Жыйырма экинчи сан

Абдуррахман Хачкалы Теология илимдеринин доктору
Кайып – бул адам баласы үчүн такыр белгисиз нерселер. Кайып тек Аллага гана таандык. Пайгамбарлар Алла билдирген нерселерди гана элге жеткизишет. Келечекте боло турган нерселер да кайыпка кирет. Келечекте эмне болорун адамдар биле алышпайт. Ким келечекте «мына ушундай болот» деп кескин маалымат берсе, ал жалганчы. Ошондуктан жылдыздар же гороскоп аркылуу болсун, же жергиликтүү көзү ачыктардын төлгөсү аркылуу болсун, айтор, келечек жөнүндө кабар берерин айткан адам жалганчы болуп эсептелет. Көзү ачыктык, төлгөчүлүк, бүбү-бакшылык ж.б.у.с. жолдор менен берилген кабарлар жалган болуп, буларга ишенүү чоң күнөө. Булардын айтуусу боюнча, аракет кылууга Ислам дининде тыйуу салынган. Маида сүрөсүнүн 90-аятында төлгөчүлүк шайтандын ыплас иштеринен болгондугу тууралуу төмөнкүчө буюрулат: «Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – булар шайтандын ыплас иштери. Булардан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар» (Маида сүрөсү, 90).
Ардактуу Пайгамбарыбыз бир хадисинде, төлгөчү-көзү ачыктарга ишенген адам Куранды четке каккан адам сыяктуу болорун айткан (Тирмизий, Тахарат, 22). Бүгүнкү күнү дагы бир көпчүлүк адамдардын башын айландырган көзүачыктыктын түрү – бул рух (арбак) чакыруучулук. Ислам дини боюнча, адам көз жумган соң рух (жан) денеден бөлүнөт да, кыяматты күтө баштайт. Мына ушул аралыкта ал (рух) эгер бейиштик болсо, бейиш сыяктуу көрүстөндө, тозоку болсо, тозок сыяктуу көрүстөндө болот. Ал бу дүйнө менен материалдык жактан кандайдыр бир байланыш кура албайт. Андыктан адамдардын рухтарын чакыра алаарын айткан көзү ачыктар кескин түрдө жалганчы. Алар шайтандар, жиндер менен иштешип, элди алдашат.