошентип атасы баласын кислота менен айыктырганын сатиралаштырып аңгеме жазсам, аным «Жаш Ленинчил» журналына чыгып калыптыр. Анан ошондон баштап жаза баштадым. 1959-жылы мени «Ленинчил жаш» гезитине чыкырып калышты. Мен башта айтып өткөнүмдөй, математикадан башка филологиялык да, журналистикалык да билимим жок эле. Адабият, философия жана башка керектүү китептердин баарын кийин окудум. Алтымышынчы жылдардын башында «Ала-Тоо» журналынын редактору Касым Кайымов деген жазуучу, адабиятчы киши бар эле. Менин жазуучулук чөйрө менен камыр-жумур болуп кетишиме жана жазуучулук өнөрдү өркүндөтүшүмө ыраматлык ошол кишинин ат көтөргүс зор салымы бар. Бир нече гезит-журналдарда иштеп үч жүзгө жакын очерктерди, фельетон, публистикалык макалаларды жаздым. Андан тышкары «Интергельпо», «Мунт», «Академик өмүр», «Сокмо көйнөкчөндөр» деген романдарды, «Биринчи марш», «Болоттун куймасы», «Өчпөс толкун» деген повесттерди, «Даанышман», «Батакөй чал», «Бой тумар», «Акылмандан каухар таш» жана башка баш аягы 21 китеп жазыптырмын. Булардан башка учурда даярдалып жаткан үч, төрт китеп бар. Даярдалып болгон соң элиме арнасам деп турам. Чыгармачыл инсан болгон соң келечек муунга таалим-тарбиябызды берип калалы деген ниетте Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетке «чечендик жана көсөмдүк» деген темада дарс окудум. Окумуштууларына да, окутуучуларына да окуучуларына да жакты көрүнөт, университеттин ардактуу профессору деген наамды ыйгарышты.
-Эми негизги темага кайрылалы. Кыргыз элинин экономикалык жана өнүгүп-өсө албай, рухий жактан да өксүп турушунун бирден-бир себеби өз ара ынтымактын жоктугунда деген пикирге кандай карайсыз?
- Ынтымактын солгундап жатышына көп нерсенин таасири, кесепети тийип жатат. Эң башкысы экономикалык абалдын начарлыгы. Биз жашап жаткан мынабу рыноктук, кызылкулактык системанын мүнөзү ушундай экен. Турмуштун айынан же жарым жартылай, же толук түрдө көчүп-конгон мекендештерибиз көбөйдү. Акчанын бийлиги кирип келди. Акчалуу акчасыз ачка адамдарды каалашынча иштетмей заман. Акчанын бийлиги өкүм сүрүп турганда, ташбоорлук күч алат турбайбы. «Мен» деген текебер кишилер көбөйүп кетти. А «биз» деген кишилер азайып баратат. Мен деген мезгилге кабылганда акылман оозун басса аман калат деген экен кытайдын бир кеменгери. Өзүмчүлдүк, менменсинүү – бул карабоор, ичи тар болот турбайбы. Мына ошонусу күчөп арааны жүрүп кетсе, ачкөздүк оорусуна кабылат экен. Улутубуз ушул илдеттен сак болгой эле. Экономикалык абалдын алсыздыгы аз келгенсип мектептеги окуучудан тарта, чоңдорубуз баш болуп, карапайым элдин тең жарымы төш болуп түндүк-түштүккө бөлүнүү көйгөйү жаралды. «Куйту адам эл бузат, корто кочкор кой бузат» деген накыл сөз бар кыргызда. Ошонун сыңары айрым бир куйту адамдар ары-бери чуркап, тигиге барып башканы айтып, буга келип башканы айтып олтуруп элдин ынтымагына доо кетирип жатканын сезип, кейип, сыздап турам. Болбосо кыргыз эли илгертен бир атанын балдарындай жоого чогуу каршы туруп, бөлүнбөй-нетпей карт тарыхты баштан кечиришпеди беле. Эл ичинде калыстыкты сүйлөгөн ак ниет адамдар көп. Мени менен баарлашып калганда өздөрүнүн артыкчылыгын, кемчилигин, каршылашып жаткан тараптын артыкчылыгын, кемчилигин айтышат. Бөлүнгөндү бөрү жейт демекчи, бөлүнүүдөн зыяндан башка кыпындай да пайда таба албашыбызды айтышат. Биз ошондой ак ниет адамдарды теле-радиого, гезит-журналдарга алып чыга албай жатабыз. Жакшылыкты билиш, жакшы адамды тааныш үчүн көрөгөчтүк, өзүнчө асыл сапат керек экен да. Жакшыны билиш үчүн ошо адамдын өзү да жакшы адам болушу керек. А жанакы ичи тар куйтулар, ызакорлор, жеке кызыкчылыкты көздөгөн пайдакечтер жакшыны да, түз жүргөн адамды да көрө албайт. Акыл-эси жайында болгон эле адамдардын кылган кылмышын карасаң, төбө чачың тик турат. Үрөй учурган окуялар жалпы журтчулук үчүн кадыресе нерсе катары кабылданып, бааланып баратат. Кептин баары ушунда жатпайбы. Бул жүрүш туңгуюкка алып барат.
