Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Мусулмандардын диндештик укугу
   

Өмер Пакиш

   Ислам дини бир туугандыкты бир урууга же улутка негиздебейт. Ал боордоштукту «дин» деген асыл баалуулукка такайт. Ошол себептен мусулмандар мейли башка-башка материктерде, ар башка өлкөлөрдө жашасын, мейли ар башка тилде сүйлөп, ар башка улуттун, уруунун өкүлү болсун, Жараткандын өкүмүнө ылайык «бир тууган, боордош» деп эсептелинет. Куран аяттарынын биринде бул багытта мындай делет: «Момун-мусулмандар бир тууган. Андыктан бир тууганыңарды ынтымакка келтиргиле! Алланын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула (такыбаа болгула)!» (Хужурат сүрөсү, 10-аят).

   Аятта ачык маалымдалгандай, дин жана ишеним өңүтүнөн бири-бирине чын көңүлдөн жакшылык самаган пенделер гана чыныгы тууган боло алышат. Бул акыйкат тууралуу айтылган миңдеген мисалдарды тарыхтан да, куттуу Курандан да кездештирүүгө болот. Маселен, алгачкы адам, алгачкы пайгамбар Адам Атанын Абыл жана Кабыл деген эки уулу бир ата, бир эненин балдары болгонуна карабастан ишеним, ыйман жагынан эки башка түшүнүктө болгондугу себептүү эч убакта ынтыкмакка келе алышкан эмес. Ошондой эле Алла Таала Нухтун (алейхис салам) жубайы менен уулун жана Луттун (алейхис салам) аялын тавхид ишенимин кабыл кылбагандыгы үчүн пайгамбар бүлөсүнөн деп эсептеген эмес. Ошол эле маалда Алланын жалгыздыгын даңазалаган тавхид динин кабыл кылган фараондун жубайын моюн сунган мусулман коомчулугунун өкүлү катары сыпаттаган.

   Жер жүзүндө жашаган жаамы мусулмандардын бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгына жогорудагы аят негиз да, далил да боло алат. Ошол себептен дүйнөдө мусулмандар сыяктуу ортодогу ынтымагы, достугу бекем, биримдиги сүйүүгө ширелишкен, кайрымдуулуктан тажабаган, бири-бирине жогорку деңгээлде сый көрсөткөн эч бир динди, эч бир дин өкүлдөрүн кездештирүү мүмүкүн эмес. Ыйык Курандын бир нече аяттарында жана ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көптөгөн хадистеринде боордоштукка, бир туугандыкка даккат басым жасалат.

   Сахабадан Абдулланын уулу Жарирдин айтуусуна караганда Азирети Мухаммад Мустафа «намаз окуу, зекет берүү жана бардык мусулмандарга жардам берүү, көмөк көрсөтүү» тууралуу сахабалар менен сөз бекиткен, убадалашкан (биат кылган) (Бухарий, Китабул Иман).

   Хадис илиминин залкар өкүлү Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) айтуусуна караганда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Мусулмандын жанын кыйып, малын талоо жана намысына шек келтирүү мусулманга арам кылынган» (Муслим, Китабул Бирр вас-Сила; Тирмизий, Бабул Бирр вас-Сила).

   Алла Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) төмөнкү хадисин Абу Саид ал Хурдий менен Абу Хурайра (Алла аларга ыраазы болсун) риваят кылган: «Мусулман менен мусулман бир тууган. Ошол себептен мусулман өз бир тууганына заалымдык кылбайт, муктаж болуп турган чакта жардамсыз калтырбайт жана ага акаарат кылбайт. Мусулмандын мусулманга акаарат келтириши – бул арам!» (Ахмад бин Ханбал, Муснад).

   Сахл бин Саад ас-Саидий Азирети Пайгамбарыбыздын төмөнкү хадисин бизге риваят кылган: «Мусулмандар бир дененин мүчөлөрү сыяктуу. Дененин ооруп жаткан бөлүгүн баш кандай сезген болсо, мусулман пенде диндешинин ар бир мүшкүл-машакатын дененин башы сыяктуу кошо чегет» (Ахмад бин Ханбал). Ушул өңдүү дагы бир хадисте Алла Элчиси мындай деген: «Момун мусулмандардын ортосундагы мээримдүүлүк, сүйүү жана биримдик, кудум бир дене сыяктуу. Дененин бир жериндеги оору бүткүл денени сыздатканы сыңары, бир мусулмандын көйгөйү башка мусулмандарды да санааркатат» Бухарий, Муслим). «Момун мусулман өз диндешинин тиреги. Дубалга кыналган кыш бири-бирин бек кармаганы сыңары мусулмандар да бири-бирине арка жөлөк болушат» (Бухарий, Китабул Адаб).

