Жыйырма экинчи сан

Өмер Пакиш Теология илимдеринин доктору
Он сегиз миң ааламды, анын ичинде адам баласын кынтыксыз түрдө жараткан Алла Таала ага сүйлөө, окуу, үйрөнүү, нерсе тууралуу ой жүгүртүү, жакшы менен жаманды бири-биринен айырмалоо сыяктуу дагы көптөгөн жакшылыктарын тартуулаган. Муну менен эле чектелбестен башка жандуулардан айырмалап адамзаадага эркти берген. Мына ушундай артыкчылыктарды ыйгарган Алла Таала адам баласын өз алдынча таштап салбай, Өзүнүн жер жүзүндөгү өкүлү кылып дайындап, кантип ишенүү, кандай жашоо керек экендигин жиберген пайгамбарлары жана түшүргөн Китептери аркылуу билдирип турган. Түпкү атабыз, алгачкы инсан Адам Атанын ошол эле маалда алгачкы пайгамбар болгондугу бул акыйкатты айгинелеген таасын далил.
Адам баласын жер бетине халифа кылып дайындаган Алла Таала шекшинүүгө жол бербегидей деңгээлде Өзү менен жана жердеги башка макулуктар менен кандай таризде байланыш куруу керек экендигин ачык-айкын маалымдаган. Башкача айтканда, Жараткан Алла адампендени Өзүнө гана ибадат кылдыруу, жер жүзүн заттык жана рухий өңүттөн пайдаландыруу, бузукулукту, жамандыкты тосуу үчүн жаратканын айтуу менен катар инсанды халифа кылып тандагандагы максатын жар салган.
Андыктан адам баласы бүт ааламдын Ээси жана жаратуучусу Алла Таала экендигине ишенип, Ал көрсөткөн жол менен жашоого милдеттүү. Ошондой эле Алланын өкүмү астында жашап жатканын, Анын көзөмөлүнөн эч убакта сыртта калбай турганын, өз билгениндей жашагысы келген менен анысы Жараткандын максат-мүдөөсүнө шайкеш, ыраазылыгына төп келбей турганын эгерим эстен чыгарбай, мына ошол улуу максат-мүдөөгө ылайык жашаганга жан үрөшү керек. Муну менен катар пендезат өзүнө убактылуу өмүр берилип, бул дүйнөгө сыноо үчүн жаратылганын баамдап, сооптуу иштерди көп жасоого, күнөөдөн оолак болууга тырышышы керек. Өзүңүз ойлоп көрүңүз, бизде ата-бабаларыбыз, жакын туугандарыбыз болгон. Алла Таала аларды да бул дүйнөгө сыноо үчүн жараткандыгы себептүү, сынактын мөөнөтү аяктаган соң кайра алып кеткен. Азыр алардын топурактын астында «акыреттеги сот» күнүнө чейин жалгыз жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Алар кыяматта өлчөлүү өмүрдүн, берилген жаамы жакшылыктардын, жасалган жакшы-жаман иштеринин сурагын берип, же баар табат, же азап тартат.
Алла Тааладан башка бизди эч ким суракка да тарта албайт, биздин тагдырыбыз тууралуу өкүм да чыгара албайт. Ошондуктан ар бир инсан Жараткан Алланын буйруктарына баш ийип, Ага кулчулук кылып, бул дүйнөнүн сынак майданы экенин билгени абзел. Ар бир момун-мусулманда «Жараткандын сынагынан ийгиликтүү өтүшүм керек» деген жалындап турган максаты болушу керек. Бул улуу максатка ылайык муслулман пенде дин Исламга төп келбеген бардык жолдорду адашкан, бузуку жол деп билүүгө тийиш. Мына ошондо гана ыймандуу адам бул сыноо дүйнөдө бакыттын даамын татып, акыретте түбөлүк бак-таалайдын кучагында «бейиште» өмүр сүрөт. Тескерисинче напсиге, алдамчы сезимдерге жетеленип, туура эмес жолдорго түшүп кетсе, эки дүйнөдө тең бушайман болуп, азап-кайгынын зынданы болгон тозокко түшүп түбөлүк мүңкүрөп кала берет.