Ынтымакты ыдыратып жаткан экинчи көйгөйлүү маселе – бул өлкөбүздөгү көп диндүүлүк. Иеговага, Баптисттерге, тияк-биякка кирип, акчанын айынан сатылып жана башка маселелерден улам кирип кетип атпайбы. Ошол адамдар бул дүйнөдөн өтүп кеткенде кыргыздардын көрүстөнүнө койдурбай, айыл жеринде бир топ чыр-чатактар чыгып жатат. Мурдатан мусулман болуп туруп башка динге өтүп кеткендер кийин бушайман болуп, абийир азабын чегип өзүн жаман сезип жүргөндөр бар экен, мен алар менен өзүм сүйлөшүп көрдүм. Анан эми каны мусулман да. «Жан тартпаса, кан тартпайбы» дейт кыргыз эли. Менин бул жагынан да биздин эл бирдиктүү болсо деп тилээр элем. Казактарда: «Бирлик болмай, тирлик болмайды» деген жакшы сөз бар. Демек арам-адалды, жакшы-жаманды, оң-терсти, ынтымакчылык менен ынтымаксыздыкты көөдөнү менен аңдап-сезүү таалими бизге жетишпей турат деп айткым келет.
- Кан демекчи, адамдын каны зор мааниге ээ, таасири да күч. Кандын таасири, өзгөчөлүгү урпактан-урпакка өтүп кете берет эмеспи. Анын сыңарындай биз сөз кылып жаткан ичи тарлык, бөлүнүп-жырылуу кыргыз улутуна мүнөздүүбү? Тарых эмне дейт буга? ¬
- Илгери жоокерчилик заманда сырттан байкатпай басып кирген жоо элди кыйратып, туш тарапка чачыратып жиберген. Улуттун учугу үзүлбөсүн деген ак ой менен элди жыйнап, башын бириктирген акылман, көсөм инсандар болгон. Мисалы Манаста айтылат: «Кулаалы таптап куш кылган, куулган элди журт кылган». «Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган» деп. Анан эми жаман эл болбойт экен, ошо эл ичиндеги айрым начар, тарбиясыз адамдар элди жаманатты кылып коет экен. Биздин акылман элибиз турмуштун ачуу-таттуу сабагын алып: «Элге эл кошулган - дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет», «Ырыс алды –ынтымак, ыркы жокко конбос бак», «Ынтымагы бар элдин карды ток болот», «Ынтымак бейпилдиктин көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү», «Ынтымак бар жерде ырыс бар», «Бирдиктүү болбой, дөөлөттүү болбойт», «Элиңде тынчтык жок болсо, алдыңдан таяр алтын так», «Бирдиктүү эл – кебелбес аскадай», «Бирдин кесепети миңге, миңдики түмөнгө» деген накыл кептерди жаратышкан. Демек, ар кайсы замандарда эл ичиндеги бузукулардын айынан бөлүнүп-жарылуу боло келген, бирок бул улутка тиешелүү мүнөз эмес деп ойлойм.
- Калканбай аба, бизге ыймандуулук, ак-караны ылгоо, адамдыктан тайбай ак жашоо таалими жетишпей жатат деп өзүңүз жогоруда айтып кеттиңиз. Адам үй-бүлөнү, үй-бүлө мамлекетти түзөт. Улуттун тагдыры келечек муундун таалим-тарбиясына түздөн-түз байланыштуу. Андыктан кайсы гана коомдо болбосун адамды адам деген наамга татыктуу кылып тарбиялоо маселеси жатат. Сиздин оюңузча Батыштан соккон терс эпкинге биздин элдик педагогика туруштук бере алабы?
