Жыйырма үчүнчү сан

Абдуллах Серт
Кыргызстанга салыштырмалуу Түркияда элдин диндерге болгон мамилеси, айрыкча, Исламга болгон көз карашы туруктуу калыптанган. Ошого жараша диний адабияттардын, теле-радионун жана гезит-журналдардын деңгээли да, сапаты да, дарамети да бир кыйла жогору. Ак Башат журналы бул санга негизги тема катары биримдик, ынтымак деген нары олуттуу, нары зарыл теманы тандап алды. Ошол себептен журналистика жаатындагы достук алакаларды чыңдоо иретинде жакшы саамалыкты баштап, 24 жылдан бери боордош Түркия мамлекетинде Исламий жаатта жарык көрүп келе жаткан «Алтынолук» журналынын башкы редактору Абдулла Серт мырзаны өз өлкөбүзгө мейманга чакырып, сыйыбызды көрсөтүп, диний массалык маалымат каражаттарынын абалы, артыкчылыгы, өксүгү тууралуу маек курдук.
-Абдулла Серт мырза, Кыргызстанга кош келипсиз! Кадырлуу конок катары Кыргызстанга келгендигиңиз бизди абдан кубандырат. Агай, башкы редактор катары айтсаңыз, «Алтынолук» журналы кандай максатта, качантан бери, кандай шартта чыгып келе жатат? ¬
- Бисмиллахир-рахманир-рахим. Оболу «Ак Башат» журналына ийгилик каалайм. Кудайым буйруса, журналыңыздар Кыргызстанда адеп-ахлактык, таалим-тарбиялык жана рухий өңүттөн өркүндөөгө өз салымын кошот деп үмүт кылабыз. Анткени көз караш, пикир кудум жерге себилген үрөөнгө окшош. Урук топуракка көмүлгөндөн бир нече убакыттан кийин калдайган дарак болот, андан соң жылдар бою жемишин бере баштайт. Силер жеткирип жаткан пикирлер да кыргыз элинин көңүлүнөн түнөк тапса, акырындап адамды жакшы жакка жылоолойт. Жадагалса «Ак Башаттан» таасирленгендердин ичинен ахлагы агарып өз мекенин сүйгөн мекенчилге, динин сүйгөн нагыз мусулманга айланган инсандар чыгышы мүмкүн. Алар да дарак сымал тамырлап, башка какыр жан дүйнөлөрдү жибитип, үрөөн таштап, тамыр жайышы мүмкүн. Ошол себептен дээрлик көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн бир өлкөдө «Ак Башат» сыяктуу руханий басылмалардын жалгыз эмес, көп болгону жакшы.
Менин журналистикага болгон өзгөчө кызыгуум тээ лицейде окуп жүргөндө эле башталган болчу. Оболу ынтызарлуу окурман болдук. Андан соң Алла Тааламдын тагдыры мени журналистиканын эң жоопкерчиликтүү, т.а. диний тармагына алып келди, ошентип жыйырма төрт жылдан бери «Алтынолук» журналын жетектеп келе жатам. Жогоруда айтканымдай, «Алтынолук» журналы Ислам ааламындагы бир нече Исламий журналга көрөңгө болуп, жарыкка чыгышына түрткү болду десем жаңылышпайм. Маселен, Кыргызстандагы «Ак Башат», Казакстандагы «Рахмет самалы», Россиядагы «Золотой Родник», Азербайжандагы «Ирфан», Албаниядагы «Этика» журналдарын айтууга болот. Булардын баарын «Алтынолук» журналынын мусулмандар жашаган өлкөлөргө бой керген шагы деп ойлойм. Аталган журналдардын баары кайсы өлкөдө чыгып жаткан болсо ошол өлкөнүн элин азыктандырып турган рухий үлкөн балуулук.
«Алтынолук» журналы 1986-жылы жарык көрө баштагандан тарта жыйырма төрт жылдан бери эч аксабастан, токтобостон, ай сайын чыгып, кандайдыр бир себептерден кеч калган учурда ар бир айдын экисинде, үчүндө окурмандарыбыздын колуна тийип келе жатат. Ушу тапта 60 000 нуска менен чыгарып жатабыз. Ар бир мусулман окурманыбыздын үйүндөгү мусулман аялзатын, мусулман өспүрүмдү эске алып, аларды маалымат менен камсыз кылуу максатында айымдар үчүн «Шебнем» (Шүүдүрүм), тестиерлерге арнап «Алтын чожук» (Алтын балалык) журналдарын кошо чыгарып, «Алтынолукка» кошуп мусулман журтчулугуна сунуп келе жатабыз. Өз ишин мыкты өздөштүргөн, кайратынан жазбай эмгектенип келе жаткан мээнеткеч редакциялык жамаатыбыз бар. Биз үчүн эң маанилүү нерсе таза, калыс, тунук ойлордон бүткөн, акыйкатка сугарылган макалаларды жарыялап жана табитке төп келген рубрикалар менен толуктап окурмандарыбызга журналды өз убагында жеткирүү. Бул жагынан ар дайым бизге ийгиликти багыштаган Жараткан Аллага чексиз шүгүр келтирем.