Башта айтып өткөндөй, Жараткан Алла эң алгачкы инсан болгон Адам (алейхис салам) менен Обо энебизди бул дүйнөгө жиберген. Адамзат урпагынын жашоо ыңгайын, жүрүм-турумдук эрежелерин алгачкы мугалим, алгачкы ата-энебизге үйрөткөн. Атеизмдин тарыхында айтылып жүргөндөй, алгачкы адамдар өз алдынча, каалагандай таризде жашашкан эмес. Жараткан Алла буйруган туура жолдо жашап, айбан сыяктуу эмес, адам сыяктуу жашоонун ыңгайын көрсөтүп кетишкен. Алла Таалага моюн сунуу деген маанини туюнткан «Ислам» сөзү алгачкы элчи Азирети Адамдан (алейхис салам) тарта жиберилип турган пайгамбарлар аркылуу так, даана, тажрыйба түрүндө көрсөтүлүп келген улуу диндин ысмы болуп эсептелет. Ошол орошон пайгамбарлар бул улуу динди кантип кармануу керек экендигин көзү тирүүсүндө жалпы журтка жар салып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, натыйжада азбы-көппү, артына үммөт калтырып кетишкен. Тилекке каршы, мезгилдин өтүшү менен шайтанга азгырылып, напси кумарына жетеленген көрпенде туура жолдон оолактаганы аз келгенсип, напсиге оор келген эрежелерди чыгарып, ага жага турган жоболорду киргизүү менен акыйкат динди бузганга чейин барышкан. Айрым макулуктарды Улуу Жаратканга теңеп, Ага таандык болгон сыпаттарды, өзгөчөлүктөрдү алсыз жандууларга таңуулап, жадагалса сыйынып, акыйкаттан бир топ алыстап кетишкен.
Ошого карабай Жараткан Алла пендезатты зордоп туура жолго киргизүүнү ылайык көргөн эмес. Анткени мындай иш жер жүзүнө халифалык кылуу деген вазийпабызга төп келмек да эмес. Ошондой эле Өзүнө каршы баш көтөрүп, туура жолду чанган көрпендени заматта кырсыкка дуушар кылып, азапка салууну эп көрбөдү. Анткени Ал бизди сыноо үчүн убактылуу өмүр берип, бул дүйнөгө алып келген. Акыйкаттан алыстап, бузуку жолго түшкөн адамзат урпагын заматта жок кылуу «сыноо» деген кынтыксыз, нары үлкөн мерчемге туура келбейт эле. Ал ошол эле маалда адашкан адам коомун каалагандай жашагыла деп өз жайына да койгон жок. Мезгил мезгили менен акыйкат динге чакырган, жүрүм-туруму менен мыкты үлгү көрсөтө алган элчилерди, пайгамбарларды жиберип турду. Алгачкы пайгамбар Адамдан (алейхис салам) бери даават кылынып келаткан «Тавхид» ишенимине элди чакыруу келип кеткен бардык пайгамбарлардын алгы максаты эле.
Ар бир пайгамбар Алла Тааланын өкүмдөрүн, буйруктарын өз коомуна татыктуу жеткирип, өз вазийпасын кынтыксыз өтөгөнгө аракет жасаган. Өз вазийпасы соңуна чыгып пайгамбарлар өмүр менен кош айтышкандан кийин бир кылым, эки кылым өтпөй элдер баягы таз кейпин кийип, динге болгон ишеними, амалы тайыздап, напси кумарына көбүрөөк ыктап кетишкен. Натыйжада убакыттын өтүшү менен үммөттөр пайгамбарлар алып келген акыйкаттын руханий өзөгүнөн такыр оолактап, чолок акылдын, азоо напсинин жетеги менен ар кимиси өз алдынча, ар башка ыңгайда жашаганга өтүшкөн. Тилекке каршы, мындай ыплас турмуш адам баласына бул жалганда да, акыретте да нагыз бакытты тартуулай алган эмес.
Адамзат пайгамбарлар жар салып кеткен «Жалгыз Аллага ишенүү -Тавхид» ишениминен четтеп, Жараткандан башка нерселерди кудай деп таанып, аларга сыйынып, ал тургай ахлактык жактан өтө начарлап кеткен учурда Алла Таала Азирети Мухаммадды (саллаллаху алейхи васаллам) инсан жана жин ааламына акыркы Пайгамбар катары жиберген. Демек, Мухаммад Мустафадан кийин кыяматка чейин эч бир эскертүүчү, эч бир пайгамбар, Куран-и Карим сыяктуу эч бир ыйык китеп жиберилбей турганын унутпайлы. Алла Таала Азирети Мухаммадды акыркы Пайгамбар, Куран-и Каримди акыркы Китеп катары жибергенине караганда, бул акыркы эскертүү адамзат кыямат кайымга чейин муктаж боло турган бардык суроо-талаптарга жооп берет дегенге негиз бар.