- Туура, таалим-тарбия бизде азыр жаңыдан колго алынып келе жатат. Курманбек Салиевич жаш муундун таалим-тарбиясы, билим берүү тууралуу реформасын айтпадыбы. Эми бул жерде өкмөт билекти түрүп салып ар бир мектепке көзөмөлдү күчөтүшү керек. Башка сабактарды мындай турсун биздин балдар адам болуп тарбия алалбаса, келечекте шорубуз катат. Азыр мисалы той-топурга барып калсаң, «бай бол, бар бол!» деп каалоо айтышат. Эч ким «адам бол, инсан бол» деп айтпай жатат. Себеби инсандык касиеттин угуту аз болуп жатат. Ошол себептен элдик педагогикага айкалыштырып Ислам баалуулуктарын үйрөткөн сабактар азыр абадай зарыл болуп турат. Үңүлүп карап көрсөк, алтынга алмашкыс асыл нарк, бийик сапат, башаты тээ Жараткандын Өзүнө барып жалгашкан чалкыган дөөлөттөр бар Исламда. Мухаммед Пайгамбардын бир хадисинде: «Жагымсыз бир ишти көрсөң, аны колуң менен түзөлтүп кой, колуң менен түзөлткөнгө күчүң жетпесе, сөзүң менен түзөлт. Буга да батына албасаң, жок дегенде ошо жагымсыз ишти жүрөгүң менен жаман көрүп кой. Бул акыркысы ыймандын алсыздыгы» деп айтылат. Карабайсыңбы, кандай гана уюткулуу таалим. Ушу айтылгандар өзүбүздүн элдик мурастарда да бар. Демек экөө бир. Айырмасы Исламда адам баласы Аллага ишенип, ыйман келтирип, ыймандын талаптарын жашоодо ар дайым тажрыйбага ашырат, тескери бассам, жаман иштерди жасасам күнөөкөр болом деген коркунуч жүрөктө ар убак жандуу болот. Ал эми улуттук мурастарга келсек, бул биздин ата-бабадан калган асыл баалуулук. Исламга ширелишкен ата-бабанын ак жолун жолдосок, жаман болбойбуз.
- Сөз баккан, сөздүн маани-маңызына дыйканчылык кылган инсан катары «Элиң ууру болсо ууру бол, бөрү болсо бөрү бол», «Атың чыкпаса, жер өрттө!» дегенди чечмелеп бериңизчи? ¬
- Бир элди бир эл басмырлап, чабышып турган учурда айтылып калган сөздү, азыркы айрым акылсыздар өзүнүн айыбын жаап-жашырмакка бетине кармап келишет. Мунун түп мааниси мындай: акылсыздар арасында жалгыз сен акылдуусуна берсең, алар сени көрө албай, мерт кылышы мүмкүн, ошол себептен алардын жоругуна ичиңден күл; байкатпай шардаңында жүр. Акырындап аларды артыңдан ээрчитип, оң жолго сал, жол башчы болуп кал... Ууру-бөрүнү ээрчисең-элден чыкканың, абийирден кеткениң. Бөрүнүн бөрүсү бол деп кыйыткан кептин жөнү ушул.
Эми «Атың чыкпаса, жер өрттө» дегенге келели. Кылым кыйырын кыдырып олтуруп, калк катмарына нарк, набаттуулуктун уругун чачкан накыл сөздөр арбын. Бул адам биринен бири озушка атаан куруп, кумар тутканда айтыла калган алакөөдөк, акылсыздардын сөзү. Акылдуулар - айкөлдүгү, ак ниеттүүлүгү менен уткан. Адам өзгөлөрдөн өөдөсүнүп, барк-баасын көтөрмөккө, даңкын чыгармакка, аты эл арасында айтылып калмакка жан үрөгөн. Бири күлүк таптап, саяпкерлигинен, дагы бири кол өнөрүнөн, койчу, атын чыгарышка ар ким түрдүүчө түрлөнгөн. Дал жыйырма биринчи кылымдын башында укканды таң калтыргандар дарбыды: аргасы кеткенде арбактар менен аңгеме-дүкөн курган көзү ачыктар арбыды. Элдик казынаны уурдап, үч кабаттап үй курушту, айтор, сыныктан бөлөгүнүн баары жугуштуу. Тилик этек көйнөк сатылды, жоон санына чейинки кызаңдаткан такымды; элге дайын этти жел таман катынды. Киндигин көрсөтүп, жарым-жартылай жылаңач жүргөн кыздар чыкты, ата-энесин жер каратып, наалатка жыкты. Салтын сактаган салттуу калк – карманып келет каада-барк. Ата-журтуна адал эмгек эткен атагы далайга кеткен.
- Калканбай аба, сунушубузду жерге таштабай, убактыңызды бөлүп, эл-журт менен өз ой-пикириңизди бөлүшүп, маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Алла Таалам сизге бакубат карылык берсин!