Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Түркөй ишенимдер
   

Же кара мышык жолду кессе... Шамшидин Маматкулов

Кимдин жолун кара мышык кесип өтсө, ал адамдын жолу болбойт.

Жаш баланын үстүнөн аттап өтсө же ал бала өзү жиптин, дарактын астынан өтсө, бою өспөй калат.

Кимде-кимдин оң колунун ичи кычышса акча кармайт, сол колунун ичи кычышса акча каржайт, ал эми таманы кычышса жолго чыгат.

Жума, арапа сыяктуу ыйык күндөрү кир жууганга болбойт...

Жума, арапа сыяктуу ыйык күндөрү жана сапарга чыгарда ийне кармаган болбойт...

Караңгы киргенден кийин бирөөгө акча жана акты бергенге болбойт...

Кыркы чыга элек бөбөктүн тырмагы алынса, чоңойгондо ал бала ууру болот.

Кечинде (түндө) тырмак алган адамдын өмүрү кыскарат.

Жума күнү үйдү шыпыруу күнөө болуп эсептелет.

Ким күн баткандан кийин үй шыпырса, бактысыз болот.

Шыпыргыны тургузуп койгон болбойт. ж.б.у.с...

Ооба, баарыбыз эле жогоруда айтылган же ушуларга окшогон сөздөргө, ушундай түшүнүк менен ишенимдерге көп эле күбө болуп жүрөбүз. Мындай ишенимдерге күбө болгондордун арасынан: «аа, көрсө мусулманчылыкта ушундай турбайбы!. Али билгенибизден биле элегибиз көп турбайбы!?» – деген жыйынтыкка келишип, туура эмес ишенимдер менен түшүнүктү тутунгандар да жок эмес.

Ырас, билгенибизден биле элегибиз көп. Бирок, жогорудагыдай ишенимдер Ислам динине таптакыр туура келбей тургандыгын диний сабаты жок же болсо да аз адамдар кайдан билсин. Демек, аалымдар менен динди билген адамдардын башкы милдети элге динди туура жеткирүү болуп эсептелет. Элдер да динди туура үйрөнүүгө аракет кылуусу керек.

Анда кеп ушул ишенимдер тууралуу болсун.

Жогоруда айтылган же ушуларга окшогон түшүнүк менен ишенимдер, ушул сыяктуу ар кандай ырым-жырымдар ХУРАФА деп аталат.

Мына ушундай динде болбогон, диндин негиздерине коошпогон, бирок кийинчерээк ар кандай жолдор менен динге киргизилген, ошентип бара-бара диний ишеним катары кабылданган нерселердин (ишеним, түшүнүк, ырым-жырым ж.б.у.с.) баары бидат же болбосо хурафа түшүнүгүнүн алкагына кирет.

Кайсы гана дин болбосун анын басып өткөн жолунун дээрлик бардык этабында бидат, хурафа жана туура эмес ишенимдер ошол динди тутунган элдердин баш ооруткан маселесине айланган. Мурунтан бери келаткан мындай маселе азыркы күндө деле эл арасына кеңири жайылган. Мындай көйгөй мусулмандардын арасында да бар. Башкача айтканда, мусулмандардын арасында да Ислам дининин негиздерине таянбаган, динге шайкеш келбеген ишенимдер, т.а. хурафалар кездешет. Мындай хурафалар диндин аркасы менен күн көргөн мите курттар сымал келишет. Тилекке каршы, учурубузда диний сабаты чала же сабатсыз бир топ мусулмандар жогоруда айтылгандай диндин боорунда мите курт сымал жашаган хурафаларга ишенишип, ошого жараша амал кылышууда. А түгүл айрым хурафаларды кудум диний бир өкүм катары кабылдашууда. Керек болсо кээ бир мусулмандар мындай аракетин «чыныгы диндарлык» деп кабылдашкандыктан андай хурафаларга каршы чыккандарды «динден алыстоо», «итаатсыздык», «динге моюн сунбагандык», «ишенбестик», «каапырлардын адамы» же «дин душманы» деп эсептешет. А чын-чынына келгенде динде болбогон, динге туура келбеген ишеним жана түшүнүктөрдү кармануу эч кандай диндарлыкка жатпайт. Тескерисинче, хурафа менен бидаттар улам убакыт өткөн сайын бара-бара адамдарды карманган дининин түпкү негиздеринен, асыл өзөгүнөн алыстатат. Ал эми чыныгы диндарлык бир гана Ислам дининин негизги булактарында (Куран менен сүннөттө) көрсөтүлгөн итикад (ишеним), ибадат (кулчулук) жана адеп-ахлактуулук негиздерин кабыл кылуу жана ошол принциптердин негизинде жашоо менен гана болот.

Эл ичинде дин Исламдын негиздерине коошпогон, акылга сыйбаган, туура эмес ишенимдер менен хурафалар көбөйүп кеткендиктен алардын айрымдары бир чети адамды таң калтырса, бир чети мусулмандарды аябай өкүндүрүүдө.

