Жыйырма үчүнчү сан

Амангелди ажы Мисиров
Бисмиллаа менен келмени билбей жүргөн күнөөдүр. Ак жолуна Алланын кирбей жүргөн күнөөдүр.Беш убак намаз окубай бекер жүргөн күнөөдүр. Беш теңгелик иш кылбай Сеттер жүргөн күнөөдүр.
Таңкы намаз – багымдат уктаганың күнөөдүр. Отуз күндүк Орозо тутпаганың күнөөдүр. Хадистен айтса аалымдар укпаганың күнөөдүр.
Айыбың турса мойнуңда, актанганың күнөөдүр. Бой көтөрүп байлыкка, мактанганың күнөөдүр. Мушташканды «Кой!» дебей, «сактанганың» күнөөдүр.
Ак никелеп албаса, байга тийген күнөөдүр. Талак койсо, тамтаңдап, кайра тийген күнөөдүр.
Ата-энеңди алайып карап койсоң күнөөдүр. Айыбы жок айбанды сабап койсоң күнөөдүр. Таза адамга жамандык жамап койсоң күнөөдүр.
Бечаранын акын жеп байып алган күнөөдүр. Ар кай жерден никесиз зайып алган күнөөдүр. Өз диниңден башкага тайып алган күнөөдүр.
Акча сайып кумарга ойногонуң күнөөдүр. Жакшылыкка жамандык ойлогонуң күнөөдүр. Сүткорлукт «Кой!» десе,
койбогонуң күнөөдүр. Качкын десе арамдан, качпаганың күнөөдүр.
Насаат айтпай балаңды сөгүп турган күнөөдүр. Бузукуну «Кой!» дебей, көрүп турган күнөөдүр. Элдин ичин тынчытпай бөлүп турган күнөөдүр. Күнөө иштен качпастан көнүп турган күнөөдүр.
Армиядан эр жигит качып жүргөн күнөөдүр. Айдай кыздар денесин ачып жүргөн күнөөдүр. Өз денесин акчага сатып жүргөн күнөөдүр. Эки жүздүү сөз айтып басып жүргөн күнөөдүр. Таза тутпай денесин сасып жүргөн күнөөдүр.
Жат малына көз артып уурдап жүргөн күнөөдүр. Эртесинде билинип куурап жүргөн күнөөдүр. Ушак айтып ширин аш уулап жүргөн күнөөдүр. Алтымыш ашса намазсыз дуулдап жүргөн күнөөдүр. Ак сакалын аракка суулап жүргөн күнөөдүр.
Жат сөзүнө кулакты түрүп жүргөн күнөөдүр. Киши эшигин чертпестен кирип жүргөн күнөөдүр. Аманатка кыянат кылып жүргөн күнөөдүр. Жамандык издеп ар кимге жылып жүргөн күнөөдүр.
Алдуумун деп алсызды казаптаган күнөөдүр. Кудай кылган майыпты мазактаган күнөөдүр. Алган жарың сыйлабай азаптаган күнөөдүр. Акча берсе акты да каралаган күнөөдүр. Бирин-бири адамдар паралаган күнөөдүр. Бири-бирин дүйнөсүн сагалаган күнөөдүр. Коңшусунун алына карабаган күнөөдүр.
Базарчынын чөнтөгүн пайлап жүргөн күнөөдүр. Безилдетип бирөөнү жайлап жүргөн күнөөдүр. Чагым салып чатакты, ырбатканың күнөөдүр. Карыз алып бербестен ыйлатканың күнөөдүр.
Таразанын ташынан алдап жүргөн күнөөдүр. Арам этин доңуздун жалмап жүргөн күнөөдүр. «Тагдырыңды айтам» деп арбап жүргөн күнөөдүр. Динде жок салтка дүнүйөңдү сарптап жүргөн күнөөдүр.
Жалган айтып күбөгө өткөндүгүң күнөөдүр. Бешенеңе мал бүтсө, көпкөндүгүң күнөөдүр.
Мээрими жок заалымды, мактаганың күнөөдүр. Кетирбейм деп кегиңди сактаганың күнөөдүр. Алдамчы менен арамды жактаганың күнөөдүр.
Ыктыяры дилиңе этият бол бир өзүң. Тообо кылган пендеңдин кечир Алла күнөөсүн!