Жыйырма үчүнчү сан

Германияда шариятка ылайык банк ишке кирди
Германиядагы мусулмандар үчүн шариятка ылайык келген банк аркылуу жеке бизнестерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Бүгүнкү күнү Германияда 4 млн.мусулман жашайт. Алар бүгүнкү күнгө чейин Ислам дининин негизинде өмүр сүрүп келишсе да, финансылык жактан варианттар жок болучу. Мына эми минтип Кудай буюрса, бир кадам болсо да, жылыш пайда болуп жакшы өзгөрүүлөр күтүлүүдө.
Келе жаткан жылдын башында буюрса, Германияда алгачкы Ислам банкы мусулмандарга шарияттын негизине ылайыкталган финансы жагынан кызматын көрсөтө баштамакчы. «Kuveyt Türk Beteiligungsbank» банкы Германиянын батышынан орун алган Манхейм шаарында өзүнүн филиалын ачмакчы. Аталган банк өлкөнүн башка шаарларында да өз филиалдарын ачууга аракет кылууда.
Францияда өлкөнүн эркиндиги үчүн жан берген мусулмандардын мүрзөсү кордолду
«MuslimNews» агенттиги өткөн аптада Монжуа-Сен-Мартен шаарчасында экинчи дүйнөлүк согушунда Франциянын эркиндиги үчүн жан берген сегиз мусулман жоокердин мүрзөсү кимдир бирөөлөр тарабынан ачылып, кордолгондугу жөнүндө маалымдады.
Монжуа-Сен-Мартен шаарчасынын мэри Морис Дуамель бул окуя боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып, арызын таштады. Окуя болгон жерде улутчулдук символикалар табылган. Франциянын президенти Николя Саркози өткөн бейшемби күнү расисттик бул окуяны катуу сынга алып, укук коргоо органына күнөөлүүлөрдү таап, аларга катуу жаза беришин буйруду.
Франция мусулмандар кеңеши өткөн жылы декабрь айында ушундай эле болжол менен 500 мусулман маркумдун мүрзөсү ачылып кордолгондугун жана бүгүнкү күнгө чейин күнөөлүүлөрдүн табыла электигин айтышты. Эскерте кетчү жагдай, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда миңдеген мусулмандар Шарль Де Гольдун башчылыгында улутчулдарга каршы жан аябай күрөшкөн эле.
Италияда христиан-ислам диндеринин ортосунда диалог болоору күтүлүүдө
Италиялык Христиан жана Ислам диндеринин өкүлдөрү тарабынан конфессиялар аралык диалог күнү уюштурулуп жатат. Диалог үстүбүздөгү жылдын 27-октябрь күнү болоору күтүлүүдө. Бул иш-чаранын негизги инициатору «Ildialogo» аттуу христиан жураналы болуп эсептелет.
Италиянын борбору Рим шаарында бул күнү диалог үч жерде өтөөрү пландаштырылууда. Алардан бири парламенттин төмөнкү палатасында болмокчу. Милана Протестант маданий борборунда «Мусулмандар да италиялыкпы?» деген теманын алкагында дискуссия болоору күтүлүүдө. Дискуссияга мусулман журналистка Сумайя Абдель-Кадир да катышмакчы.
Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрь күнү «Золотой дракон» отелинде ЮСАИД, Евразия фонду жана дин агенттиги тарабынан «Кыргызстандагы диний билим берүүнүн проблемалары» деген темада тегерек стол уюштурулду. Ага билим берүү министрлигинен, депутаттардан, билим берүү академиясынан, муфтияттан, ош жана арашан теологиядан о.э. түрдүү диндердин жана мазхабтардын өкүлдөрү катышты. Тегерек столго катышкандар Кыргызстандагы диний билим берүү маселесин кызуу талкуулашты. Натыйжада Кыргызстанда жогорку жана орто мектептерде диний билим берүү керек экендиги боюнча баары өздөрүнүн оң пикирлерин билдиришти.