Алла Таала Ыйык Куранды Өзү түшүргөнүн жана аны жок болуп, бурмаланып кетүүдөн Өзү сактаарын ачык-айкын билдирген. Чындыгында Ыйык Куран Мухаммад Мустафага (саллаллаху алейхи васаллам) кандай түшкөн болсо, үтүр, чекити өзгөрүүсүз бүгүн бизге туура жолду көрсөтүп, жандүйнөбүзгө бейпилдик тартуулап келүүдө. Анын күнү бүгүнкүдөй сакталып калгандыгынын дагы бир себеби, Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) 23 жылдык Пайгамбарлык убагында Жараткан Алладан келген аяттарды заматта катчыларга жаздырып, муну менен эле чектелбестен ыйман келтирген момун мусулмандарга үйрөтүп, жаттатып койгон. Мына ошондон тарта алгачкы мусулмандардын пакиза дилине уюган, мээсине сиңип калган Ыйык Куран жазуу түрүндө да, ооз эки түрдө да муундан мунга өтүп келе жатат. Мусулмандардын, асыресе Ислам дининин эң чоң артыкчылыгы - Куран-и Каримдин кыпындай да бузулбастан, кол тийбестен, бүгүнкү күндө өзгөрүүсүз колдо жана акыл-эсте жатталуу тургандыгында. Маселен, Мусага (алейхис салам) жиберилген Тоорат да, Исага (алейхис салам) жиберилген Инжил да мындай артыкчылыктан кол жууп калганына көп убакыт болгон. Башкача айтканда, катардагы пенделердин алымча-кошумчасынан кийин аталган эки китеп тең «ыйыктыктан» тайган. Биз бул жерде Тоорат менен Инжилди адамдардын авторлугу астында бүт бойдон бузулган, ичинде «вахийдин» үлүшү калган эмес, ыйыктыгын биротоло жоготкон деп жаткан жерибиз жок. Адамдар бир топ жерине алымча-кошумча кылып жибергенден кийин нукуралыгына шектенүү жаралган. Муну өздөрү да моюнга алып жүрүшөт. Ошондой болсо да айрым жерлериндеги нукура вахийлер (билдирүү) Куран-и Каримде айтылгандарга дал келээрин айтпай коюга болбос. Бул жерден биз Курани-Каримдин эски Китептерде айтылгандарды тастыктаган Кудайы Китеп экендигине күбө болобуз. Азирети Мухаммаддын Пайгамбарлык келгенден кийинки жашоо таризи, сүйлөгөн ар бир сөзү, ибараттуу жүрүм-туруму, т.а. сүннөтү эч кандай тоскоолдуксуз момун-мусулмандардын аң-сезимине, жашоо ыңгаңына кыттай уюп, бүгүнкү күндө активдүү ишке ашырылып келе жатканы зор мааниге ээ. Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Ыйык Курандагы бардык буйруктарды жана өз оозунан чыккан ар бир сөздү ийне-жибине чейин турмушка ашырып, дин Исламды жашаса, адам баласы түбөлүк бакытка жетээрин ташка тамга баскандай көрсөтүп, даңгыр жолду салып кеткен.
Бүгүнкү күндө «мен мусулманмын» деген ар бир инсандын мойнунда Куран-и Каримди жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу сүннөтүн мыкты үйрөнүп, андан соң аны келечек муунга татыктуу үйрөтүү, жетик түшүндүрүү, сүннөткө шай келген бүтүндөй жүрүм-туруму менен үлгү болуу милдети турат. Тарыхка кылчайсак, Ислам дини жаңы келгенде алгачкы мусулмандар жашоонун бүт эрежесин Куран менен сүннөттөн алып, бак-таалайдын кучагында бейпил турмуш кечирип, тарыхка «бакыттын кылымы» деген өлбөс-өчпөс из калтырып кетишкен. Мунун натыйжасында алар эки дүйнөнүн бакытка жетишкен. Кыска убакыттын ичинде көптөгөн өлкөлөргө акыйкат илимди, куттуу сүннөттү тарата алышты. Алардан кийинки мусулман муундар Куран менен сүннөттү карманган чакта тынч, бейпил, бактылуу өмүр кечиришкен. Дин наамына чыгарылган бузуку ишенимдердин жана бидаттын артынан түшкөндөн бери ортобуздагы ынтымак ыдырап, бейпилдик качканы сыңары, бейишке баруу мүмкүнчүлүгүбүз да азайып баратат. Бул маселе тууралуу Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп буйруйт: «Эгер Алланы сүйсөңөр, келгиле мени ээчигиле, ошондо Алла силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет» (Аали Имран сүрөсү, 31-аят). «Ырасында, бул Менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө. Башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып койбосун» (Анаам сүрөсү, 153-аят).
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз өз хадисинде мындай деген: «Кимде-ким динибиздин түпкү негизине төп келбеген бир нерсени чыгарса, ага көңүл бурулбашы керек, анысы жараксыз» (Бухарий, Сулх, 5; Муслим, Акдия 17, 18). «Айтаарым ушу: Сөздөрдүн эң жакшысы Алланын Китеби, жолдордун эң жакшысы Мухаммаддын жолу, сүннөтү болуп эсептелет. Куран менен сүннөткө төп келбеген, кийин чыгарылган бидаттар иштердин эң жаманы болуп эсептелет. Бидаттын баары адашуу, бузукулук...» (Муслим, Жума, 43).