Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

"Көзү ачыктарга илингенден баштап жашоом караңгы түн болду"
   

Байтикова Анаржан

- Сиз учурунда көзү ачыктар менен тыгыз байланышта болгон экенсиз. Кепти ушул өңүттөн баштасак. Айтсаңыз, булар менен кандайча мамиле куруп калдыңыз?

- Мен учурда 55 жаштамын. Мен булар менен 30-35-жаштарымда байланышып калдым го дейм. 30 жашыма чейин кадыресе адамдар сыяктуу эле жашап келгенмин. Мен ушу жинге, көзү ачыктарга илингенден баштап жашоом караңгы түн болду. Себеби дегенде көзү ачыктык менен жашап жүргөндө сосудистый ооруга туш болот экен адам. Элестеткиле, үйүңө кирип келсең тиерде ажыдаар жатат дейт, бул жерде жолборс жатат дейт, бул жагыңда пириң турат дейт. Алтургай балдар-кыздарың үйгө киргенден коркуп калышат экен.

Мен көзү ачыктар менен байланыш курам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мындай ой менде такыр жок болчу. Мындай болду да. 80-жылкы кызым бар. Ушул кызым боюмда бар кезде апам сырость печень болуп больницада 1 айдай жатып калды. Андан кийин ушул кыз төрөлдү. Ден-соолугу аябай жакшы болчу. Эч ыйлабай этпейт. Анан эле беш жашында грипп болуп аябай тумоолоп жатып калды. Азыр ойлосом ал грипп деле эмес окшойт, ошол тумоонун башы окшойт. Көлдөн эжемдер келип калат. Аны көрүп кокуйлап бир Райхан дегенди таап келишиптир. Кийин ошого барып жүрдүк. Айланайын ошондо эле шумдуктун баары башталбадыбы, сандыктагы кездеме-парчамдын баарын ташый баштадым. Бир нерсе боло турган болсо, жанагы көзү ачыктарга барып секреттин баарын эле ачып берип айта бересиң жиндидей болуп оолугуп. Эмнең болсо баарын эле алып барып бергиң эле келе берет экенсиң.

Анан кийин кайнене-кайнатабыз, үйдүн улуусусуңар, айылга келгиле баккыла деди. Анын үстүнө балдар-кыздар орус болуп кетти деп 90-жылдары айылга көчүп бардык. Ошондо кызым 10 жашта болучу. 3-4-класста окучу. Ошол кезде экинчи балам мектепти бүтүрүп, атасы аны шаарга алып кеткен. Бул учурда мен эки кызым менен үйдө калгам. Күндөрдүн биринде Кудай анын бетин ары кылсын, жанагы кызым «келатат эле келатат» дейт, «ай эмне келатат» деп коркуп, кызымды кучагыма кысып, кайнене-кайнатамды чакырдым. Ошол учурда коңшу айылда бир молдоке дем салчу эле. Ага бир жума дем салдырдык. Кичине жакшы болуп калды. Атасы бир-эки жумадан кийин келди. Келгенден кийин эле кызым кайра баягысын баштап «келатат эле келатат» деп бакырып-өкүрүп ыйлай баштады. Бизде Кандайкан деген аял бар эле. Анан ошол кишиге алпардык. Жан керек болсо кызыңды алып кел деди. Анан ал жакта бир жумада эки жолу жар салынат деди. Жар салынганда эми айланайын, биринчи мазар басат экен. Мазарга барабыз. Жетип жетпей атса дагы, болуп-болбой атса дагы айткандарын баарын колуна тапшырдык, тапшырмаларынын баарын аткарганга аракет жасадым. Кудайга шүгүр, кухняда жакшы эле хозяйка элем, ошондой иш түшкөндөн кийин эле колумдан наным түшүп, иши кылып өзүмөн өзүм эле жүдөп какап, жашаган жерибизде куурай отун деген толтура. Көзүмө эч нерсе көрүнбөйт. Күндө эле ыйлайм. Нанды эми кантип жасайм деп. Ушу сыяктуу проблемалар менен жүдөп, өзүмдүн этегиме өзүм чалынып калдым. Анан ал жакка нан жасап барыш керек. Иши кылып эмне оокатың болсо ошону алпарышың керек экен. Анан кийин деген жети мазар, үч мазар дегендери бар экен. Жарбер дегенге бар деди, ал жерге барганда эле бапыратып сабап кирет. Ай силер кызыксыңар го, мен ойлоп койом караңгы болуп билбей сабап атышат го деп. Ай мен келген жокмун, мен кызымды алып келдим, десем. Кызыңдын иши жок???? Ошентип кызым менен үч айдай бардым. Жети кишиге кийит кыласың дейт, үч кишиге кийит кыласың дейт. Үчөө бүткөндөн кийин кой сойосуң дейт. Анан акырында канча, үч айбы, иши кылып 40 жолу жанагы жагына баргандан кийин, «ойлон, кызыңды бошотуш керек. Бала деген жаш. Аны алдыда турмуш күтөт. Жагдайды болсо көрдүң, ишти сен мойнуңа ал, дешти. Анан эмне кыласың? Алса, алайын деп, мурда эшиктин алдына жалгыз чыгалбаган жаным, тээ тоонун этегине жөө жалаңдап жалгыз барып жүрдүм. Анан ошентип бир жылдан кийин сенин пириң Семетей дешип жол берди. Жол бергенден кийин анын ошончо азабы, кыйынчылыгы болот экен. Тапшырмага ылайык кой сойуп, ырымын кылып жүрдүм. Ошентип мынабул эски автовакзалдын ары жагында чоң үйүбүздү 60 миң долларга сатып бардык. Өзүбүздүн баягы тынч жашообуздагы планыбыздай жарымына мал алалы, жарымысына үй алалы дегенбиз. Балээгеби, бир тыйыны буюрган жок.