Кутман сахабалар, улуу Ислам аалымдары мындай туура эмес ишенимдер, т.а. хурафалар менен кылымдар бою күрөшүп келишкен. Бул күрөш азыркы учурда деле уланууда. Бирок, хурафалар менен туура эмес ишенимдер түп тамырынан бери биротоло жок боло элек.

Мусулмандарды көйгөйгө салган хурафалардын жок болбостон тамырлап бутактоосунун бир канча факторлору (себептери) бар. Түркөйлүк, туура эмес пропаганда же үгүттөө, коомдук же жеке кызыкчылыктар, элдин таза ишенимине кыянаттык кылуу же аны өз пайдасы үчүн колдонуу, динди туура эмес түшүндүрүү, кандайдыр бир деңгээлде үрп-адат, миссионерлердин иш-аракеттери ж.б. себептер хурафа менен туура эмес ишенимдердин пайда болуусуна, таралуусуна жана тамырлоосуна себепкер болгон башкы факторлордон болуп эсептелет.

Адам баласынын табияты ишенимге, ынанууга ылайыкташтырылган. Башына бир мүшкүл же бир балээ келээри менен шыпаа табуу үмүтү менен ар кандай чараларга кайрылат жана кимден эмнени укса ошону орундатууга шашылат. Адамдардын мына ушундай алсыздыгы менен алсыз жактарын өтө жакшы билген айрым адамдар (м. эмчи-домчу, бүбү-бакшы, төлгөчү менен көзү ачыктар) аны өз кызыкчылыгына пайдаланып алууну аябай жакшы өздөштүрүшкөн. Ошентип алар элдин ишенимин өз пайдасы үчүн колдонушуп, элди туура эмес жолго же ишенимге салышат. Ал гана эмес акырындап отуруп айлана-чөйрөсүндө кандайдыр бир деңгээлде руханий кадыр-баркка да ээ болуп алышат.

Ошентсе да ак пейилдүү, аксанатай мусулман бир туугандарыбызды тигиндей карасанатай кишилердин туткуну менен таасиринен куткаруу керек. Ал үчүн элди эскертип, туура түшүнүк берүү, хурафалар менен туура эмес ишенимдерди жок кылуу үчүн эринбестен акыйкатты сүйлөп жеткирүү керек.

Анткени акыйкаттын келээри менен батыл, туура эмес ишенимдердин жок боло тургандыгы тууралуу Ыйык Курани Каримде минтип айтылган:

«Алла Өз сөздөрү менен батылды (туура эмес сөздөрдү) жок кылат жана акыйкатты орнотот» (Шуураа сүрөсү, 24-аят).

Арийне, Ислам дининин келиши менен жер жүзүндөгү канчалаган батыл ишенимдер менен туура эмес түшүнүктөр жок болгон. Учурубуздагы хурафалардын жашап жатышы Ислам дининин күчсүздүгүнөн эмес, көпчүлүк элдин Ислам дининен жакшы кабардар болбогондугунан жана дин адамдарынын элге диний маалыматты жакшылап, толук жеткире албагандыгынан улам болуп жатат. Анткени, Ислам динин, анын принциптерин жетик түшүнгөн адам эч качан хурафалар менен батыл ишенимдерге кабылбайт да, таасирленбейт да.

ХРИСТИАН МИССИОНЕРЛЕРИ ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН ХУРАФАЛАР

«Шейх Ахмаддын осуяты» же «Шейх Ахмаддын каты» деген темадагы кагазды кезиктирбеген жан аз болсо керек. Азыр ал интернет чыгаары менен миссионерлер тарабынан кайрадан интернетке чыгарылып жатат. Окурмандар мындай хурафага «туткун» болбоосу үчүн ал кат тууралуу жазууну эп көрдүк.

Барган сайын бул кат да өзгөрө баштады. Башында ал катты жазган адам «Ыйык жердин күзөтчүсү» делген болсо, кийинчерээк «Ыйык жердин ачкычын алып жүрүүчүсү» деп аталды. А азыр болсо «Ыйык жердин хатиби» деп аталып калыптыр. Андан да кызыгы ал адамга түшүндө мындай деген аян берилиптир:

«Кыямат кайымдын алааматтары чыга баштады. Өтө жакынкы мезгилде 3 сутка күн тутулат. Андан кийин күн батыштан чыга баштайт. Куран адамдардын көзүнө көрүнбөй калат. Кимде-ким бул катты (же осуятты) укканы менен жазбаса, башка бирөөлөргө жөнөтпөсө башына мүшкүл күн түшсүн... Эгерде бул катта жаңылыштыгым бар болсо, аркы дүйнөгө ыймансыз кетейин... »

Бул миссионерлер тарабынан Ислам динине тымызын, куйтулук, арам ойлуулук менен хурафа катары киргизүүгө аракет кылынган «келжирек кат» болуп эсептелет. Алардын максаты – Ислам динине хурафа киргизүүгө аракет кылуу, башты айландыруу, аз да болсо мына ушундай маани-маңызы жок нерселер менен алектендирип, олуттуу нерселерден оолак тутуу.

