Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Айт жана анын адептери
   

Шамшидин Маматкулов

   

   Ислам дининде эки чоң майрам бар. Алар рамазан айынан кийинки шаввал айынын биринчи күнүндөгү орозо айт (ийдул-фитр) жана зул-хижжа айынын онунчу күнүндөгү курман айт (ийдул-адхаа) майрамдары.

   Мусулмандар бул айт майрамдарын хижранын экинчи жылынан тарта майрамдап келатышат. Рамазан айында кармала турган орозо да ошол эле жылы парз кылынган. Ошондуктан бул айды орозо кармоо менен өткөргөн момун-мусулмандар кийинки айдын (шаввал айынын) алгачкы үч күнүн майрам катары шаан-шөкөт менен өткөрүшкөндүктөн бул күндөр «ийду Рамадан» («орозо айт») майрамы же «ийдул-фитр» деп аталып калган.

   Ал эми хижрий жылнаамасынын эң акыркы айы болуп эсептелген зул-хижжа айынын онунан тарта төрт күн удаа майрамдалган айт майрамында курмандык чалына тургандыктан ал «ийдул-адхаа» («курман айт») майрамы деп аталган. Негизи, ажылык ибадаты хижранын тогузунчу жылында парз кылынганы менен, курман айтта курмандык чалуу жана ал күнү окула турган айт намазы Рамазан айында кармалуучу орозо менен орозо айтындагы айт намазы сыңары хижранын экинчи жылында эле Алла Таала тарабынан буйрулган.

   Мына ошол айт майрамдарын майрамдоонун жана ал күндөрдү пайдалуу өткөрүү үчүн айттын өзүнө тиешелүү болгон адептери катары каралган мустахаб иш-амалдар бар.

   Курман айттан мурунку арапа күнүнүн өзгөчө артыкчылыгы бар. Анткени ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келген момун-мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдигин жана диндеш боордоштукка өзгөчө маани бергендигин ачык-айкын айгинелейт. Диний адабияттарда негизинен арапа күнү деп курман айттан (бир күн) мурунку күн (зул-хижжа айынын тогузу) айтылганы менен азыркы учурда элибизде орозо айттан мурунку күн (рамазандын акыркы күнү) да арапа күнү деп айтылып келет. (Ошондой эле айрым жерлерде рамазан айынан мурунку күндү (шаабан айынын акыркы күнү) да арапа күнү деп айтылып жүрөт).

   Мына ошол арапа күнүн кайдыгерлик, жалкоолук менен өткөрүп ийбестен, ал күнү айтты утурлап изги (салих) амалдарды, ошону менен бирге зикир, дубаларды көбүрөөк аткаруу керек. Айрым жерлерде ал күндөрү Куран окуп, сообун өткөндөргө багыштоо сыяктуу жакшы жөрөлгөлөр орун алып келет. Бирок, Куранды айт-арапа күндөрү гана окуп, маркумдарга багыштоо үчүн гана түшүрүлбөгөндүгүн жадыбыздан чыгарбообуз зарыл.

   Айт күнү таң заарынан эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат алуу (гусул алуу), болбосо даарат алуу, таза жана жакшы кийимдерди кийүү, бар болсо жыпар жыттуу атырларды (маселен миск) колдонуу, мечитке же айт намазы окула турган жайга бараткан кезде орозо айтта купуя, ал эми курман айтта болсо жарыя (үндү чыгарып) такбир айтуу мустахаб (же мандуб) болуп эсептелет.

   Орозо айтта айт намазына жөнөөрдөн мурун таттуу нерселерден же тамак-аштан ооз тийүү, ал эми курман айтта болсо айт намазы окулганга чейин тамак-аштан ооз тийбөө мустахаб. Анткени, ал күндүн алгачкы ооз тийген тамагы катары союлган курмандыктын этинен жеш абзел.

   Айрыкча айт күнү Алла Тааланын берген нээматтарына шүгүр келтирүү максатында майрамдык маанайда болуу жана мүмкүнчүлүккө жараша көп-көп кайыр-садага берүү, битир садагасын болсо айт намазына дейре берүү да мустахаб иш-амалдардын катарына кирет.

   Айт күндөрү бей-бечара, карып-мискин жана жаш балдардын да көңүлүн көтөрүп, аларга да майрамдык маанай тартуулоо максатында белек-бечкек берүү же колдоруна момпосуй ж.б.у.с. нерселерди карматуу, ошондой эле бири-бири менен таарынышып калган адамдарды элдештирүү да жакшы иштерден болуп эсептелет.