   Жогорудагы аят жана хадистерден маалым болгондой, ыйман менен такыбаалыктан азыктанган «диндеш бир туугандык» деген сезим адамдарды бириктирген эң күчтүү, эң таасирлүү байланыш болуп эсептелет. Соолугус сүйүү жана ыдырагыс туугандык байланыш менен бири-бирине жан дилден тартылып турган момун-мусулмандар кордук көрсөтүү мындай турсун, ар дайым бири-бирин колдоп турууга тийиш. Анткени мусулман журтчулугу талапка ылайык «өзүнө самаган жакшылыкты башка диндешине да ыраа көрмөйүн» чыныгы ыймандуу адам боло албасын жакшы билет. Мына ушундай изги түшүнүккө сугарылган мусулман коомчулугу тарыхтын ар бир доорунда кыйналып турган диндеш боордошунун абалына кайдыгер карабай, кыпындай акы талап кылбастан материалдык жана моралдык жардамдарды берип келишкен. Кээде кокустан боло келген өз ара араздашууларды ырбатып чыр-чатакка жеткирбей «диндеш бир туугандык»тын чегинде чечип келишкен.

   Бул маселе тууралуу Алла Таала Куран-и Каримде мындай деп буйруйт: «Эй, адамзат! Биз силерди бир эркек менен бир ургаачынын ортосунан жараттык. Бири-бириңер менен таанышкыла деп силерди коомдорго жана улуттарга бөлдүк. Шек-күмөнсүз Алланын даргөйүндө силердин эң барктууңар – такыбаалар. Чындыгында Алла Таала (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!» (Хужурат сүрөсү, 13-аят).

   Бирок, тилекке каршы убакыттын өтүшү менен «ишеним, диндеш бир туугандык, такыбаалык, оор турмуштан кыйналып тургандарга акы талап кылбастан, милдет кылбастан жардам берүү, араздашкандарды элдештирүү, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, эч бир урууну же улутту төмөнсүтпөө, жек көрбөө, же ашкере көкөлөтпөө» сыяктуу асыл касиеттер көз жаздымда калып, булардын ордуна адам баласын эгерим бактылуу кыла албай турган жана бул дүйнө менен гана чектелүү, акыретке кыпындай тиешеси жок, жалаң гана материалдык кызыкчылыктарды камтыган бир топ жасалма баалуулуктар ойлонуп табылып, журтчулукка таңууланып келет. Бул жасалма баалуулуктарды диний баалуулуктарга, акылга төп келген ахлактык жана мыйзамдык негиздерге таянат деп айтуу мүмкүн эмес. Мисалы, кээде белгилүү бир үй-бүлөдөн, уруудан же династиядан төрөлүү, кээде белгилүү бир аймактан чыгуу, белгилүү бир тилде сүйлөө, кээде белгилүү бир түстөн болуу кадыр-барктуулукка, ак сөөктүккө же адамдын эң төмөнкү катмарга түшүп калуусуна себеп болуп келгени өтө кейиштүү маселе. Акыйкатка, адилеттүүлүккө төп келбеген мындай бөлүүчүлүк саясаттын кесепети адамдарды дос, душман деп экиге бөлүп, эзели элдешкис абалга жеткирди. Алла берген айырмачылыктарды өзгөчөлүк, артыкчылык же бетке жабылган кара көө, шермендечилик катары баалаган түбү бузук системалардын иш-аракетинин жыйынтыгында эл арасына чагымчылыктын, бөлүүчүлүк менен бөлүнүүчүлүктүн, жек көрүүчүлүктүн үрөөнү себилип, мунун айынан элдер, уруулар кайраштырылып, согуштар жарыяланып, миң, миллиондогон адамдардын башын жалмаган алаамат кыргындар жүз берген.

