Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Ыйык Курандын маркумдарга пайдалуу болгондугу жөнүндө эки ооз сөз
   

Бахаддин Дартма

Куран – бул бүтүндөй адамзатынын адал жолго түшүшү үчүн түшүрүлгөн Жараткандын сөзү. Бул ыйык Китептин окулушу, аңдалышы жана аны менен жуурулуша жашоого болгон аракеттин бардыгы үчүн сан жеткис сооптор бар. Акыркы күндөрү кээ бир адамдар Курандын тирүүлөргө гана түшүрүлгөнүн, аны маркумдарга окуунун пайдасыз болгонун айтып келишүүдө. Коомчулукта мындай калпыс пикирлерди жактап тараптар болгондор да бар. Ал эми аят-хадистерге назар салганыбызда, Куран тирүүлөргө да, маркумдарга да пайдалуу ыйык Китеп болгондугун ачык-айкын байкай алабыз.

Биз бул макалабызда Курандын маркумдарга окулушун четке каккандардын пикирлеринин калпыстыгын, жаңылыштыгын, анын маркумдарга окулушу пайдалуу болгондугун куттуу аят-хадистердин негизинде далилдеп берүүгө аракет кылмакчыбыз. Жараткандын өзгөрбөс мыйзамдары камтылган Куран адам баласын түбөлүк бакыттын туу чокусуна жеткирүү үчүн, эки дүйнөдө тең бейпил өмүр сүрүшү үчүн түшүрүлгөн. Бул багытта аяттарда төмөнкүчө маалымдалат:

«Бул (Куран) – Алланын туура жолу...» (Зумар сүрөсү, 23-аят)

«Куран (адам баласын) эң туура жолго жетелейт» (Исра сүрөсү, 9-аят).

Куранда көрсөтүлгөн эң аруу, эң улуу максатка жетүү үчүн андагы эрежелерге олуттуу түрдө мамиле жасоо зарылчылыгы күч. Куран толугу менен адам баласынын жашоосуна айкалышса, ошондо гана андагы улуу максат жүзөгө ашкан болот. Аны менен жашоо үчүн түшүнүү, түшүнүү үчүн окуу зарылчылыгы турат. Башкача айтканда, Куран менен жашоодон мурун аны окуп-түшүнүү баскычтарынан өтүү зарыл.

Эми аягынан башына карай бул баскычтарды тизмелейли:

А. Куран менен жашоо

Куранда негизги бул максат ачык-айкын түрдө төмөнкүчө маалымдалат:

«Баарыңар Алланын жибин (Куранды) бекем кармангыла, бөлүнбөгүлө!...» (Аали Имран сүрөсү, 103-аят) «Силерге Жараткан Эгеңерден түшүрүлгөн (Ыйык Куранга) моюн сунгула!» (Аараф сүрөсү, 3-аят).

Бул аяттардан байкалгандай, бизге Куранды бекем карманууга, аны менен жуурулуша жашоого ачык-айкын түрдө буйрук берилүүдө.

Куттуу хадистерде да бул багытта:

«Силерге эки нерсе таштадым. Булар менен жуурулуша жашаган чагыңарда, эч качан адал жолдон адашпайсыңар. Булардан бири – бул Ыйык Куран, экинчиси – Алла Элчисинин сүннөтү» (Малик бин Анас, ал-Муватта, (тахкик др. Башшар «Аввад Маруф» Махмуд Мухаммед Халил) 1-басылышы, Бейрут, 1992/1412, Кадар, 3; Ахмад бин Ханбал, Муснад, Стамбул, 1982, III, 26; Тирмизий, Абу Иса Мухаммад бин Иса бин Саврате, Сунанут-Тирмизий, Стамбул, 1981, Манакиб, 31) «Алла Тааланын Китебин бекем кармангыла! Анда силерден мурункулардын жана силерден кийинкилердин кабарлары бар. Араңардагы маселелердин өкүмү да анда бар. Ал ойун-күлкү эмес, ак менен караны айырмалоочу китеп. Аны текеберлене таштаган адамга Алла Таала оор азап берет. Андан сырткары адал жол издеген адамды Алла Таала адаштырат. Ал - Алла Тааланын үзүлбөс бекем жиби...» делет (Тирмизий, Фазаилул-Куран, 14; Даримий, Абу Мухаммад Абдуллах бин Абдуррахман бин ал-Фазл бин Бахрам, Сунануд-Даримий, Стамбул, 1981, Фазаилул-Куран, 1)

Бул хадистен байкалгандай, аны менен жуурулуша жашаган чакта Алланын Китебинин оң натыйжаларга себеп болоору айтылган.