- Түркияда диний массалык маалымат каражаттарынын абалы кандай, мусулман коомчулугу аларды кандай кабыл алат?
- 1950-жылдардан тарта Түркиянын маалымат айдыңында айрыкча Исламий жаатта теле-радиолор ачылып, басылмалар жандана баштаган. Ошондон берки алтымыш жылга чукул аралыкта Исламий мүнөздөгү массалык маалымат каражаттары заманбап технологиялар менен жабдылып, заманбап усул-ыкмалардын жакшысын пайдаланып, бул жаатта миңдеген кесипкөй кадрлар алгылыктуу, үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Кыскасын айтканда, Түркияда Исламий ММК жакшы өнүккөн.
Албетте, мусулман ММКсынын мынчалык деңгээлде өнүгүшүнө маалыматтык базанын салымы зор. Айтайын дегеним Ислам жаатында аалымдар тарабынан араб, перс, индус, чагатай тилдеринде жазылган тафсир, хадис, укук, усул, логика (мантык), акыйда, Ислам тарыхы, диндер тарыхы, дин психологиясы, дин социологиясы, дин экономикасы, дин жана Ислам маданияты, этикасы ж.б. илимий тармактагы эмгектердин, адабияттардын дээрлик көбү түрк тилине которулган жана бул айтылгандар тууралуу өзүбүздүн аалымдар, илимпоздор да жүз миңдеген китептерди жазышкан. Түркияда мына ушул маалымат казынасынан азыктанган көптөгөн Исламий гезит-журналдар бар. Түркиянын Дин иштер башкармалыгынын уюштуруусу менен жыл сайын он миңдеген окурмандардын катышуусунда Султан Ахмед мечитинде «диний басылмалардын жарманкеси» деген чоң жарманке өткөрүлөт. Баса белгилеп айта турган нерсе, биздин өлкөдөгү мусулмандын дээрлик көпчүлүгүнүн үйүндө жүздөгөн китептерди камтыган кичинекей китепканасы бар. Мына ушунун өзү эле жана диний басылмалардын өтө көп нуска менен далай жылдардан бери чыгып жатышы элдин кызыгуусунун жогору экендигин айгинелеп турат. Окуу албетте адамбаласы үчүн зор мааниге ээ. Жакшы нерсенин баары окуу менен башталат. Алла Таала эң алгач Ыйык Куранда «Оку!» деп буйрук берген. Ошол себептен акыл-эстүү адам баласы эң алгач Ыйык Куранды, Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) таржымалын, хадис, сүннөтүн, муну менен катар адам болуунун жолун, сырларын окушу керек. Адам деген атка татыктуу болгондо гана башка илим тармактарын үйрөнүп, үйрөткөнүбүз дурус болоор. «Китеп атпай бир Китепти-Куранды түшүндүрүү үчүн гана жазылат» деген бир жакшы сөз бар бизде. Китептер, гезит-журналдар ичиндеги маңыздуу маалыматтары менен бизге Алла Тааланын барлыгын, теңдешсиз улуу Кудуретин тааныта алса, аларды жата калып окуса болот, аларда пайда бар.
- Ар бир сандын күн тартиби кандай таризде бекитилет, макалаларды кимдер жазып беришет?
- «Алтынолук» журналынын редакциялык жамааты жаңы сан чыгаары менен кийинки сандын негизги темасын тандоо үчүн жыйынга чогулабыз. Жыйында биз бул санда Түркияга эмнени айтабыз, дүйнөгө эмнени айтабыз деген суроого жооп издейбиз. Күн тартибине маанилүү бир теманы бекиткенден кийин ар дайым жарык көрүп келе жаткан рубрикалардан тышкары дин жаатында билими бар адамдарга керектүү темаларды тизмелеп беребиз. Алар ошол тизме боюнча бизге макалаларды өз убагында жазып беришет.
-Диний жаатта басылган китеп болсун, гезит-журнал болсун, буларды тийиштүү расмий мекемелер электен өткөрүп көзөмөлгө алып турушабы?