   Жогорудагы аяттан кашкайып көрүнүп тургандай, Алла Таала бир ата, бир энеден тараган элдерди жана улутттарды бири-бири менен каршылашып чабышсын, согушсун деп эмес, бири-бири менен тыгыз алакада болуп, ынтымак-ырашкерликте жашасын деп сыноо үчүн жараткан. Тилекке каршы пайгамбарлар жар салган Алланын ак дининен узактаган сайын адамзатта диндештик, бир туугандык деген сезим өчүп, уруучулдук, улутчулдук илдет ырбап, чындыкка коошпогон ар кандай жашоо эрежелерин жана фиолософияларды ойдон чыгарып, аны башкаларга зордоп таңуулап, баш тарткандарды кордоп, басынтып, басып алып, таш-талканын чыгаруу менен тарыхта каардуу, кандуу баскынчылык жүрүп келе жатат.

   Маселен, жөөт эли Исраил урпагын (өздөрүн) Алла Тааланын тандап алган уруу деп эсептешет. Башка элдер жана улуттар бизге кул болуп кызмат кылышы керек деген адилетсиз ойго тушалып калган жөөттөр бүгүнкү күндө экономикалык жана саясий өңүттөн дүйнөгө өкүм жүргүзүүгө катуу далалат кылып келишет. Индуизмдин бузук фиолософиясынын негизинде болсо «Брахман»дар адамзаттын эң жогорку катмардагы төрөлөрү болуп эсептелет. Алардын ишениминде Брахмандар адамзат коомунун ак сөөгү жана ыйыгы, калган адамдар болсо алардын алдында ыплас, жексур болуп эсептелет. Миллиондогон айыпсыз адамдын өлүмүнө себеп болгон ак түстөгүлөр менен кара түстөгүлөрдүн ортосундагы жек көрүүчүлүккө тарых күбө. Америка, Антарктида жана Африка континенттерин басып алган Европанын ак түстүү адамдары жергиликтүү кара түстөгү (негроид) тургундарга оор азап чектирип, мыкаачылыктын, заалымдыктын эң оор түрүн колдонгондуктан айрым элдер жок болуп кетүү коркунучуна кептелген. Ислам дини адамгерчиликке жатпаган мындай зөөкүрлүктү, адилетсиздикти, башкаларды теңсинбеген батыл ишенимди эгерим жактырбайт. Уруучулдук түшүнүгүнөн азыктанан ашкере улутчулдук адамзаттын башына кандай оор апааттарды алып келгени баарына сабак болууга тийиш. Мына ушундай кооптуу, нары кесепеттүү балээлерден сактануунун жападан жалгыз жолун Алла Таала аяттын аягында «такыбаалык» деп билдирген. Себеби бүт адамзат бир Алланын кулу, ата, бир эненин балдары. Ата-эне үчүн балдарынын баары бирдей. Түс, тил, жашаган жер менменсинүүгө, текеберликке жол ачпашы керек.

   Аяттын экинчи сүйлөмүндө Алла Таала бир ата, бир энеден жараткан адамзатты Өзүнүн даанышмандыгы менен ар башка урууларга, коомдорго жана улуттарга бөлгөн. Чындыгында бир атадан тараган бүт адамзаттын бир түстө болуп, бир тилде сүйлөшүп, баарынын улутташ болуп жер жүзүндө түбөлүккө калышы такыр мүмкүн эмес. Адамзат урпагы көбөйгөн сайын түрдүү түс, түрдүү мүнөз, түрдүү улуттардын жаралышы да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Маселен бул акыйкатты бүгүнкү өзүбүздүн турмуштан деле кезиктирүүгө болот. Окуу же кызмат үчүн башка өлкөгө кеткен жакын тууганыбыз деле убакыттын өтүшү менен өз эне тилин, маданиятын, салт-санаасын унутуп, жашап жаткан өлкөнүн тилин өздөштүрүп, салтын, жадагалса динин тутунуп кеткен учурлар көп кездешет. Ошол себептен жер жүзүнүн ар башка аймагында туулуп, өскөн адамдардын сырткы көрүнүшү, баскан-турганы, түсү, тили, уруусу, жашоого болгон көз карашы, адеби ар башка болоору бул табийгый, мыйзам ченемдүү иш. Жайгашкан аймагынын жакындыгына же узактыгына жараша элдердеги окшоштук жана айырмачылык же бир топ жакын болот, же бири-бирине такыр коошпойт. Маселен Орто Азияда жашаган элдердин ичинен кыргыз, казак жана өзбек, уйгур калкынын тили, маданияты бири-бирине абдан жакын, тутунган дини Ислам. Башта айтканымдай, Алла Таала чексиз даанышмандыгы менен бири-бирин сүйсүн, бири-бирин сыйласын, достукта, бир атанын балдарындай ынтымакта жашасын деп улуттарга бөлгөн.