Анан келгендерден деле байкайсың да, мен эмне келесоомунбу деп ойлоп жүрдүм. Көптөгөн чоң кызматтагылар да келишчү. Көп милдеттеримди аткардым бирок дитим менен бериле албай койдум да. Устат катары жол берген көзү ачыктар, байкасаң мына көрүнөт, сен деген байкабай жатасың, сен деген көңүл койбой жатасың, дешет. Ырас, мен калпайтып эмне кылайын, эч нерсе көргөнүм жок. Мен азыр көрбөгөнүмдүн себебин ойлойм. Мага деген жолдошум такыр көңүлдөнбөй жанагындай мамиле кылды. Анан мен милдетимди аткаруу үчүн бере турганымды карыздап болсо да таап берчүмүн. Иши кылып бала-чакамды да, күйөөмдү да карыз кылдым. Бүт баарын алып барып бердим. Ал жакта Куранды окубагыла дешет. Сен аяның менен жаша дешет. Түшкө эмне гана кирбейт.Көзү ачык болгондо сен жиндисиң да. Өзүң менен өзүң алексиң.

Ошентип жүрө берип бир он жылдан кийин кыздар окууну бүтүштү. Шаарга келиш керек болуп калды. Андан кийин ага дагы ак көйнөк, көк көйнөк алып барып, бутуна жыгылып ажыраш аяк кылдык. Эски автовакзал менен Аламүдүн базарынын ортосунда Гүлнар деген келин бар. Ошол көзү ачыктык кылат. Анан устаз ошол келин болду. Чындыгында анын жиндер менен байланышы бар эле. -

-Көзү ачыктардын эң негизги максаттары эмне?

- Алар айтышат, Кудай үчүн кылып атабыз, деп. Бекер оокат келип атса, ким эле жаман көрсүн мындай жыргал жашаганды. Мисалы, көзү ачыктардын арасында деле жанагы чоңуна жаккан киши, мисалы жети киши деп койот, жетиден кармайбыз деп койот. Алардын ичкен-жегени бекер. Күнүгө эмне деген гана нан, токоч, эмне деген конфет келбейт. Эптеп оокаты жок барганып, көзүн ачтыргандар көп алышпайт, алар эл үчүн кызмат кылып атабыз деп айтышат. Жеке кызыкчылык деген чоң көзү ачыктарда, башындагыларда бар. Төмөн жактагылар эмне кылып жатышкандарын түшүнбөйт. Алар мисалы деген мени минтип коркутту: мынакей малың өлүп атат, бала-бакыраң, күйөөң тирүү. Мен кантип бала-бакырамды, күйөөмдү жоготкум келет. Же болбосо, чаап кетет же уруп кетет дейт. Анысы деген келесоо болуп калат деген сөз да. Келесоо болуп калгандан көрө өлүп калган жакшы да. Кийинчерээк жолдошум, сен токтотсоңчу, сен деген чектен чыгып кеттиң, анчалык оор жүктү аркалаганга сенин алың жетпейт деп жемелечү болду. Ток этер жерин айтканда кептин баары жеке кызыкчылыкты ойлоп, бекер байлыкты колдон чыгаргысы келбеген чоң-чоң көзү ачыктарда. -

-Эже айтсаңыз, көзү ачыктар көзүн эмне үчүн ачтырышат?

