Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Ибрахим (алейхис-салам)
   

Залим Намруттун алоолонто жаккан отун ак дилден берилүү менен гүлзарга айландырган Ибрахим (алейхиссалам)

Гүлзарга айланган өрт

Ошентип, Аллага болгон бекем ишенчинин жана тобокелинин, Аллага чын ыкластан берилгендигинин үзүрүн Ибрахим ошондо бир көрдү. Ал ыргытылып, отко мына түшөт деген кезде жалыны көккө соймоңдогон отко Алла Таала:

«Эй, от! Ибрахим үчүн салкын жана бейпил бол!…» (Анбия сүрөсү, 69-аят) деп буйрук берери менен жанакы от көз ачып жумганча көркүнө көз тайгылган гүлзарга айланды да калды. Ибрахимдин туш тарабынан ары таттуу, ары тунук булактар оргуп чыга баштады. Айлана тегеректеги миң түркүн гүл дүйнөсүнүн аңкыган жытына адам мас болот.

Мындайды күтпөгөн Намрут эми чындап коркуп, жүрөгү түшүп, көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Акыры эсин жыйып: ¬

- Төрт миң уйду азыр сенин Кудайыңа курмандыкка чалам!» деди шашкалактап. Азирети Ибрахимден: ¬

- Тавхид динине кайтпай туруп атаган курмандыгыңдын тыйынчалык да пайдасы жок - деген жооп келди. Намруттун дагы эле каапырлыгы кармап:

- Байлыгымды да, бийлигимди да чача албайм! Ошондой болсо да, курмандык чалам дедимби, чалам! - деп көшөрүп туруп алды. Ал ошентип төрт миң уйду курмандыкка чалды. Ибрахим пайгамбар менен талашып-тартышуудан баш тартты. Бирок көкүрөгүнүн сокурлугу себептүү текеберлигинен айрыла албай, ыйман келтирбей каапыр бойдон кала берди. Ошол айдан ачык мужизаны көргөн бир топ бутпарас ыйманга келип, Жараткандын жазасынан кутула алышты.

Намруттун ырайымсыз жазасынан Алла Тааланын керемет жардамы менен кутулуп кеткен Ибрахим (алейхиссалам) бутпарас бойдон калган адамдарга Жараткан Алланын акыйкат эскертүүсүн айтты:

«Силер бул дүйнө жашоосунда өз араңардагы сүйүү үчүн Алланын ордуна буттарды кармандыңар. Кыямат күнү келгенде бириңер экинчиңерден баш тартасыңар жана бириңер экинчиңерди каргап-шилейсиңер. Силердин барар жайыңар тозок болот. Ал жайда силер үчүн жардам берээр жан жок!» (Анкабут сүрөсү, 25).

Чогулган барча калктын оозун ачырган алоолонгон жалындын гүлзарга айлануу окуясынан кийин Алла Таала Намрут жана Калдани уруусунун башына келе турган азаптан оолак тутуу үчүн Ибрахим пайгамбар жана ага ишенген момундарга ал аймактан көчүп кетүү тууралуу буйрук берди. Ошентип, Кудай Таала халилин жана момундарды бейкуттукка чыгарды.

Лут пайгамбар Азирети Ибрахимдин агасынын уулу болгон. Алла Тааланын эрки менен ал мурда эле көкүрөгү, дили таза инсан болгондуктан, Азирети Ибрахимге эң алгач ыйман келтирген.

Калдани уруусунун жана Намруттун кыргынга учурашы

Ибрахим пайгамбар үммөттөрү менен Вавилонго көчүп, тынч гана жайгашып, жай турмушун уланта баштады. Мына ушул күндөрдүн биринде текеберленип өзүн кудайга теңеген Намрут коомун чаң сымал майда чымын-чиркей каптап, кандарын кактап соруп, бутпарас коомду соолуган кичинекей адамдарга айлантып салды. Мына ошол окуядан кийин Калдани уруусу четинен кырыла баштады. Намрут өкүмдардын мурдунан бир чымын кирип мээсине чейин жетип барды. Башынын ооруганына чыдабай, токмок урдуруп олтуруп зөөкүр падышанын да башы талкаланып, тирүүлөй азап чегип жан берди.

«Алар (Ибрахимге) зыян кылууну көздөшкөн эле. Биз аларды пас (жеңилүүчү) кылдык» (Анбия сүрөсү, 70-аят; Саффат сүрөсү, 98-аят).

Ошентип, эч кимди теңине албаган Намрут жана Калдани коому бүтүндөй адамзатка сабак болуп, чымын-чиркейге таланган «куруган адамдар» кырылып кетти.

Азирети Ибрахимдин көчү

Азирети Ибрахим, Азирети Лут, агасынын кызы Сара жана аз сандагы момундар менен Урфанын түштүк тарабында жайгашкан Харран шаарчасына келип байырлашат.

Жараткан Алланын жарлыгын аткарып, Ибрахим (алейхиссалам) Сара менен баш кошот. Кийинчерек кайра келген буйрук менен түгөйүн алып, Дамаскка, андан соң Мисирге көчүп өтөт. Лут (алейхиссалам) болсо Теңирий буйрук менен Содомго пайгамбар болуп жөнөтүлөт.

