Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Туура тамактануу ден-соолукка өбөлгө
   

Тургунаалы Бокешов Жогорку категориядагы терапевт

Ислам дининде адал тамактар менен тамактанууну ар бир мусулмандан талап кылат ошондой эле туура тамактануу керектигин айтып келет. Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн куттуу хадисинде ашказандын үчтөн бир бөлүгүн жегенге, бир бөлүгүн ичкенге, бир бөлүгүн дем алууга бөлүү керектигин айтып тамактануунун орто өлчөмүн эң туура көрсөтүп кеткен (Тирмизий, Зухд, 47; Ибн Маажа, Атимма, 50).

Бул хадистин айтылышынан далай кылымдан кийинки медициналык ачылыштар мунун тууралыгын далилдешти. Азыркы кезде медицинада эң күчтүү дары-дармектер чыгып, аларды колдонуп жатканыбыз менен туура тамактанбасак, тигил же бул дарттан айыгууга мүмкүн эмес. «Тамак турган жерге оору турбайт» деген сөз бар эмеспи элде. Бирок «жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын» деп эле жеп-иче бергенге болбойт. Анткени ден-соолуктун мүнөзүнө карата оорунун түрүнө жараша кээде бир оорулууга тузу азыраак, жеңилирээк, кээсине күчтүүлөп ичишке туура келет. Мисалы, кургак учук оорусуна күчтүү тамактарды ичүүгө туура келсе, ичеги карын ооруларына кабылгандар жеңилирээк тамактарды ичиши керек.

Биздин туура тамактануубуз да дарылоого кирет. Жашоо эң күчтүү дарылардан жогору турат. Себеби медицинада бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан дарылардын дээрлик баары оорулууга жардам берүү менен бирге ошол эле мезгилде зыяндуу жактары да бар. Хирургиялык жардамдан кийин адам өз калыбына келиши үчүн керектүү азыктарды тамак-аштан алат. Туура тамактануу дени таза адамга да, оорулуу адамга да оң таасир берүүчү күч. Медициналык изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамак-аш адамдын ар кандай ооруларга каршы туруктуулугун күчөтөт, ар кандай микробдорго каршылыгын көтөрөт.

Адам тамактангандан кийин анын денесинде 1500-2000ге чукул татаал химиялык реакциялар жүрүп, ден-соолук үчүн материалдарды камсыз кылат. Ооруган кезде адамда ички жана сырткы тең салмактуулук бузулат, ал эми туура тамактануу бул кырдаалды тез калыбына келтирет.

Ал эми туура эмес тамактануу адамды ар кандай ооруларга чалдыктырат. Алсак, узак убакыттар бою дайыма бир түрдүү тамактарды ичип-жеш, түнкүсүн күчтүү, майлуу тамактар менен тамактануу, көп жеш, тамактанып жатканда башка нерселер менен алек болуу, шашып тамактануу, өтө ысык же өтө муздак, оозду толтуруп алып тамактануу жакшы эмес. Тамакты ашыкча жеп-ичүү семирип кетүү коркунучун, жүрөк-кан тамыр ооруларын, кандын басымы көтөрүлүп кетишин, гипертония оорусун, жүрөктүн инфаркт-миокард жана кант ооруларын талап кылышы мүмкүн. Туздуу тамактар, майлуу тамактар да ден-соолугу начар оорукчан адамдарга болбойт. Туздуу тамактар кандын басымы көтөрүлгөн ооруларга каршы болсо, майлуу тамактар өттүн сезгенишин шарттайт да, халестеринди, кандын уюшун жогорулатып, атермосклероз оорусуна, кандын басымын көтөргөн ооруларга алып келет. Адамдын денесине тамак-аш менен хлор, кальций, калий, магний, темир, йод, жез, никел, каболт, фосфор ж.б.у.с. микроэлементтер кошо кирет. Алсак, фосфор адамдын ден-соолугу үчүн чоң мааниге ээ. Фосфор адамдын сөөктөрүндө, булчуң эттеринде 80 граммга чейин болот. Ал денеге күч-кубат берип, боордун, бөйрөктүн, баш мээнин иштешин жакшыртат. Фосфор негизинен сүттө, быштакта, этте жана жаңгакта көп болот.

Тамактануу дайыма бир убакта болгону пайдалуу. Тамактануунун аралыгын 10 сааттан ашырбоого аракет кылуу абзел. Тамак-ашты ден-соолугу начар оорукчан адамдар эмне тамак болсо иче бербестен, оорусуна карап ылгап-тергеп ичүү керек. Антпесе дарыланганы менен оорусунан жөнүгө албай, тескерисинче эски оорусун козгоп коет.

Адатта кыргыз баласы эң күчтүү тамактарды кечкисин, же болбосо, түн жарымына чейин ичип жатып калат. Адам түнкүсүн тоюп жатканда күчтүү тамактар жакшы сиңбейт. Күчтүү тамактардан бөлүнүп чыккан кубаттуулук эч жакка сарпталбайт. Адам уктап жатканда денесиндеги мүчөлөр да эс алат, жалгыз жүрөк гана иштеп турат. Ошондуктан адамдын мүчөлөрүнө абдан оорлук келет. Ислам дининде өтө тоюп, ашыкча тамактануу макирөө деп айтылат. Ошондуктан туура тамактанып, ден-соолугубузду сакташыбыз керек.

Башына