- Жок, Түркияда диний маалымат каражаттарын эч ким алдын-ала көзөмөлгө да албайт, тизгиндебейт да. Маалымат жарыяланганга чейин эч кандай жоопкерчилик жок. Анык укуктук жоопкерчилик маалымат жарыялангандан кийин башталат. Бул эреже бардык эле жерде ушундай болушу керек деп ойлойм. Эгер сиз айтаар сөзүңүздүн акыйкат, чындык экендигине ишенсеңиз ачык жарыялай бересиз. А эгер сиз жалган же жаңылыш маалыматты жарыялаган болсоңуз, кыска убакыттын ичинде коомдук пикирди жаратат, аны менен катар тийиштүү макамдар талкууга алгандан кийин жеңилирээк болсо эскертүү берилет, өтө оор болсо мыйзам чегинде чара көрүлөт. Ошону менен катар дин мыйзамында башка диндерди жамандоого, каралоого тыю салынган. Туркия мамлекетинде Куран-и Карим же анын маанилеринин котормосу гана Дин иштер башкармалыгынын тескөө бөлүмү тарабынан өтө кылдат текшерилгенден кийин басууга уруксат берилет. Себеби Куран биздин башкы, негизги ыйык, катасыз, жаңылышсыз Китебибиз болуп саналат. Текшерилбесе, көзөмөлдөнбөсө, башка китептердей жаңылыштыкка, бири-бирине карама-каршы келген нерселерди киргизип жибериши мүмкүн. Ошол себептен Дин иштер башкармалыгынын мөөрү басылбаган Куран Түркияда этибарга алынбайт.
- Түркияда биз мусулманбыз деген агымдар же башка диний секталар массалык маалымат каражаттарын колдонушабы, гезит-журналдарды, чыгарылган бршюраларды акысыз таратып дегендей?
- Сиздердин өлкөдөгү абал бираз башкача. Союз урагандан кийин мурда атеист болуп жүргөн адамдардын көпчүлүгү динге кайтышты. Албетте, адам баласы заттык нерсеге муктаж болгону сыңары, ар кандай сезимдерге бай макулук катары рухий азыкка муктаж жаратылган. Көбү эң туура чечимди кабыл алышып Исламга кирсе, бир тобу материалдык жана напсилик кызыкчылыктан улам христиандыкты, башка диндерди жана секталардын этегин кармап кетишти. Орто Азия тутунган дини жагынан Ислам ааламынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Бүгүн бүт дүйнөдө, айрыкча Африкада, Орто Азияда христиан миссионерлери миллиарддаган каражатты сарптап, жанталаша иштеп жатышат. Менин жеке көз карашымда алардын мындай аракеттерин элди христиандаштыруу, диндер аралык араздашууну жаратуу, чыр-чатакты ырбатуу, акырында ырбап кеткен чыр-чатакты басуу үчүн куралдуу күчтөрдү киргизүү аркылуу элди, анын эркиндигин, бүт баалуулугун, кен-байлыгын басып алуу деп түшүнөм. Эскерте кетчү нерсе, бүгүн бул аймактарда иш алып барып жаткан агымдар менен секталардын бир тобу ошол эле Россияда, Японияда, Европанын, Американын өзүндө мыйзам тарабынан тыю салынып, куулуп чыгылганы менен бул аймактарда иш жүргүзүшүнө үлкөн өлкөлөр мамлекеттик деңгээлде көмөк көрсөтүп жатышат. Айрыкча, азыркы глобалдашуу учурунда, майда элдердин жок болуп кетүү ыктымалы күчөп турган кезде эки миң жылды басып өткөн карт тарыхы бар улуу эл үчүн бул нерсе өтө кооптуу жагдай. Мына ушул нерсеге мусулман журтчулугу этият болушу керек. Алла Таала аманат кылып берген таза динди эң оболу ар бир мусулман мыктылап үйрөнүп, турмушта жүзөгө ашырып, башкаларга үлгү болуу, жатык тил, жагымдуу сөз менен даават кылышы керек. Зордук-зомбулук, кысым же акча таратуу, материалдык муктаждыкты камсыз кылуу жолу менен таратуу туура эмес.
Мен сөзүмдүн акырында айтаарым, Орто Азия, аны ичинде Кыргызстан түрк элдеринин байыркы мекени болуп эсептелет. Биздин ата-бабаларыбыз Европа жака ушул аймактардан кетишкен. Ошол себептен биздин биримдигибиз, боордоштугубуз кудум эки бир туугандай түбөлүктүү деп айткым келет. Бул аймактар убагында Алланын динине кучак жайып, берекеси ташып Имам Бухарий, Имам Матурудий, Оштук Сиражиддин ал-Оший, Махмуд Кашкарий, Жусуп Баласагын, Бахауддин Накшибандий, Ахмад Яссавий сыяктуу Ислам залкарлары чыккан.
Элдин дин Исламдан бейпилдик таап, мусулман болуп жатышы албетте, башкаларга жакпашы мүмкүн. Силер бул өлкөнүн мекенчил мусулман жараны катары өлкөсүнүн бүтүндүгүн, биримдигин, кең келечегин ойлогон, ыймандуулукту, бейпилдикти жана адеп-ахлакты камсыз кылууда «Ак Башатыңар» менен мамлекетке кол кабыш кылган акыйкат жолдон тайбаган ак жолтой, кыяматка чейин жашаган жароокер журнал болгула! Өз элиңердеги Пайгамбардан калган, ата-бабалардан калган асыл баалуулуктарды, улуттук дөөлөттөрдү сактай билгиле!