Жыйырма үчүнчү сан

    

Журналдын жыйырма Үчүнчү саны

Мазмуну

Үй-бүлө күтүү жана жубайлардын милдеттери тууралуу хадистерде эмнелер айтылган?
   

Кубаныч Айдарбеков

   

    «Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, оротоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен. Чындыгында, ой жүгүрткөн коом үчүн ушуларда белгилер бар» (Рум сүрөсү, 21-аят).

    «Нике менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмө амал кылбаса, ал бизден эмес. Үйлөнгүлө! Анткени мен башка үммөттөрдүн алдында силердин көптүгүнөр менен сыймыктанам. Каржылык мүмкүнчүлүгү барлар дароо үйлөнсүн. Мүмкүнчүлүгү жетпесе (нафил) орозо кармасын. Анткени орозо жыныстык ышкыны (делебени) тизгиндейт» (Ибн Маажа, Никах, 1).

   Ар бир адам үй-бүлө куруп артына урпак калтырууну самайт. Эң негизги маселе үй-бүлөнү сактап калуу, тагдыр кошкон жубайың менен өмүрдүн аягына чейин бактылуу жашоо, тилекке каршы бул ар бир адамдын колунан келе бербеген иш.

   Азыркы мезгилде дүйнө жүзү боюнча статистикалык иликтөөлөр көрсөткөндөй, баш кошкондордун 50%ы ажырашып кетип жатышат. Мунун кесепетинен ата-энесиз калган балдар көчөдө калып, турмуш кечирүү үчүн эрте жашта оор иштерге тартылып, ден-соолугунан, бакубат жашоодон ажырап калып жатышат. Мындан тышканы миллиондогон балдар жетимдиктен жана таалим-тарбиянын начардыгынан улам туура жолдон адашып уруу-кески болуп, баңгиликке, ичимдикке берилип кетип жатканы жанды кейитет.

Үй-бүлө күтүүнүн пайдалары:

   Хадистерде үйлөнө турган жаштарга төмөнкүдөй кеңештер берилет: «Аялзаты менен төрт нерсе үчүн нике кыйылат: Мал-мүлкү үчүн, ата-теги үчүн, сулуулугу үчүн, ыймандуулугу үчүн. Сен ыймандуусун тандап бакытка жет» (Бухарий, Никах, 15).

«Бул дүйнөдө мага үч нерсе сүйдүрүлдү: жыпар жыттуу аялзаты жана көзүмдүн нуру болгон намаз» (Муслим, Талак, 31).

«Бул дүйнөдө байлыктын кени бар. Байлыктын эң жакшысы ыймандуу аял» (Муслим, Рада, 64).

«Дүйнөдөгү эң жакшы немат – бул Алланы зикир кылган тил, шүгүр келтирген жүрөк (дил) жана ыйман жолунда жашоого көмөк көрсөткөн аял» (Тирмизи, Бирр, 13)

Жубайлардын милдеттери тууралуу айтылган хадистер:

«Мусулман эркек өз жубайын жаман көрбөсүн. Балким анын бир мүнөзү жакпаса башка мүнөзүн жагат» (Муслим, Рада, 61).

«Силердин эң кайрымдууңар аялдарына жакшы мамиле кылгандар» (Муслим, Бирр, 149).

«Адеп-ахлагы жакшылар жана үй-бүлөсүн жакшы карагандар эң ыймандуу момундардан болуп эсептелет» (Насаий, Ишратун-Ниса, 229).

«...Эркек үй-бүлөнү багууга милдеттүү. Аял болсо күйөсүнүн тапканына ыраазы болуп, аны туура пайдалануусу зарыл» (Бухарий, Жума, 11).

«Аял беш убакыт намазын окуп, рамазан айында бир ай орозо кармап, намысын сактаса жана күйөсүнө баш ийсе ага: «Бейишке кайсы эшиктен киргиң келсе, ошол эшиктен кир!» деп айтылат» (Ахмад бин Ханбал, 1 том, 191-бет).

   Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) коштошуу кутбасында жалпы үммөтүнө мындай деп кайрылган: «Аялдардын акы-укугу маселесинде Алладан корккула. Анткени силер аларды Алланын аманаты катары алдыңар. Алар силердин көзүңөргө чөп салбай абийирин сакташы керек» (Муслим, Хаж 147).

«Кыздын макулдугу алынбастан нике кыйылбасын. Жадагалса макулдугун албай туруп жесир аялды күйөөгө берүүгө болбойт» (Бухарий, Икрах 3).

«Кимде-ким үч кызды, же үч эже-сиңдини же болбосо эки кызды, же эже-сиңдини жакшы тарбиялап, алардын акы-укугун коргоп Алладан корксо (аларга адилетсиздик кылбаган болсо) ага бейиш бар» (Тиримзий, Тафсиру сура, 9).

   Үй-бүлөнүн талкаланышына жол бербөө үчүн Ислам шариятында жубайлардын сөзсүз аткара турган милдеттери бар. Жубайлар өз милдеттерин кынтыксыз аткарышса бактылуу үй-бүлөлөрдүн саны артып, ажырашуулар азаймак:

  • Ак никелүү жубайлар бири-бирине жакшы, жагымдуу сөздөрдү айтышы керек;
  • Үй кызматында жардамдашуу;
  • Кеңешип иш кылуу;
  • Тыгыз байланышта болуу;
  • Жубайын жана балдарын үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылуу;
  • Тазалыкты өзгөчө сактоо;
  • Үй-бүлө сырларын сактоо;
  • Ыймандуулукта арка-жөлөк болуу;
  • Күйөнүн туугандарын жана досторун урматтоо;
  • Ислам таалим-тарбиясына көңүл буруу;
  • Жөнү жок кызганбоо;
  • Кечире билүү, кемсинтпөө жана басынтпоо;
  • Бири-бирине ишенүү;
  • Жубайлардын ар бири өз абийирин сакташы;
  • Сабырдуу болуу жана бири-бирине моралдык жактан жардам берүү;
  • Ашкере ысырапкерчиликке жол бербөө.

   Сөзүмдүн акырында мына ушул акыл-насааттарды жана куттуу хадистерди көңүл-ойго бек тутуп, адамзаттын бакыт уясы болгон үй-бүлөлөр эч качан бузулбасын, демекчимин.

Башына