Жыйырма үчүнчү сан

Чубак Жалилов
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Ким башка бир коомго окшошууну кааласа, ал ошол коомдон» деп айткан. Нике шакегин тагынууга Ислам дини кандай карайт?
- Бул хасан хадис болуп эсептелет. «Ал ошол коомдон!» деген эскертүү, акыретте ал ошолордун катарында болот дегенди туюнтат. Нике шакегин тагынуу тууралуу динибизде айтылган эмес, т.а. бизде жок нерсе. Бул христиандардын үйлөнүү үлпөтүндөгү диний расминин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Исламда анча маани берилбеген бир эреже бар. Эгерде кандайдыр бир нерсе мусулмандардын жашоосуна опсуз эле кирип кеткен болсо, ал кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып калуу ыктымалы бар. Маселен, галстук тагынууну айтсак болот. Илгери баары шалбар кийишчү, азыр көпчүлүк мусулмандар костюм, шым жана шарият талабына жооп берген спорттук кийимдерди кийип жүрөбүз. Мурда эч ким жылаң баш жүрчү эмес, азыр жашоого кадимкидей сиңип кеткендиктен жадагалса намазды жылаң баш окуу өөн учурабай калды. Мындай нерселер жашоого сиңип кеткенден кийин башкача баа бериле баштайт. Нике шакегин тагынууга деле ушундай баа берүүгө болот. Мусулман өлкөлөргө назар сала турган болсок, Сауд Аравиясында жана башка мамлекеттерде буга этибар берилбейт, а Египетте, Түркияда болсо дээрлик көпчүлүгү тагынып жүрүшөт. Бул жагынан алып карасак, мусулмандардын арасында кандайдыр бир деңгээлде салт болуп калгандай көрүнөт. Негизи эле шакек тагынуу эркектерге жарашпаган жорук. Себеби шакек эркектин айбатын, эркектик сүрүн жана касиетин жаап, назик көрсөтө турган буюм. Ошондуктан «Хидая» китебинде эркектерге шакек тагынуу макрух деп айтылат. Окурмандарда «Пайгамбарыбыз деле шакек тагынган го?» деген ой болушу мүмкүн. Ооба, тагынган, бирок бул башка маселе. Мурдалары азыркы мөөр сыңары ар бир падышанын мамлекеттик мөөрү болгон. Башкача айтканда, эл башчылары шакектин бетин мөөр катары колдонушкан. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Ислам мамлекетинин башчысы катары башка падышаларга чакырык маанисиндеги каттарды жиберип, уруу башчылары менен келишимдерди түзгөндүктөн ошол кездин шарттарына ылайык бетине «Мухаммад расул-Аллах» деген жазуу чегерилген шакекти аргасыздан мөөр катары тагынып жүргөн. Жарыктык Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ошондо да адептүүлүгүнөн, уялганынан шакектин мөөр чегерилген бетин ар дайым ылдый каратып жүрчү экен. Азыр мөөрдүн заманбап түрлөрү чыкпадыбы, ошол себептен эркектер үчүн шакекти андан башка максаттарда тагынып жүрүүнүн кажети деле калбады көрүнөт.
Бул жерде дагы бир маанилүү маселени айта кетейин, көпчүлүк никеси бар мусулмандар шакекти жакшы максатта, коргонуу үчүн тагынгысы келет. Мисалы, нике шакегибизди көрүп эч ким тийишпейт, үй-бүлө куруу сунушун айтышпайт деп ойлошот. Эркекке болсун, аялзатына болсун, күйөөсү барбы же жокпу көчөдөн сөз айтуу Ислам адебине ылайык келбейт. Үй-бүлө куруу сунушу туугандардын ортомчулугу менен айттырылышы керек.
- «Мен жыйырма беш жылдан бери бир мамлекеттик мекемеде эмгектенип келе жатам. Намаз окугандан баштап, Алла Тааланын буйругуна ылайык узун кийинип, жоолук салынып жүрөйүн десем, уруксат жок, б.а. жумуштан айдалып кетишим ыктымал. Бул жашка келгенде башка жерден мындай жумушту таба албайм. Эмне кылсам болот?
- Бул суроо бизде жүрөктү өйүгөн көйгөйлүү маселе. Биз учурда намазыңызды таштабаңыз деп гана айта алабыз. Шарият буйруган жолду тутунсак кандай гана жакшы болмок. Тилекке каршы, андайга азыр мүмкүнчүлүгүңүз жок экен. Ошондуктан намазыңызды калтырбай, толук окуңуз, өзүңүздүн ар тараптуу тазалыгыңыз, адал менен арамга маани бергендигиңиз, тунук ахлагыңыз менен чөйрөңүзгө үлгү болуп, үйдө болсун, көчөдө болсун Алланын буйруктарын так аткарганга аракет кылыңыз. Мусулман инсан акыреттеги суракта намаздан такалбай, шыр өтүп кетсе, анда башка нерсеге кезек келет деп үмүт кылабыз Кудайым буйруса. Намаздан өтпөй калса, бул чоң жоготуу, ачыгын айтканда ал адам тозокко кетет. Алла Таалам баарыбызга ыймандуулукту насип кылсын!