   Бул эки майрамды тең майрамдоо алгач күн найза бою көтөрүлгөндө окула турган айт намаздары менен башталат. Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алайхи ва саллам) доорунда айт күндөрү эртең менен мусалла деген чоң аянтта эркектер менен жамаат болуп аял кишилер да (эркектерден оолак туруп) айт намаздарын окуй турган.

   Андан кийин курман айт майрамында айт намазынан кийин кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Курмандык чалуу колунда бар (мал-мүлкү нисаб өлчөмүнө жеткен) адамдар үчүн важиб болуп эсептелет.

   Айт күндөрү мусулмандар бири-бирин куттукташып, бири-бирин зыярат кылышып айтташат. Барган жерлеринен албан түркүн даам татышып, шариятка шайкеш майрамдык маанайда шаңдуу өткөрүшөт. Айт күндөрү адал жолдун алкагында ар кандай майрамдык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүү абзел. Бул жерде айта кетчү нерсе, калайык-калкыбыздын арасында «айт күнү жети (кээ бир жерлерде жетимиш) үйдү кыдыруу керек экен» деген сөз кеңири жайылып кеткен. Ал эми Ислам дининде айт күнү мынча, же түкүнчө үйдү кыдыруу керек деген түшүнүк да, буйрук да жок. Жогоруда айтылган сөз, балким, айт күнү мусулмандар көптөгөн үйлөрдү кыдырып, алардын ал-жайын сурап, майрамдалбай калган үй-бүлөлөргө да колдон келишинче майрамдык маанай тартуулашсын деген түшүнүктөн улам келип чыккандыр. Азирети Мухаммад Пайгамбар (саллаллаху алайхи ва саллам) да мындай деген: «Арапа, курман айт жана ташрик күндөрү - бул бардык мусулмандардын майрамы. Бул күндөр жеп-иче турган күндөр болуп эсептелет» (Тирмизий, Савм, 59). Мына ошол себептен орозо айттын алгачкы күнү, курман айттын төрт күнү тең орозо кармоо Имам Азам (ханафий) мазхабы боюнча арам болуп эсептелет. (Бул күндөрү орозо кармоо тахриман макрух деп айткан аалымдар да бар. Себеби, бул күндөр Алла Таала тарабынан майрам катары белгиленген).

   Арапа менен курман айттын төрт күнү (жалпылап айтканда ушул беш күн) «ташрик күндөрү» деп аталат. Бул күндөрү парз намаздарынан соң такбир айтылгандыгы үчүн «такбир күндөрү» деп аталып калган. Бул такбирлер арапа күнү багымдат намазынан башталып, айттын төртүнчү күнү дигер (аср) намазына дейре жыйырма үч жолу (намаз маалында) айтылат. Курман айт күндөрү парз намаздарынан кийин ташрик такбирлерин айтуу ханафий мазхабы боюнча аял-эркектин баарына важиб болуп эсептелет.

   Айт намаздарынан кийинки кутпалар айтылып бүткөндөн кийин үйгө келгенде Алланын ыраазычылыгы үчүн төрт рекет намаз окуу сүннөт болуп саналат. Бирок, айт намазынан мурун эч кандай нафил намаздар окулбайт.

   Айт күнү түнкүсүн колдон келишинче зикир, тасбих, тообо, истигфар, дуба жана ибадат кылуу менен өткөргөн жакшы.

   Ошондой эле айт-арапа күндөрү өлүмдөн кийинки жашоону жана бул дүйнөдөн көз жумган маркумдарды эскерүү максатында көрүстөнгө баруу же зыярат кылуу да жакшы амалдардын катарына кирет.

   Көрүстөнгө баруу эркектер үчүн мустахаб, ал эми аялдарга болсо жаиз (уруксат берилген) амал болуп эсептелет. Албетте, көрүстөнгө баруунун өзүнүн тартиптери менен адептери бар. Бирок, тилекке каршы убакыттын өтүшү менен маркумдардан жардам тилөө, ал тургай аларга жалынып-жалбаруу, табынуу сыяктуу Ислам динине түк шайкеш келбеген ырасымдар жүзөгө ашып келген. Андан да өкүнүчтүүсү, андай жөрөлгөлөрдүн аз да болсо учурубузда да аткарылып жатышында. Маркумдардан жардам тилөө, аларга сыйынуу шариятка таптакыр төп келбейт. А түгүл мындай жорук-жосундар тавхид ишенимине негизделген Ислам динин бурмалоо, өзгөртүү, андан да жаманы ширк жана ширкке алып бара турган жол болуп эсептелет. Маркумдар эч кандай жардам бере албайт. Ислам дининин буйруганы менен үндөгөнү – жалгыз гана Алла Таалага сыйынуу жана бир гана Алладан жардам суроо.

