Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Кызыктуу мыйзамдар
   

Бакыт Жунусалиев

   

   Айлана чөйрөгө көз жүгүртүп карасак, баардык нерсе өзүнчө тартиптин негизинде, өзүнчө бир жазылган жана жазылбаган мыйзамдык негизге баш ийет. Үй-бүлөдөн баштап мамлекет аралык мамилелерге чейин атайын кабыл алынып, калыптанган бир эрежелер аркылуу башкарылып турат. Кылымдар бою ар кандай муктаждыктардан улам калыптанып келе жаткан мындай эреже мыйзамдар бүгүнкү күндө кадыресе көрүнүш. Бирок, айрым өлкөлөрдө, шаарларда белгилүү бир муктаждыктын айынан, бирок бир караган адамга кызыктуу да, күлкү келтирерлик да көрүнгөн мыйзамдар кабыл алынган. Мына ошондой мыйзамдарга бай өлкөлөрдүн бири Америка кошмо штаттары.

   АКШнын Лос-Анжелес шаарында бакаларды тили менен жалаганга закондуу түрдө тыюу салынган. Себеби, айрым бакалардын терисинен голлюциноген бөлүнүп чыгып тургандыктан, өспүмдөр аны тили менен жалап, банги катары пайдаланышканы көп байкалган.

   Мобил шаарында жолдогу суу агып түшүүчү темир торчого бир аял шиш такасын сындырып, бутун кокустатып алган. Көчөгө мындай темир торчо койгондугу үчүн ал аял шаардык бийликти күнөөлөп, сотко кайрылып, утуп алат. Ошондон кийин Мобил шаарында аялдарга шиш такалуу бут кийим кийүүгө тыюу салынган. Себеби, көчөдөгү темир торчолорду алууга караганда бул мыйзамды кабыл алуу жеңил болгон.

   Флорида штатында бардык имараттардын эшиги сыртка ачылуусу мыйзамдуу түрдө талап кылынган. Себеби, өрт коопсуздугу үчүн мындай мыйзам талапка жооп берген.

   Вашингтон штатында бул жерге кылмыш кылганы келген адам алгач ал пландары тууралуу алдын ала полицияга билдирип коюсу керек деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам кылмыштуулуктун санын азайтууга багытталган. Башка жактан келип полицияга кабар бербестен кылмыш кылган адам мыйзамды бузгандыгы үчүн кошумча жаза мөөнөтүн алат. Ошондой эле мында коомдук жерде бала эмизүүгө тыюу салынган.

    Ал эси Сиетлда болсо автобуста аквариумду алып жүрүүгө болбойт, ошондой эле, башка бирөөнүн менчигиндеги буюмду ээсинен сурабай туруп өрттөп жибергенге тыюу салынган. Нью Йоркто дем алыш күндөрү чөнтөккө балмуздак салып жүрүүгө, лифтте кетип баратып жанындагылар менен сүйлөшкөнгө болбойт.

   Техас штаты да мындай кызыктуу мыйзамдардан кем калбаган. Анда эгер бир топ адамдын көзүнчө жанындагы жандап жүргөн адамды өмүрлөк жары катары тааныштырса, анда алар расмий түрдө аял-күйөө болуп эсептелет.

   Канзаста жолду кесип өткөн жөө адамдар жарыкты чагылдыргыч каражатты тагынуусу керек.

   Индиана штатында октябрь айынан мартка чейин ваннага түшүүгө, коомдук жайларда дарбыз жегенге, ресторан жана барларда «туруп алып» ичимдик ичкенге тыюу салынган. Аляска штатында аюуларды сүрөткө тартуу үчүн ойготууга жана багыштарды спирттик ичимдиктерди ичирүүгө тыюу салынган.

   Мындай өзгөчө кызыктуу, бир чети чынында эле кабыл алуу муктаждыгы келип чыккан мыйзамдар Америкадан башка өлкөлөрдө да ондоп саналат. Төмөндө биз алардын айрымдарын назарыныздарга сунабыз:

   Австрияда полиция кызматкерлеринин жана алардын машинасын сүрөткө тартыууга тыюу салынган. Улуу Британияда саат 21:00дөн кийин күйөөлөргө аялдарын урууга тыюу салынган. Себеби, бул башка граждандардын тынч эс алуу укугун бузгандык болуп эсептелет. Израилде деңиз жээгине эс алууга аюуларды алып барганга закондуу түрдө тыюу салынган. Канадада шаардык бийликтин уруксаты болбой туруп кар менен ойноого тыюу салынган. Ошондой эле жамгыр жаап жаткан учурда газондорду суугарууга мыйзам жол бербейт. Кытайда сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калууга тыюу салынат. Себеби, бул ал адамдын жеке жашоосуна кийлигишкендик болуп эсептелет. Ал эми жогорку окуу жайларында зээндүү, зирек балдарга гана окууга уруксат бар.

   Сингапурда даараткананы колдонгондон кийин суу агызбай койгон адам 500 долларайып төлөшү керек.

   Тайландда королдун сүрөтү болгону үчүн улуттук валютаны тебелегенге мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Францияда учуучу тарелкаларды өлкө ичиндеги жүзүмзарларга кондурууга же токтотуп коюуга тыю салынган.

   Түштүк Кореяда МАИ кызматчысы айдоочулардан алынган күнүмдүк пара тууралуу жетекчилерине маалымдап туруусу керек.

Башына