Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Жакшылыгыңды эл эмес, жараткан Алла билсин!
   

   

   Бул окуя Ислам тарыхынын алгачкы жылдарында Ислам динибиздин бешиги саналган Медина шаарында болуп өткөн. Белгисиз бир берешен Мединанын кедей-кембагалдарынын босогосуна күн сайын түн бир оокумда бир каптан азык таштап кетип жүрөт. Бул жакшылык кыйлага дейре үзүлбөйт. Кудайдын бергени да деп артынан түшүп кайрымдын ээсин деле изилдешпейт. Демейдеги таңдын биринде жанакындай кайырым баарында бирдей токтойт. Башка жака таштап кеткендир деген ой менен үйдү тегеренип чыккандар да болот. Бирок эч нерсе табылбайт. Баары мунун себебин иликтегенге өтөт. Кайрымдын токтош себебин алар көп өтпөй билишет. Жакын жерден оор жоготууга учураган пенделердин муңдуу ыйы жана ага удаалаш азалуу жаназа намазга чакырган жарчынын кыйкырыгы көчөнү жаңыртып кирет. Азирети Алинин небереси Зайналабидиндин көз жумганын уккан көпчүлүктүн жан дүйнөсү сыздай түшөт.

   Акыркы Пайгамбардын чебересин акыркы сапарга узатуу үчүн дин Ислам боюнча амалдар аткарыла баштайт. Кезек маркумду аруулап жуунтууга келет. Бул шарапаттуу ишке милдеттендирилген адам кийимин чечип жатып маркумдун ийининен тарта далысына чейин ичи сууга толгон чоң, чоң жараларды көрөөрү менен бир ичиркенип, эмнеден улам мындай болгонун аңдай албай селейет. Жакындарын чакырып бул нерсе эмнеден улам чоң жарага айланып кеткенин сураштырат. Акырында ошо бүлөдөн бул сырды билген бирөө буларды маалымдайт:

   -Зайналабидин түн ортосунда алдын ала даярдап койгон каптарды ийинге артып, эл тура электе кедей-кембагалдардын босогосуна таштап, эч бир жанга көрүнбөй үйгө кайтар эле. А эл болсо бул кайырымды ким жасап жатканын ушу кезге чейин билбей келет. Ийининен тарта далысын каптаган оор жара ошол оор каптарды көтөргөндөн улам пайда болгон (крз. Ибн Касийр, ал-Бидая, 9, 112, 122; Абу Нуайм, Хиля, 3, 136).

Башына