Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

  • Ислам дининин ырым-жырымдарга болгон көз карашы
  • Түркөй ишенимдер
  • Оо,Мусулман, маарек болсун майрамың!
  • Диний таалим-тарбия алуунун маанилүүлүгү
  • Көзү ачыктык, кайыптан сүйлөө
  • Керемет
  • Ал-Кообиз жана ал-Баасит
  • Ибрахим (алейхис-салам)
  • Ыйык Курандын маркумдарга пайдалуу болгондугу жөнүндө эки ооз сөз
  • Манас-элдик мурас
  • Акыркы Пайгамбардын(саллаллаху алейхи васаллам) кеңеши
  • Куран жана биология илими
  • Мухаммад бин Хасан аш-Шайбани
  • Бакшылыктын жана төлгө салуунун шарияттагы өкүмү
  • Сурооңузга жооп
  • Азан
  • Туура тамактануу ден-соолукка өбөлгө
  • Кайсыл өлкөдө кандай түркөй ишеним бар?
  • "Көзү ачыктарга илингенден баштап жашоом караңгы түн болду"
  • Мен көзү ачыктар менен беттешүүгө дайым даярмын!
  • Туура ишенүү жана туура жашоо

    Ассалааму алейкум ардактуу окурмандар!

    Акылбек Халбеков

    Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күздүн алгачкы айында сиздер менен жолугушуп жатканыбызга кубанычтабыз. Дал ушул күндөрдө дыйкандар жазында эгип-сепкенинин мол түшүмүн алып, адал эмгек, маңдай тердин үзүрүн көрүп жаткан кез. Ошондой эле билимдин очогу болгон мектептерде, жогорку окуу жайларда кадыресе сабактар башталып, айтор ак үйдөн тарта, бала бакчага чейин иш кызуу башталып, турмуш өз нугунда уланып бараткансыйт деген менен аң-сезимибизге, ишенимибизге сиңип калган көптөгөн түркөй ишенимдердин туткунунда жашап келатканыбызды сезбей жүргөндүгүбүз өкүнүчтүү.

    Айтайын дегеним, Ак Башат журналы бул санда турмушта кеңири колдонулуп жүргөн, акыйкатка негизделбеген ырым-жырымдар, көзү ачыктардын жалганчылыгы жана аларга ишенүүнүн кесепети тууралуу кеп козгоп, бул жаатта кеңири маалымат бергенге аракет жасадык. Ислам дининдеги эң аялуу маселе саналган ишенимге түздөн-түз тиешеси болгондуктан ырым-жырым темасын козгоп олтурабыз. Анткени Алла Тааладан башка нерселерге ишеним артуу, нерселерди жакшылыктын же жамандыктын жышаанасы катары билүү, бизге пайда келтирет деген ниетте бир нерсеге үмүт байлоо сыяктуу көрүнүштөр пенденин ыйманынын тайыздыгынан же мен мусулманмын дегенибиз менен ошо мусулманчылыкты, дин Исламды толук кандуу түшүнбөгөндүгүбүздөн кабар берет жана мунун акыреттеги жазасы канчалык оор экенин Алла Тааладан башка эч ким билбейт.

    Андыктан бул санда алгач аталган маселенин тарыхынан, маселени кеңири иликтеген жана мындай көйгөйдөн арылуунун жолун сунуш кылган макаларларга, кадыресе уланып келаткан рубиркаларыбызга күбө болосуздар.

    Ошондой эле төр маек рубиркабыздагы өлкөбүздө далай жылдардан бери Ислам жаатында алгылыктуу иштерди аркалап келе жаткан Иляз Максутов агай менен болгон кызыктуу баарлашуу окурмандарыбызга зарыл болгон так маалыматтарды бере алат деген ишеничтебиз.

    Кыргызды ааламга тааныткан, көөнө мурас болгон «Манас» эпосундагы мурун жарык көрбөгөн эпизоддор, окуялар, т.а. ошо кездеги кыргыз элинин Ислам динине болгон мамилеси, дегеле улуу эпосто адамбаласына эки дүйнөдө пайда келтирер чакырыктар бар экендигин бул сандагы «Манас – элдик мурас» аттуу макаладан окуй аласыздар.

    Урматтуу окурмандар! Алла Таалам жалпыбызга аманчылыкты, тынчыкты буйруп, бакубат турмушка жеткирсин! Келерки сандан жылуу маанайда жолугушканча сак-саламатта болуңуздар!


    Башына