Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Манас – элдик мурас
   

Данияр Эркинбаев

   (Башы өткөн санда)

   Жаш Манас атасы Жакып экөө Ыйман деген жылкычысын он чакты калмак сабап, жылкыларын айдап кетип бараткан жеринен, астынан чыгып калышат. Жакыпка калмактар биздин жерлерде жайылып оттогон үчүн жылкыңды алып койдук, деп Он калмактын бирөөсү
Озунуп келип Жакыпты
Оройго камчы салганы.
Башына камчы чабылды
Тебетей чаңы кагылды.
Тегеректеп он калмак
Бай Жакыпка жабылды.
Атасын коруп жаш Манас
Урушмакка камынды. (204-бет)

   Ошондо калмактардын Кортук деген башчысын Манас укурук менен башка чаап өлтүрөт. Калгандары Манасты кармап алалык дегенде… Чилтенден уккан бирлигин,
Көңүлдүн жойду кирлигин,
«Бир кудай Өзүң колдо, - деп,- Колдой көр ушул жолдо!» - деп… (205-бет) калган калмакты Манас кубалап качырат.
Экөөнүн колу сыныптыр,
Бирөөнүн буту чыгыптыр,
Үчөөнүн башы айрылып
Үшкүрүшүп кайгырып… (217-бет)

   Артынан келген атасы Жакып эми калмака таланып, кырылып калабыз, кун төлөтүп алып калышса эле экен – деп, аябай кайгырат. Айласы кеткен Манас эки жакты карап, чилтендерди издеп калат. «Кайда кетип калды экен
Бору болгон кырк киши…
Бел-белди карап элеңдеп.
Жакыпка жооп айта албай,
«Жаман жерден өлтүрүп,
Иш кылдым – деп, шайтандай!»
Талаага көзүн салганы,
Кызыл байрак көтөргөн
Кырк киши чыга калганы…
…Атам турат кайгырып,
Акылынан айрылып,
Айттыңар силер «Алла!» - деп,-
Азыр турам бу жерде
Алла болсоң колдо – деп!»
Жаш бала айтып салганы…
Кайгырбагын өзүң – деп,-
Жумгун балам көзүң!» - деп,
Кайберен кырк чилтен
Балага айтып туруптур,
Бала көзүн жумуптур,
Жумган жерде кулагы
Ла илаха иллаллах
Келме шахадат угуптур… (212-214-беттер)

   Ошентип Нескара он үч жашка чыгып күчүнө толо элек Манасты жок кылам – деп, алты миң сарт, кытай жана калмак аралаш аскер-колу менен аттанып чыгат. Бирок кыргыздарга Нескаранын келе жатканы билинип, сегиз миң кол топтолуп аларды куурчап, жаш Манас баш болуп астынан чыгышат. Муну күтпөгөн душмандар коркконунан туруштук бере албай, колго түшүп калышат. Айласы кеткен Нескара качканга аракет кылат. Ошондо бир ак сакалдуу адам пайда болуп Нескаранын артынан жөнөйт. Манас байкап караса, Астыңкы кошо чапканы
Аты Кызыр эр экен.
Аманатка кыянат
Кылдырбаска кудурет,
Баштатан жүргөн дээр экен.
Кылым журт көрбөйт Кызырды
Калайык көрбөйт кайыпты… (307-бет)

   Колго түшүрүп алгандан кийин артынан келген Манасты «жакын жолобо» деп, Кызыр Нескарага дем салат. Кызыр бир дем салганда
Дөө, жини шайтаны
Нескарадан кайтканы,
Кырк күнчүлүк жолго учуп,
Кылчайбай качты шайтаны.
Дөөсүнөн өзү бөлүнүп,
Дөөгүрсүгөн бадирек
Желеги жерге төгүлүп,
Качырып каапыр калганы,
Чабдарга камчы салганы
Аркасынан анын да
Чаң созулуп калганы… (308-бет)

   Бул чабуулдан кийин кыргыздын аттуу-баштуулары чогулуп, «калмак-кытайдан өчөшкөн кара таандай болгон жоо келсе айласын кантип табабыз, көргөн күнүбүз не болот?» – деп чуркурашып калганда, Манас аларга ачууланып бек айтат: «Катылбайбыз эми! - деп,
Аяк башты жыялык,
Аккан жашты тыялык.
Бекемденип каларбыз,
Амир болсо Алладан
Арбак урган кытайдын
Алты шаарын аларбыз.
Акыр биз да тим жатпай,
Алеңгирди саларбыз!»
Манастан бары кеп сурайт:
«Алла, Алла! – дей бердиң,
Кудай, кудай! – дей бердиң,
Ал эмине?» - деп, сурайт. (313-314)

   Ошондо Манас Алланын буйругун аткарып жүргөн кырк чилтен менен жолукканын, алар бир гана Жараткан Кудай бар экенин айтканын, толук түшүндүрүп берет... «Аны үчүн айтам Алла! – деп,
Аздырбай жолдон колдо! – деп.
Бул олтурган көбүңүз,
Көгөргөн асман-көгүңүз,
Көл, дария, суу – деди,
Куюлтуп бери жибербейт,
Кудаанын күчүн көрүңүз!
Аңырайтып тим койбой,
Асман жасап, көк берген,
Насибиңди көп берген,
Айбанына ылайык
Албан түрлүү чөп берген.
Астында турган кара жер,
Жер экен – деп, тим болбой,
Суусу канча, таш канча,
Айланаңды карай бер,
Баарыбызды көтөрүп,
Акы албаган кандай эр,
Ушунчанын ээси
Бир Жараткан Кудай дээр!
Ошол айткан кырк киши,
Ойлоп турсам алардын
Арзан эмес бул иши!
Бөлөк ишти кылбаймын,
Анын үчүн алардын
Айтканынан жылбаймын!
Жетет экен тилекке,
Кубат берер билекке.
Мен да айтамын силерге
Кудай бар! – деп билерге… (315-316-беттер)
…Өлүп калсак кырылып,
Бир чуңкурга тололук.
Тирүү болсок жыйылып,
Бир дөбөдө бололук.
Уктуңарбы баарын? – деп,
Улуу-кичүү, карың!» – деп…

   Ушул сөздү угуп, элдер эсине Кудайды салып, колдорун төбөгө көтөрүп бата кылышты.

Башына