Көзү ачыктар коркконунан эле көзүн ачтырышат. Өзүмдү мисалга ала турган болсок, балдарымдын амандыгын ойлоп, тигилердин коркутканынан эле аргасыздан ачтырат экенсиң. -

-Учурда кээ бир адамдар көзү ачыктардын келечек жөнүндө айткан сөздөрүнө ишенишет экен. Сиз ушуга кандай карайсыз?

- Мен буга терс көз караштамын. Мен ал адамдарга такыр кошула албайм. Себеп дегенде көзү ачыктар келечекти айта алышпайт. Айтышы мүмкүн, бирок адамдарды алдаш үчүн капкайдагы жалган сөздөрдү айтып салышат. -

-Ислам дини менен кандайча таанышып калдыңыз? -

-Башында коркуп кеткенде ушул эл катары Кудай деп койчумун, аныгында, эч ким менен ишим жок жүрө берчүмүн, Ислам менен эч кандай байланышым деле жок болчу. Исламга ушул Илияз устаздын аркасы менен келдик, Кудайга шүгүр! Азыр беш маал намаз окуп жатабыз.

- Көзү ачыктардын жиндер менен байланышы бар деп атпайсызбы. Айтсаңыз, алар менен байланышыңызды үзгөндөн кийинки жашооңузда жиндер тынчыңызды алып, коркутуп-үркүтпөйт бекен?

- Жок. Адам баласы Куран менен жашаган чакта эч бир жин ага сес көрсөтө албайт экен. Себеби Ислам дининде бир Аллага гана жалынат экенсиң. Мына ушунун өзү жин-шайтандарды адамдан алыс кармайт экен.

Мен Кудай Таалага ушунчалык чексиз ыраазымын. Биринчиден мен даяр эмес болчумун. Себеби мен «өлөм» деп ант ичкем. Анан деген мен силерге ушуну айтып кетейин. Бизде ошол жети кишинин бири Зейне деген көзү ачык бар болучу. Муну өз көзүм менен көргөн жокмун, биз менен бирге жүргөндөрдөн уктум. Аны чоңдун оң колу деп койсо болот. Ошону шайтандын шерменде кылгандыгын ушуну менен эсептей алам. Баласы наркоман болуп кетти дейт. Күйөөсү өлдү. Күйөөсүн өз баласы колдуу болду дешет. Ал шерменде эмей эмне? Анан «Сорок летте» Сонун бүбү деген көзү ачык келин бар болучу. Улуу баласы өзүнүн кызын зордуктап, азыр түрмөдө дейт. Мына шерменде деген ушу да.

- Мына Ислам дини менен жашап жатыпсыз. Айтсаңыз эже, Ислам дининен эмнени таптыңыз?

- Исламдан ушунчалык бейкуттукту таптым. Ислам дининен эмнени таптым? Ушунчалык тынчтыкты таптым. Беш убак намазыңды окугун да, үйүңдө отура бер. Сага эч ким эч нерсе дебейт. Тигил жердеги ажыдаардын куйругун тепсеп албайсың, бул жердеги жолборс-арстаның жатып чалынып кетпейсиң. Сен күйөөң менен жатпа, сенин пириң бар, деген сыяктуу ушундай адамды ирээнжиткен, бир чети коркуткан укмуштуудай нерселер бар. Кышында чилдеде чаап кетет, уруп кетет деп бир чака муздак суу менен сыртта жуунчубуз. Ислам дининен мен эми бактымды таптым деп гана айталам. Бардыгы жакшы. Мен азыр Куран менен гана жашайм. Мага азыр андан башка эч нерсенин кереги жок. Себеби дегенде издегениңдин баары Ыйык Куранда экен.

Башына