Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Оо,Мусулман, маарек болсун майрамың!
   

«Ак» - деп билип, - «Алла алдына бармагым»,
Арзан эмес кымбат жолду тандадың.
Аруулантып, асылдантып дилиңди,
Акыретке ашыга амал камдадың.
Алла Таала буйруганын аткарып,
Кайтарганга карыш басып барбадың.

Ар убакта айкөлдүктөн тайбадың.
Ажарыңдан нур төгүлүп жайнадың.
Асылдык бейм, жараткандан жалгаган,
Ак пейлиңди адамдарга жайганың.
Алла Таала аман-эсен жеткирди.
Оо, мусулман, маарек болсун майрамың!

Ылдамдыкта ташкынындай дайранын,
Жер бетинде сөзү тарап Алланын,
Ыраазы болуп насип кылсын Жараткан,
Бүт ааламга дин Исламдын сайранын.
Бар адамзат жалпы ыйман келтирип,
Бири калбай бүт жаннатка бармагын.
Оомийн!

акын Иман Кыдыралиев

Башына