Мурунураак бул каттарда «эгерде жалган айткан болсом, каапыр болоюн» деп жазылып келген болсо, эми «бул дүйнөдөн ыймансыз кетейин» же «аркы дүйнөгө ыйманы жок кетейин» деп жазыла баштаптыр. Бул таптакыр туура эмес. Анын үстүнө шарият боюнча минтип касам ичкенге болбойт.

Бул хурафанын башталганына бир канча жыл, керек болсо кылым болуптур. Бирок, «Шейх Ахмад» деген ойдон чыгарылган адам «өлбөстөн» азыркы күнгө чейин миссионерлер аркылуу кат жолдогону жолдогон. Мурунку каттарда «бизге жеткен кабарларга караганда бул катты жалган деген бир адамдын ошол күнү уулу өлүптүр, ал эми бир доктор бул катты таратпагандыгы үчүн машинасы менен бара жаткан кезинде аварияга учураптыр» деп жазылган. Мына ушуга окшогон коркутуулардан кийин бул катты өз маалында тараткандарды ар кандай сыйлыктар күтүп тургандыгы айтылат. Мурункуларында акчанын суммасы жазылган болсо, кийинчерээк ал сумма көбөйүп жазыла баштаган. Акыркы учурдагы каттарда эч кандай сумма тууралуу айтылбайт. Анын ордуна «3 күндөн кийин күн батыштан чыга баштайт» деген жазуу орун ала баштады. Алар минтип айткандан бери канчалаган «3 күн» өтүп кетти. Бирок, алиге дейре алар айткан кыямат башталбады. Кыяматтын башталаары тууралуу Жакабанын (Иегованын) күбөлөрү сыяктуу канча жолу «даталарды» айтканы менен алардын баары төгүнгө чыгып олтурат.

Эми көңүл бура турган нерселер:

Ислам дининде түш далил болуп эсептелбейт. Бул каттын эч кандай баркы да, наркы да жок. Кудум диний китептер менен материалдар жетпей жаткансып, алардын ордуна бул каттар таратылып жатат. Эң негизгиси Алла Тааланын буйруктарын аткарбай, тыйгандарынан да тыйылбаган адам бул катты жайылтуу менен кантип Жараткандын ыраазычылыгына ээ боло алат!? Ансыз да бул каттын «авторлорунун» максаттары – мусулмандарды диний амалдардан алыстатып, ушуга окшогон хурафалар менен алектентип алаксытуу болуп эсептелет.

13 САНЫНА БАЙЛАНЫШКАН ХУРАФА

Айрым жерлерде 13 саны бар каттар таратылууда. Бул дагы азыркы учурдагы өзүнчө хурафа. Христиандардын айтуусу боюнча, 13 деген сан бактысыздыкка дуушар кылат. Ал эми бул катты карап чыксаңыз бир канча 13 санын көрөсүз. Маселен, түшүмдө Азирети Зейнепти көрдүм деген кыздын жашы 13тө, кембагал болсо 13 күндөн кийин байга айланса, бай адам 13 күндөн кийин байлыгынан ажыраган, улгайган аксакал 13 күндөн кийин абакка түшсө, бир кызматкер 13 күндөн кийин жумушунан айдалган. Бул катты 13 бетке жазып, 13 адамга тараткан адам 13 күндөн кийин ийгиликке жетишсе, таратпай койгон адам болсо 13 күндөн кийин балээге дуушар болгон.

Сандардын жыйындысы 13кө барабар болгон маанилүү окуялардан Азирети Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) 571-жылы төрөлгөндүгүн (571 = 5+7+1 = 13), христиандардын ыйык борборлорунун бири болгон Константинополдун (азыркы Стамбулдун) мусулмандар тарабынан 1453-жылы (1453 = 1+4+5+3 = 13) каратылып алынгандыгын эске алсак христиан фанаттарынын эмне үчүн 13 санын бактысыздыкка дуушар кыла турган сан катары кабыл алыша тургандыгы бир аз да болсо байкалып турат.

Ал эми Ислам дининде жакшылык менен жамандык бир гана Жараткан Алла Тааладан боло тургандыгына ишенүү принциби бар. Демек, эч бир сан эч кандай касиетке, сырлуу күчкө ээ эмес. Ошондой эле мындай «каттар» адамды бакытка жеткире да, бакыттан куру жалак калтыра да албайт.

Баарыбыз Ислам динин терең түшүнүүгө, ар кандай хурафалардан оолак болуп, чыныгы Ислам динин Жараткан Өзү ыраазы боло тургандай таризде жашоого аракет кылалы.

Башына