Жыйырма үчүнчү сан

Ак Башат казынасы
Имам Газалий -куддиса сиррух- (1111-жылы көз жумган)
Уулум! Мынабул үч ибадатыңда жан дүйнөңдүн аруулугун таза карма! Акыл-ойуң талаада болбосун! Булар - Куран окуу, Жаратканды даңазалап зикир кылуу жана намаз окуу учурлары. Мына ушул учурларда акыл-ойуң, көңүлүң бир саамга да талаада болбосун! Жараткан Алланын алдында тургандыгыңды унутпа! Бул учурда кыбылага жүз буруп, акылың ой-талаада болсо, анын берекеси качат. Жүзүңдү жер бетиндеги алгачкы мечит Каабага буруп, жан дүйнөң менен Жараткан Аллага бет ал!
Уулум! Бирөөнүн акы-укугуна карата өтө этият мамиле жаса! Бир тыйын карыздын айынан Жараткан Алланын алдында кабыл алынган көптөгөн ибадаттарыңдын сообу кетет. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) карыздар бойдон көз жумгандардын жаназа намазын дароо окучу эмес. Мунун себеби маркумду карызынан арылтуу эле. Бул анын маркумга болгон боорукерлиги, жылуу мамилеси эле. Мусулман баласы карызды дайыны жок жерлерге колдонуу үчүн албайт. Ал эми олуттуу себептерден улам карыз алса, Алла Таала ага карызын төлөп берүүгө жардам берет. Алтургай карызды ээсине кайтарып берүүгө аракет кылып, бирок карызын толук төлөй албай көз жумса, кыяматта Алла Тала ага жардам көрсөтөт.
Жашоонун оош-кыйышында боло турган машакаттар үчүн да Жараткан Аллага шүгүр келтирүү зарыл. Себеби каапырлыктан жана күнөөлөрдөн өткөн балээ жок. Кудай Таала ушундан Өзү сактасын! Алла Таала сенин жакшылыгыңды сенден миң эсе артык билет. Сен чындыгында сага пайдалуу көп нерселерди терс кабыл алышың мүмкүн. Ошондой эле сага зыяндуу көп нерселерди жакшылык катары кабыл алышың да мүмкүн. Эң бейпил жол – бул тагдырыңа ыраазы болушуң, Жараткандын ар бир сыноосуна шүгүр келтиришиң!
Уулум! Жакын мамиледе болгуң келген адамдарды туура танда! Эсиңе түйүп ал, бир себет толтура таза алманы бир чирик алма чиритет (бир карын майды бир кумалак чиритет). Ошондуктан дайыма Жараткандын такыбаа пенделери менен бирге бол!
Жакшы дос гүл майын (миск, атыр) саткан сатуучу сыяктуу. Сен сатуучудан аны сатып аласың, же ал сага белек кылат, же эч болбосо сага ал жердин жыпар жыты сиңип калат. Адам жакшы көргөн адамдары менен бирге болот. Бул дүйнөдө кимдер менен жакын ымалаш болсоң, кыяматта ошолор менен бирге болосуң. Мына ошондуктан алган илимине ылайык өмүр кечирген аалым-такыбаалардын сукбат-дилмаектеринен калба!
Уулум! Жашоодо бүт нерсе Алла Тааланын эрк-каалоосуна жараша болот. Алла Таала бирөөнү бай, бирөөнү кедей, бирөөнү ден-соолугу чың, бирөөнү майып, бирөөнү аалым, бирөөнү наадан кылган. Бул дүйнөнүн тең салмактуулугу ушундай таризде гана сакталат. Өзүңдөн төмөн адамдарды көргөнүңдө, бой көтөрүп аларды төмөн көрбө! Сен алардын, алар сенин ордуңда болуп калышы толук мүмкүн болучу. Ошондуктан кедей-кембагалдар менен дос бол! Аларга дайыма жылуу мамиле жаса! Адамдык да, мусулмандык да сапатыңды жоготпо! Ошондо гана түбөлүк бакытка жетесиң. Эки дүйнөлүк бакытка жеткиң келсе, эч кимдин көңүлүн оорутпа! Өзүңдөн жаш адамды көрсөң «мунун күнөөсү менин күнөөмдөн аз», ал эми улуу адамды көрсөң «бул адамдын сообу меникинен көп. Мен билбеген артыкчылыктары менен менден алдаканча жогору» деген түшүнүк менен назар сал! Аалым көрсөң, «мунун илими бар, өзүн куткарат», сенден илими төмөн адамдарды көрсөң, «Бул билбейт, Алла Таала аны кечирет» деп ойло! Ал эми каапыр адам көргөнүңдө, акыркы деми белгилүү болбогондуктан «Алла Таала буга адал жолдун багытын көрсөтсө, бардык күнөөлөрү кечирилип, акыретке таптаза барышы мүмкүн. Ал эми менин акыркы демим кандай болот?» деп акыркы демиңди ойлон! Өзүңдү канчалык таанып, канчалык алсыз деп билсең, Алла Тааланын алдында ошончолук бийик даражада болосуң!