Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Алкама ибн Кайс (Аллах ага ыраазы болсун)
   

Абдусамат Орозов

   

   Алкама ибн Кайс тафсир, кыраат, фыкх жана хадис илимдери боюнча Ислам дүйнөсүндө көзгө басар аалымдардан бири. Ал кутман сахабалардан кийинки «табиин» деп аталган муундун өкүлү болгон. Пайгамбарыбыздын доорунда мусулман болуп, бирок аны менен көрүшүп дидарлаша албагандыктан ал сахабалардын катарынан орун алган эмес. Өзүнүн лакабы Абу Шибл.

   Илим чөйрөсүндө таанымал болгон Алкама ибн Кайс Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Осман, Азирети Али, Азирети Айша, Абдуллах ибн Масуд, Хузайфатул Йамани, Салман Фариси, Халид ибн Валид, Абу Дарда жана Амр ибн Шурахбил (Алла булардан ыраазы болсун) жана башка сахабалар менен баарлашып, алардан илим алып көптөгөн хадис баяндарын уккан. Азирети Али менен Нихавентте Харижилер менен болгон салгылашууга катышкан жана ошондой эле Хорезмдин жеңишине да катышып Мервде эки жыл жашаган.

   Алкама ибн Кайс тафсир, кыраат жана фыкх илимин Абдуллах ибн Масуддан үйрөнгөн. Абдуллах ибн Масуд ага «мен окугандын баарын окуйт жана билгендеримди билет» деп мүнөздөмө берген.

   Асвад ибн Язид: «Абдуллах ибн Масуд Алкама ибн Кайска сүрөөлөрдү үйрөтүү менен бирге ташахудду да үйрөтүп жатканын көргөм» дейт. Анын «ахлу суннат вал-жамаат» мазхабынын элге жайылышында опол тоодой салымы бар.

   Куфа мектебинин куруучусу болгон Алкама ибн Кайс Асвад ибн Язид ан-Нахаи, Ибрахим ан-Нахаи, Абу Ханафинин устазы Хаммад ибн Абу Сулайман, Абу Ваил Мухаммад ибн Сирин, Шааби, Абдурахман ибн Алкама жана имам Зухри сыяктуу таанымал аалымдарды окутуп, келечектеги илим адамдарына даңгыр жол ачып берген.

   Ахли сүннөттүн эң көрүнүктүү аалымдарынан болгон Имам Аазам Абу Ханифа (өл.150/767) мына ушул аалымдын шакирттеринен илим алган.

   Алкама ибн Кайс көп хадис риваят кылган (муксирун) равилерден болуп, хадистерди сенеттери 1 менен жатка билген. Хадис китептеринде анын риваят кылган 333 хадиси бар. Захаби жана Ибни Хажар сыяктуу аалымдар буларды ишеничтүү хадистер деп тастыктаган.

   Алкама тафсир илимин да терең изилдеп, аяттарды чечмелөө учурунда хадистерге кайрылган. Ошол эле учурда кыраат илиминде да таанымал болгон Алкама ибн Кайс өзүнөн кийин дагы Яхия ибн Вассаб, Убайд ибн Надла жана Абу Исхак ас-Сабии сыяктуу кыраат аалымдарына учурунда таалим берип окуткан.

   Ушунчалык атак-даңкка ээ болсо да, өзүн абдан жөнөкөй алып жүргөн Алкама дүйнө салаар алдында: «мен дүйнө салаарда жанымда «Лаа илааха илла Аллах» - деп тургула. Көз жумганымды элге жайбастан, дароо мүрзөгө көмгүлө!» - деген керээзин айтып кеткен экен.

   Алкама ибн Кайс 62/681-жылы Язид ибн Муавиянын халифалык доорунда 90 жаш курагында Куфа шаарында одүйнө салган. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жараткан Алла жайын жаннаттан кылсын! Оомийин...


1Хадис риваят кылгандардын тизмеси.

Башына