Ибрахим (алейхиссалам) Сара жана Хажар менен бирге Мисирди таштап, Палестинага бараткан жолдо Саб деген ээн талаада конуп калышат. Күндүн куйкалаган ысык аптабы мээ кайнатат. Иче турган суу да түгөнөт. Жол жүрүп кете беришсе, балким, жолдо суу табылбай калса, күндүн ысык аптабынан каны катып калышы да мүмкүн эле. Ибрахим (алейхиссалам) дароо эле ошол жерден кудук казууга киришет. Жараткан Өзү жар болуп, эмгеги талаага кетпей, казып жаткан кудуктан кашкайган таза суу атылып чыгат.

Заман улам закымдап, адам баласынын саякаты көбөйүп, тиричилиги кеңейген сайын Саб аймагына да бир топ адам көчүп келишет. Анткени бул аймак Алланын досунун урматына берекеси артып, молчулук, бейкутчулук өкүм сүргөн ажайып жерге айланган эле. Эл көбөйүп, журт өсүп, байыган сайын адамзааданын ичи тарып, дүнүйөгө болгон махабат ышкысы артат. Ошентип, адамзааданын баякы кесирлиги кармап, Ибрахим пайгамбар алгач өзү ачкан кудуктан өзүнө суу бербей коюшат. Анткени алар түшүмдүү жерлерге, сууларга ээлик кылып байлык топтоодо жарышып калышкан эле. Алланын досу буга абдан капа болот. Пайгамбардын көңүлүнүн мынчалык ооруп калышынан булактагы жана кудуктагы суулардын баары кайра тартылып, соолуп калат. Аймак эли суусуздуктун азабын мына ошондо тарта баштайт. Каңгыган коом бул нерсенин чындыгына баамы жетип, бушайман болушат. Кайдыгер карап, кордук көрсөткөндүгү үчүн Ибрахим пайгамбардан кечирим сурашат. Жараткандын ырайымын, кечиримин алуу үчүн анын дуба кылышын өтүнүшөт. Жумшак мүнөз жароокер пайгамбар алардын суранычын кабылдап, Аллага мунажат кылат. Ошентип, молчулук, береке кайрадан мурунку калыбына келе баштайт.

Азирети Ибрахим менен Ажар эненин үйлөнүшү

Ибрахим пайгамбар, тилекке каршы, Сара энеден балалуу боло алган эмес эле. Экөө тең кыйла эле улгайып калышкан эле. Сара эне өзүнө тартууланган Ажарды азат кылып, анын өз абышкасы менен никеленишине себепкер болот. Айлар өтүп, күндөр зымырап учуп Ажар эркек төрөйт. Баланын атын Исмаил койот. Ошентип, «Мухаммади-нур» Исмаилге (алейхиссалам) өттү. Сара эне ушул улук нурдун өзү аркылуу өтүшүн самап жүргөн экен. Андай болбой калганына абдан капа болот. Аялзатынын табиятындагы кызгануу сезими Ажарды башка бир жакка алып кетүүнү Ибрахим пайгамбардан суранууга түртөт. Аңгыча Жараткандын буйругу да келет. Ибрахим пайгамбар Ажарды жана уулу Исмаилди төөгө мингизип, ошол кездерде ээн чөлкөм болгон Мекке тарапка алып келет.

Имам Бухари Ибн Аббастан төмөнкү сөздү баян этет:

«Азирети Ибрахим аялы Ажар менен эмчектеги уулу Исмаилди Меккеге алып барат. Аларды келечекте оргуп чыга турган «зам-зам» кудугуна жакын турган бир түп дарактын түбүнө калтырат. Жанына ала келген курмага толтурулган баштык жана суусу толо чөйчөктү аларга таштап, кайтуу үчүн камынып калат. Ошондо кутман эне:

- Бизди бул жерге таштап кетүүнү Алла Таалам Өзү буйрудубу? - деп улгайып калган абышкасына суроо салат.

-Ооба!.

Ажар эне Алла Таалага болгон абдан бекем берилүү жана тобокел менен:

- Андай болсо Раббим бизди Өзү асырайт! Зыянга учуратпайт! - деп наристе Исмаилдин жанына кайтат».

Ажардын ыйманы Ибрахимдин (алейхиссалам) жүрөгүн күмүштөй эритип жиберет. Диркиреп куюлчудай чогулган көз жашынан чоочуп, Алла Таалага жалбара дуба кылат.

«Оо, Жараткан, албетте, менин урпагымдан (бир бөлүгүн уулум Исмаил жана анын энеси Ажарды) Сенин ыйык үйүңдүн алдындагы эгин өспөй турган бир өрөөнгө жайгаштырдым. Оо, Раббим, (алар) намазды толук аткарышсын деп (ушундай кылдым). Анан сен Өзүң адамдардын дилин аларга ийкемдүү кылгын жана аларга (бардык) мөмөлөрдөн ырыскы насип кыл. Балким, шүгүр кылышар» (Ибрахим сүрөсү, 37; Бухари; Анбия, 9).

Мээримдүү Алла Таала Ибрахимдин (алейхиссалам) сураныч, дубасын кабыл кылат. Мына ушул берекелүү дубанын урматына болсо керек, ажылык жана умра кылуу үчүн келген момундардын бул аймакка болгон көңүлдөрүндөгү сүйүү сезими ашкандан ташып, жандүйнөлөр бейпилдикке жана бейкуттукка бөлөнөт. Берекенин эн белгиси катары таанылган бул ажайып аймак миң түркүн курма жана башка мөмө жемиштерге толуп жатат.

Айрыкча Ибрахимдин (алейхиссалам) бул мунажаты ал жерден «замзам» суусунун чыгышына себепкер болгон.

Башына