   Аяттын үчүнчү сүйлөмүндө маани жыйынтыкталып жатат. Тактап айтканда, кайсы эл Алла Таала буйруган таризде жашап, калыс ниет менен үзгүлтүксүз ибадат кылса, кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы мыкты болсо, жаман нерселерден сактанып, жакшылыкка жанашса, ошол эл Жараткандын даргөйүндөгү эң бактылуу, эң барктуу эл болуп эсептелет деген маани келип чыгууда. Акылга салып калчасак, деле бир туугандардын баары ата-эне үчүн бирдей жана бирдей укукка ээ. Элдердин жаралышы, кара же ак түстө болушу же башкаларга жакпаган тилде сүйлөшү, мунун баары Жараткан Алланын эрки, кудурети менен болгон иш. Алланын эркине каршы чыгып, бирөөнүн тилин, түсүн, кебете-кешпирин жактырбай мурдун чүйрүүгө эч кимдин акысы жок! Андыктан жеке адамдын болсун, чоң, орто же кичине элдин болсун, башка элге караганда мартабасынын жогорулугу бир гана такыбаалыкта, ахлактын пакизалыгында жана Жараткан Алла талап кылгандай ибадат кылуусунда.

   Бул маселенин маанилүүлүгүнөн улам Азирети Пайгамбарыбыз да Жараткан Алланын Элчиси катары өз хадистеринде буга басым жасаган. Мекке каратылган күнү Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Каабаны алгач ирет тооп кылгандан кийин калайык калкка минтип кайрылуу жасаган: «Нааданчылык доорго тиешелүү жаңылыш жорук-жосундардан силерди арылткан Алла Таалага чексиз алкыш айталы. Оо, калайык калың журт! Силер эки гана түргө бөлүнөсүңөр. Сооптуу амалды көп аткарган такыбаалар, Алла Тааланын даргөйүндө булардын мартабасы абдан бийик жана ниети да, жасаган иши да жаман заалымдар тобу, Алла Тааланын даргөйүндө булардын кыпындай да баркы жок. Бүткүл адамзат Адам Атанын балдары. Алла Таала Адамды болсо топурактан жараткан». Байхакий, Шуабул-Иман, Тирмизий).

   Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) коштошуу кутпасында мындай деген: «Оо, эл-журт! Баарыңар Жалгыз Алланын кулусуңар, ушул эсиңерде болсун! Араптын башка элден, башка элдин араптан, ак түстөгү адамдын кара түстүү адамдан, кара түстүү адамдын ак түстүү адамдан кыпынчалык артыкчылыгы жок. Такыбаалар гана мунун тышында. Араңардагы Кудайдан корккон жана Анын буйруктарынан чыкпаган (такыбаа) адам Алланын эң сүйкүмдүү кулу болуп эсептелет» (Байхакий).

   Башка бир хадисинде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаратылган. Эч ким ата-бабаларынын кыйындыгына мактанбасын, манчыркабасын. Кимде-ким бул айтылгандардын тескерисин жасаса, Алланын даргөйүндө баркы төмөн түшөт» (Баззар). Алла Тааланын буйругу менен улуу жолго аттанып, үгүт-насаатты баштаган Азирети Пайгамбарыбыз кыска убакыттын ичинде бири-бирин жандан артык сүйгөн, биримдикти иш жүзүндө жактаган, бири-биринин акысын кайтарып, укугун коргогон, кубаныч-кайгыны тең бөлүшкөн мусулман коомчулугун түптөгөн. Жалаң гана изгиликти камтыган Ислам дини наадандык доордун айбан мүнөз инсандарын ахлагы асыл, мүнөзү жумшак, амалы ийги пенде кылып тарбиялаган. Алгачкы доордун ал инсандары согуш майданында чаңкоодон каны катып, тили күрмөөгө келбей кансырап жаткан учурда да сунулган сууну «суу, суу» деп жанында жаткан мусулман бир тууганына сунганчалык деңгээлде үммөт үчүн күйүмдүү болушкан. Ошол себептен биримдик, ынтымак деген түшүнүк маанисин жоготуп, ар кимибиз башыбыз оогон жакка ыктап турган учурда Алла Тааланын Даанышмандыгынын жемиши болгон Ислам баалуулуктарына кайрадан кайтуудан башка жол жок...

Башына