Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Баалуулуктар
   

Назира Садыева

   

   Белгилүү бир ишти баштаган ар бир адамдын көздөгөн максаты болот. Мына ошол максат иштин баалуулугу деп аталат. Турмушта адамдар умтулган төрт баалуулукту белгилеп кетким келет:

  1. Материалдык баалуулук

       Турмушта адамдар соода-сатык жүргүзүү, дыйканчылык кылуу, өнө-жай иштетүү сыяктуу ар кандай жумуштарды аткарышат. Мындан кандайдыр бир материалдык кирешелерге ээ болууну көздөшөт. Бул максат жана анын үзүрү материалдык баалуулук деп аталат.

  2. Инсаний баалуулук

       Бул баалуулук адамдардын ортосундагы мамиледе көрүнөт. Мында адам тарабынан башка адамдарга гумандуулук көрсөтүлөт. Мисалы, кайыр сураган жанга жардам берет, сууга агып бараткан адамды куткарып калат, же жапа чеккендерге көмөк көрсөтөт ж.б.у.с.

  3. Ахлактык баалуулук

       Бул баалуулукту адамдын жеке жүрүм-турумунан, коомго жана жаныбарларга болгон мамилесинен көрүүгө болот. Мында чынчылдык, убадага туруу жана айбанаттар же канаттууларга боорукер болуп, ырайымдуулук кылуу сыяктуу иштерде ахлактуу болуу максаты жатат.

  4. Рухий баалуулук

   Бул баалуулукту пенденин Жараткан Алла менен болгон мамилесинен көрө алабыз. Тактап айтканда, пенде Жаратуучусуна ибадат кылат. Ибадатты аткаруудан бир гана Алланын буйругун аткарсам, Ага кулчулук кылсам, акыретте Анын ыраазылыгын таап, бейиштен орун алаар бекем - деген максат көздөлгөн. Турмуштун кайсы өңүтүн карабайлы, жогорудагы максаттарды көрө алабыз. Адам баласы ар бир ишти аткарып жатканда ушул максаттардын бирин жүзөгө ашырууга аракет кылат.

   Негизи, бул баалуулуктар бири-биринен абзел да, бири-бири менен тең да эмес. Ар биринин өзүнчө артыкчылыгы, өзгөчөлүгү, бири-бирин толуктап турган жагы да бар. Бирок, баалуулуктардын эң абзелин, эң мыктысын тандоо, аларды бири-бирине салыштырып көрүү адамдын колундагы иш, салыштыра билген адамда адамдык касиет бар деп айтууга болот. Асыресе, баарын тең алып кетүү өтө кыраакылыкты, сабырдуулукту талап кылат. Тилекке каршы пендезат бул баалуулуктарды бирин экинчисинен жогору коёт. Мисалы ахлактык зарыл баалуулукту кечип салып материалдык кызыкчылыкка ыктап, дүнүйөкор болуп кеткендер көп. Ушуга негизделип, адам баалуулуктардын бирин экинчисинен абзел көрүүдө алардан өзүнө келе турган пайда менен зыянды негиз кылып алат. Эң туурасы аталган баалуулуктарга кайдыгер карасам эмнени жоготом да, эмне табам деген түйшөлүү адамда болууга тийиш.

   Ошондой эле рухий сезим-туюму үстөм болуп, дин таанымы, дүйнө таанымы тар калыптанган, материалдык баалуулукка көп көңүл бурбаган адамдар материалдык баалуулуктан рухий эргүүнү жогору коюшат. Натыйжада, ибадаттарга көп көңүл буруп, турмуш өткөрүүгө зарыл болгон иштерден, жадагалса адамдын табияты талап кылган нерселерден жүз үйрүшөт. Натыйжада, турмуш начарлап, адамдар итке минген кембагалдыкка кептелет. Мындай бир жактуу түшүнгөн адамдар себептүү коомдун турмуш деңгээли төмөндөп кетет. Тең салмактуулук сакталбаган мындай коом өсүп-өнүгүүдөн куру калып, башка өлкөлөрдүн көзүн карап, куу кекиртектин айынан күнкор коомго айланат.

   Материалдык баалуулукка ашыкча берилген, напси каалоосунун жетегинен чыга албаган жеңил ойлуу адамдар эч убакта рухий баалуулукка көңүл бурушпайт. Булар «өмүр барда ойноп-күлгөнгө не жетсин, жыргап жашаш керек» деген сокур түшүнүккө тушалгандыктан жеке кызыкчылыгын, өз жыргалчылыгын баарынан жогору коюшат, өз жыргалчылыгы үчүн жан үрөп иштешет. Мындай адамдар көбөйгөндө коом бузулат, дүнүйөкорлук, өзүмчүлдүк, сугалактык, карамүртөздүк күчөйт.

   Адам баласынын сезимдери да, напси каалоолору да күчтүү. Бирок ишеним, илим деген баалуулук буларды салыштырууга, тең салмакты сактоого өбөлгө түзөт. Ошондуктан, бул баалуулуктарга жетүүнүн жолдорун, ага канчалык деңгээлде ээ болуу керек экендигин Ислам дини эбак эле көрсөтүп койгон. Айрыкча акыйкатка негизделбеген ишенимдердин саны арбып, материалдык үстөмдүктүн, акчанын доору жүрүп турган ушу заманда адамзат үчүн акыйкаттын анык булагынан (Алланын Өзүнөн) келген Ислам дини биз үчүн бакыттын да, акыйкат багыттын да жолу.

   Корутунду: Адам жогорудагы баалуулуктарды жүзөгө ашырууда өз иштерин Алла Тааланын буйрук-тыюуларына ылайык аткарганда гана Алланын ыраазылыгын таба алат.

Башына