Алла Тааланын жибин бекем кармануу – Куран менен жуурулуша жашоо дегенди түшүндүрөт: «Куран бир учу Алла Тааланын, экинчи учу силердин колуңарда болгон жип сыяктуу. Аны бекем кармангыла! Ошондо гана адал жолдон адашпайсыңар» (Ибн Абу Шайба, Абдуллах бин Мухаммад, ал-Мусаннаф фил-ахадиси вал-асаар (тахкик Сайид Мухаммад ал-Лаххам), Дарул-фикр, 1-басылышы, Бейрут, 1409/1989, Китабу Фазаилул-Куран, (26), 16, (VII, 164).

Себеби Куран адамдардын бардык көйгөйлөрүн чечип берүүчү жападан жалгыз ыйык Китеп.

Б. Куранды түшүнүү

Төмөндөгү аяттар Куранды окуп түшүнүү, ал жөнүндө ой-жүгүртүү зарылчылыгына ачык-айкын түрдө басым жасайт:

«Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Алладан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карама-каршылыктарды табышаар эле» (Ниса сүрөсү, 82-аят) «Эмне үчүн алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйт? Же алардын жүрөктөрүндө кулпу барбы?» (Мухаммад сүрөсү, 24-аят)

Алла Элчисинин Абу Зарга айткан мынабул «отуруп Алланын Китебинен бир нерсени түшүнүүң сен үчүн жүз ирекет (нафил) намаз окушуңдан алдаканча артык» (Ибн Маажа, Мукаддима, 16) деген сөзү өтө зор мааниге ээ.

Куранды тез жана кыска убакыттын аралыгында окуп бүтүрүү маанилүү эмес, аны ойлонуп түшүнүп окуу маанилүү. Ошондуктан Алланын Элчиси мындай деген:

«Куранды үч күндөн аз убакыт аралыгында окуган адам аны (анын маанисин) түшүнө албайт» (Ахмад бин Ханбал, Ибн Маажа, II, 164, 165, 189; Икаматус-Солат, 178).

Абу Абдуррахман ас-Суламийдин мынабул сөзү да өзгөчө маанилүү:

«Биз Алла Элчисинен он аят үйрөнгөнүбүздө анын маани-маңызын, т.а., адал-арамын, буйрук-жарлыгын түшүнбөй туруп башка аяттарга өтчү эмеспиз» (Байхакий, Шуабул-иман, II, 331; Куртубий, ал-Жами, I, 39).

Сулайман Даараний да бул багыттагы олуттуу мамилеси жөнүндө:

«Мен бир аятты окуган соң төрт-беш күн ошол аят жөнүндө ойлоном. Аны жакшы түшүнбөй туруп башка аятка өтпөйм» деген (Газалий, Ихия улумид-Дин, I, 277).

Бул жагдай батыш илимпоздорунун да көңүлүн бурган. Маселен, булардан Эдуард Барвн мындай дейт: «Куран жөнүндө ой толгоп, маанилерине сүңгүгөн сайын, ага болгон урмат-сыйым артып барат...» (Эшреф Эдиб, Куран (батыш ойчулдарынын көз карашында), 2-басылышы, Стамбул, 1958/1378, 48-49-беттер).

В. Куран окуу

Куран окуу эч калетсиз, эң сооптуу иштердин катарынан орун алат.

Куттуу хадистерде бул багытта мындай делет

«Үммөтүмдүн ибадаттарынан эң берекелүүсү – бул Куран окуу» (Байхакий, Шуабул-иман, II, 354.) «Алла Тааланын ыраазылыгын көздөп Куран окуган адамга окуган ар бир ариби үчүн он сооп берилип, он күнөөсү кечирилет» (Тирмизий, Фазаилул-Куран, 16).

