Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Ал-Кообиз жана ал-Баасит
   

Алла Тааланын ал-Кообиз ысмы материалдык жактан «тар кылуучу», ал эми ал-Баасит ысымы «мол, берекелүү кылуучу» деген маанини түшүндүрөт. Ыйык Куранда бул багытта «Алла Таала тар кылат да, мол, берекелүү кылат. Акыр-аягы Ага кайтарыласыңар» делет (Бакара сүрөсү, 245-аят). Адамзат тарыхы канчалаган бай, бардар адамдардын кедей, күчтүүлөрдүн алсыз тарткандарына, мансап-бийлигине чиренген нечелеген текебер сөрөйлөрдүн шерменде болгонуна, ошондой эле канчалаган кедейлердин бардар болгонуна, Юсуф (алейхиссалам) сыяктуу узак жылдар бою зынданда жаткан соң падыша болгондорго, азирети Билал сыяктуу учурунда каапырлардын кулу болгонуна карабастан кийин мусулмандардын сүйүктүү боордошуна айлангандарга күбө болуп келе жатат.

Асман-жерди жана андагы жаамы жандуу-жансызды жараткан Улуу Алла Таала бүтүндөй ааламдын жападан жалгыз Ээси. Ал бул дүйнөгө ар түрлүү жан-жаныбарларды, түркүн түстүү мөмө-жемиштерди, бак-дарактарды, тоолорду, сууларды жаратып, аба берип, күн нурун тийгизүү менен адам баласына өзгөчө жакшылыгын көрсөткөн. Пенделер ээ болгон байлыктын, мал-мүлктүн баары Жалгыз Өзүнө гана таандык. Алла Таала каалаган пендесин бай, каалаганын кедей кылып койууга толук Кудуреттүү! Ошондуктан бул жерде бардар адам да, эч нерсеси жок кедей да мынабу жагдайды эсине түйүп алышы абзел: бүт нерсени берүүчү да, алуучу да жалгыз Алла Таала. Ал каалаган адамдын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүп, анын шүгүр келтирип-келтирбешин, ошондой эле каалаган адамынын мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, анын Өзүнө (Алла Таалага) баш көтөрүп-көтөрбөшүн сынайт. Андыктан бул дүйнөдөгү байлык, мал-мүлк, мансап-бийлик адам баласы үчүн түбөлүктүү киреше эмес. Булар болгону сынак жайдын талаптары. «Адам баласы бул дүйнөнү тандайбы же акыреттиби?» деген суроонун шарттары. Мунун баары адам баласы үчүн Алла Тааланын сыноосу.

Эгерде бул чындыкты пенде түшүнө албай, колундагы мүмкүнчүлүктөрдү өзү каалагандай каржап, эч кимге эч нерсе бербей сараңдык кылса, анда Алла Таала анын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койушу толук ыктымал. Ал эми колундагы мүмкүнчүлүктөр Алла Таала тарабынан сыноо үчүн ыроолонгондугун билген бардар пенделердин иштерине береке берип, аларды өз ыраакымына бөлөрү бышык. Куран аяттарында мындай делет: «Алыңар келишинче Алладан корккула, кулак салгыла, моюн сунгула жана кайрымдуулук кылгыла! Ким өз жанын сараңдыктан куткарса, алардын ийгиликке жеткени. Эгер силер Аллага көбүрөөк - жакшы карыз берсеңер (мал-мүлкүңөрдү Алла жолунда сарптасаңар), Ал силерге көбөйтүп берет жана күнөөңөрдү кечирет» (Тагаабун сүрөсү, 16-17-аяттар)

Башына