   Албетте, Ислам дини көрүстөнгө барууну жакшы амалдардын катарына кошкондугунун себептери бар. Анткени, көрүстөнгө баруу (же зыярат кылуу) ал адамга өлүмдү, акыретти эске түшүрүп, акырети үчүн кам көрүүгө себепкер болуу менен бирге адамды такыбалыкка багыттайт.

   Ошондой эле айрым жерлерде орозо айт маркумдардын, ал эми курман айт тирүүлөрдүн майрамы деген калпыс түшүнүк жайылып кеткен. Шариятта андай нерсе жок.

   Көрүстөнгө зул-хижжа айынын алгачкы он күнүндө, айт күндөрү, ашура күнү ж.б.у.с. куттуу күндөрдө баруу өтө пайдалуу. («Фатаваа-и Хиндиййа»)

   Айт намазынан кийин жамаатты, тууган-уруктарды, тааныштарды айт майрамы менен куттуктап, аларды зыярат кылуу шариятта буйрулган да, макталган да иш-амалдардан. Анткени, Ислам дининин башкы максаттарынын бири – мусулмандардын биримдигин бекемдөө. Мусулмандардын арасындагы биримдик, бири-бири менен болгон тыгыз байланыш тууган-уруктар менен жамааттын ортосундагы жылуу мамиленин болуусунда жатат. Тууган-уруктар менен дос-тааныштарды зыярат кылуу, алар менен жылуу мамиледе болуу, ал-акыбалын сурап туруу динде «сила-у рахим» деп аталат..

    «Сила-у рахим» же болбосо тууган-уруктар менен болгон мамиленин башында, албетте ата-эне турат. Бул маселе тууралуу Курани Каримде да айтылган (маселен караңыз: Исра сүрөсү, 23-24-аяттар). Бирок, «сила-у рахим» ата-эне менен гана чектелбейт. Жараткан Алла Таала Курани Каримде: «Албетте, Алла адилеттикке, жакшы иштерди аткарууга жана тууган-урукка күйүмдүү (алар менен жылуу-жумшак мамиледе) болууга буюрат, ошондой эле бузукулуктан, жаман иштерден жана зордук-зомбулукту тыят», – деп буйруйт (Нахл сүрөсү, 90-аят). Керек болсо Рум сүрөсүнүн 38-аятында туугандарга гана эмес бардык кедей-кембагалдарга жана мусапырларга да жакшылык кылуу, алар менен жакшы мамиледе болуу керек экендиги айтылган. Тууган-уруктар менен жылуу, жакшы мамиледе болуунун маанилүүлүгүн Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи ва саллам) төмөнкү куттуу хадиси айгинелеп турат: «Ким ырыскысынын мол, өмүрүнүн узун болуусун кааласа, тууган-уруктарына жакшы мамиледе болсун (сила-у рахимди аткарсын)» (Бухарий, Адаб, 12). Ушундай ары маанилүү, ары сооптуу амалдын айт күнү аткарылганы кандай жакшы. Ошондуктан, жакын дос-туугандар алыста болуп, аларды зыярат кылуу кыйынга турса, анда азыркы учурдагы техниканын жетишкендигинен пайдаланып жок дегенде телефон аркылуу алардын ал-абалын сурап туруу дурус. Сила-у рахим тууган-уруктар үчүн айтылганы менен ал термин кошуна, дос-тааныш, кесиптеш, сапарлаш ж.б.у.с. жашоодо жакшы таанып, ымала жасап, жылуу жана жакын мамиледе болгон адамдарды да ичине камтыйт деп айткан аалымдар да бар.

   Жылына болгону эки жолу келген айтты пайдалуу жана сооптуу өткөрүү үчүн ар бир момун-мусулман айт намазын окуп гана тим болбостон ал күндөгү мустахаб амалдарды да кошо аткарууга аракет кылуусу абзел.

   Жараткан Алла ар бир күндү, айрыкча айт-арапа күндөрүн пайдалуу жана сооптуу амалдардын көбүрөөк аткарып өткөрүүнү баарыбызга насип кылсын.

Башына