Алтургай Куранды кыйналып жатып окуган адамга эки эселенип сооп берилээри жөнүндө дагы бир хадисте төмөнкүчө маалымдалат:

«Куранды жакшы окуган адам «сафара» делген айкөл периштелер менен бирге болот. Ал эми Куранды кыйналып жатып окуган адамга сооп эки эселенип берилет» (Муслим, Солаатул-мусафириин, 244; Ибн Маажа, Адаб, 52; Абу Давуд, Солаат, 349).

Дагы бир хадисте: «Үйлөрүңөрдү намаз жана Куран окуу менен нурга (береке-кутка) толтургула!» делет (Байхакий, Шуабул-Иман, II. 358).

Алтургай аны угуунун дагы пайдасы бар: «Куран окулуп жаткан кезде (Жараткандын) ыраакымына бөлөнүшүңөр үчүн аны кунт коюп уккула!» (Аараф сүрөсү, 204-аят)

Курандын бул өзгөчөлүгү батыштыктардын дагы көз жаздымында калган эмес. Маселен булардан Блачер:

«Курандын бийик үн менен окулушу уккан адамды арбап алгандай таасир калтырат» деген (Danişmend, İsmail Hâmi, Garb İlminin Kur’ân-ı Kerîm Hayranlığı, Dergah yayınları, 3. baskı, İstanbul, Ekim 1978, s. 58. (Blachere’nin bu sözü, “Le Coran” adlı eserinin 1957 tarihli baskısının 200. sayfasının 4. dipnotundan alınmıştır).

Белл бул багытта мындай деген: «Адам баласынын жандүйнөсүнө Курандан дагы зор таасир берген эч бир китеп жок» ( Bulaç, Ali, “Kur’ân Tarih ve Tarihsellik”, Yeni Ümit, 58. sayı, Ekim-Kasım-Aralık 2002, s. 54)

Эми кепти Куранды маркумдарга багыштап окууга болуп-болбогонуна буралы. Бул жерде мынабул жагдайды эске алып койгонубуз абзел: биз сөз кылып жаткан маркумдар – булар момун-мусулман катары көз жумган пенделер. Мына ушул маркумдарга Куран окуунун пайдасыз болгондугун айткандардын түшүнүктөрү мындай:

«Куран маркумдарга түшүрүлгөн эмес. Окулган Куран аларга пайдасыз. Маркумдардын Курандын талаптарына жооп берүү, аны менен жашоо мүмкүнчүлүктөрү жок»

Биринчиден бул жерде сөз маркумдарга Куран окуудан негизги максат маркумдардын Курандын буйрук-жарлыктарына жооптуу болуп-болбошу, т.а., алар тарабынан Курандагы буйрук-жарлыктардын жүзөгө ашырылып-ашырылбашы эмес, окулган Курандын сообун маркумдарга багыштоо болуп жатат.

Сөзүбүздү бекемдөө үчүн дароо далилдерге өтөлү:

1. Улуу Жараткан Алла Таала аяттардын биринде:

«Алардан бирөө өлсө, эч качан (жаназа) намазын окуба да, мүрзөсүнүн башында да турба (дуба кылба!). Анткени алар Аллага жана Анын элчисине каршы чыгып, фасык абалда өлүштү» (Тооба сүрөсү, 84-аят) дейт.

Бул аятта акыркы Пайгамбарга Жаратканды четке кагып, адал-арам менен иши жок жашап көз жумгандардын жаназа намазын окушуна жана мүрзөлөрүнө барып дуба кылышына тыйуу салынган. Демек, бул жерден мусулман катары жан берген адамдын жаназа намазын окуу, ал үчүн Жараткан Аллага дуба кылуу, анын кечирилишин тилөө зарылчылыгын байкоого болот. Себеби бул аяттан эгер ошол көз жумган адам мусулман болгондо, анда акыркы Пайгамбарга тыйуу салынмак эмес, деген түшүнүк өзүнөн-өзү келип чыгууда.

Андыктан береке-кут толгон Куранды мусулман катары көз жумган пенделер үчүн окуп, Курандын урматына алардын кечирилишин Жараткандан тилөө эмне үчүн мүмкүн эмес?

2. Көз жумган мусулман адамга жаназа намазын окуу – бул ага дуба кылуу, Жараткандан кечирим тилөө, дегенди түшүндүрөт. Ошону менен бирге жаназа намазы парз-ы кифая өкүмүндөгү ибадат. (Сарахсий, Абу Бакр Мухаммад бин Ахмад бин Абу Сахл, ал-Мабсут, Дарул-марифа, Бейрут, 1989, II, 126)

Себеби Алланын Элчиси маркумдарга намаз окууну ачык-айкын түрдө буйруган: «Маркумдарга күндүзүн да, түнкүсүн да намаз окугула!» (б.а., жаназа намазын күндүзүн да, түнкүсүн да окуса болот) (Ибн Маажа, Жанаиз, 30)

Ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жаназа намазынын пайдалуу болгондугун жана аны окуган адамга да чоң сооп бериле тургандыгын маалымдаган. Күндөрдүн биринде ардактуу Пайгамбарыбыз:

-Ким жаназа намазын окуса, ага бир «кырат» сооп бар – дейт.

Акыркы Пайгамбардын сөзүнө анча түшүнө бербеген сахабалар:

- Бир кырат дегениңиз эмне? – деп сурашат. Анда Ал:

- Чоң бир тоо сыяктуу сооп – деп жооп берет (Тирмизий, Жанаиз, 49.)

3. Куран окуу аркылуу маркумдарга Жараткандын ыраакымын тилөө – бул сооптуу иштердин катарынан орун алат.

Куттуу хадистерде:

«...Ясин (сүрөсү) - Курандын жүрөгү. Ким аны Жараткан Алланын ыраазылыгын, түбөлүк акыреттик бактысын көздөп окуса, анын күнөөлөрү кечирилет. Одүйнө салгандарга да Ясин сүрөсүн окугула!» (Ахмад бин Ханбал, Муснад, 5, 26). «Араңардан өтүп кеткендерди көпкө кармабай, жерге бергиле! Аны көмгөн соң бирөөңөр маркумдун баш тарабына туруп Фатиха сүрөсүн, бут жагына келип Бакара сүрөсүнүн акыркы бөлүгүн (Ааманар-расуулуну) окусун!» делет (Табараний, ал-Муужамул-Кабиир, 12, 340; Дайламий, Муснад, 1, 284; Хайсамий, Мажмауз-Заваид, 3, 44).

4. Куранда тирүүлөрдүн маркумдар үчүн дуба кылып Жараткан Алла Тааладан кечирим тилегендиктери жөнүндө ачык-айкын аяттар бар. Алардын биринде: «Алардан кийин келгендер мындай дешет: “Оо, Жараткан! Бизди жана бизден мурун ыйманга келген боордошторубузду кечире көр. Биздин жүрөгүбүзгө ыйман келтиргендерге карата кек сала көрбө. Оо, Жараткан! Сен чексиз Мээримдүүсүң, Боорукерсиң»(Хашр сүрөсү, 10-аят) деп буюрулат.

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз: «Адам баласы одүйнө салганда иш-амалдарынын сообу токтойт. Бирок мынабу үч иш-амалынын сообу улана берет: Садага жария (маселен, мечит куруу, көпүрө салуу , жол чабуу, булактын көзүн ачуу сыяктуу элдин кызматына жараган кайрымдуулуктар), элге пайдасы тийген илим калтыруу, өзүнө Жараткандан дуба кылаар ыймандуу уул тарбиялоо» деген (Муслим, Васиййа, 14).

Акыркы Пайгамбар «Бакий» көрүстөнүнө көп барып, одүйнө салгандарга салам берип:

«Ассаламу алейкум! Эй, момун-мусулмандар аймагынын эли! Кудай буюрса, биз да силерге кошулабыз. Жалгыз Алла Тааладан бизге да, силерге да кечирим тилейм!» деп дуба кылаар эле (Муслим, Жанаиз, 104).

Мына ушул жогоруда берилген куттуу аят-хадистерге таянуу менен маркумга Куран окуунун мүмкүн жана пайдалуу болгондугун чечкиндүү түрдө айта алабыз. Себеби көз жумган мусулмандарга дуба кылуу, алардын кечирилишин тилөөгө уруксат берилген соң, алар үчүн Курандын куттуу аяттарын окуп, сообун багыштоо толук кандуу түрдө мүмкүн.

Башына