Жыйырма экинчи сан

Алайчы Сейитбеков
- Аллааху Акбар, Аллааху Акбар... Сабыр чочуп ойгонду. Жаздыктан башын көтөрүп, эмне болуп кеткенин билбей бир азга селейип катып калды. Аа, эми эсине келди. Азан айтылып жаткан тура. ¬
- Ой, ушулардыкы өттү – деди күбүрөнүп, - таң атпай уйкуну бузуп.
Жаздыкка кайра баш койду. Күндө жаздыкка башын катып уйкусун улантып кетчү. Бүгүн уктай албай койду. Азан айтылып бүткөнчө кыймылсыз жатты да, ордунан туруп кетти.
Үйдүн ичи кунарсыз, аңгырап бош калгандай көрүндү. Баласынын бош турган ордун карап койду. Эч себеби жок эле баласын алып кетип калган аялына болгон ачуусу дагы козголо түштү. ¬
-Эмне жетпейт ушуга?- деди күңкүлдөп, диванга олтуруп, башын мыкчып ойго чөмүлдү. Чындап эле эмне жетпейт, үй десе үй бар, байлык десе байлык бар, машинаны деги алып берди. Эл кийбегенди кийип, эл жебегенди жеп эле жүрбөйбү. Иштеймин деди, ишке орноштурду. Балалуу болду. Баары жетиштүү. Анан эле болбогон нерсени шылтоолоп, кетип калат. Жумуштан эрте келбейсиң дейт. Тентип кетесиң дейт. Арак ичесиң дейт. Балаңа көңүл бөлбөйсүң дейт. Кызык... Адам болгондон кийин эки жака басасың да, тели-теңтуш, дос-жар дегендер бар. Арак ичип аракеч болуп кеткен жери жок. Анча-мынча эле майрамдап койгону болбосо. Элдин аялдарына ырахмат, жегенге наны жок болсо да унчукпай эле жашап жүргөн.
-Уфф. – Оор үшкүрүнүп алды Сабыр. Деги бул жашоодо бактылуу жашаган бирөө жок го. Тээ бала кезинде, апасы балдарынын бетинен өөп, - Менин бактым ушулар, ушулар барда мен бактылуумун – деп калчуу. Атасы күнгө күйүп, эмгектен туурулган капкара колу менен маңдайынан сызылган терин сүртүп:
- Бакыт деген эмгек, менин колумда кетменим турганда, мен бактылуумун – дечүү. Байкуштар экөө тең эрте кетип калды. Өздөрүн бактылуубуз дешкен менен, чыныгы бакытка жетпей кетишти окшойт. Мына менин деле балам бар, атамдын эмгегинен жеңил бирок, кирешелүү жумушум бар. Бирок бакыттын даамын алигече тата элекмин го.
Сабырдын күндөн-күнгө жандүйнөсү тарып, өзүн жаман сезип баратат. Кээде бир жери ооругандай болот. Бирок кайсы жери ооруганын өзү да билбейт. Баалуу буюмун жоготуп жиберген эмедей болуп жүрөт көптөн бери. Эмнени жоготконун да, эмнени издээрин да билбейт.
Жумушка жөнөөчү убактысы болуп калыптыр. Баргысы келбесе да, ушул азыр өзүн жутуп жиберчүүдөй суук көрүнгөн үйүнөн алысыраак кеткиси келди. Жалкоолоно кийинип, оозуна наар албастан, машинасынын ачкычын алды да, илкий басып сыртка жөнөдү.
***
- Аллааху Акбар, Аллааху Акбар...
Сабыр үйүнө эми эле киргенде азанчынын үнү жаңыра баштады. Терезеге жакын келип, бүткөнчө угуп турду. Бир дагы сөзүнө түшүнбөсө да, ыргактуу кооз үн жандүйнөсүнө башкача бир жагымдуулук тартуулагандай болду. Бүгүн жумушта да көңүлү ачылбай, бир аз эс алайын деген ой менен паркка чыккан эле. Паркта да көпкө жүрө албай, издегени башка жакта тургандай сезилип үйүнө келе берген. Эми, азыр эле азанчынын үнү менен бирге келип, жүрөгүнө бейпилдик тартуулаган таттуу сезим, азандын бүтүүсү менен кайра жок болуп кеткенсиди. Муздаткычты ачып бир нерселерди кичине жалмалаган болду. Эртеден бери эч нерсе жебесе да курсагы ток сыяктанып табити дегеле эч нерсеге тартпады. Эми даана түшүндү, нан менен курсакты тойгузса болот экен, бирок жандүйнөнүн ачкалыгын нан менен тойгуза албайт экенсиң. Жандүйнөсү ачка калганын да түшүндү. Тойгузуунун жолун таппай башы ооруду. Телевизор койгусу келди. Кайра айныды. Душка түшсөм сергийм го деп ойлоду. Түшкүсү келбеди. Аялына телефон чалайын деп ниеттенди. Чалган жок.
-Үйрөнгөн адаты да, эртең өзү эле келет баласын көтөрүп. Тамекисин кутудан алып, оозуна салды да кайра түкүрүп салды. Бөлмөдө ары-бери басканы да көөдөнүндөгү санааны баса алган жок. Диванга боюн таштап, жүз төмөн түшүп шолоктоп ыйлай баштады. Жаш балдар гана ыйлайт деп айткандар жаңылышат экен. Кичине баладан да өтүп, өпкөлөп ыйлады Сабыр. Эгерде бирөө аялдар эле ыйлайт десе, ал да жаңылышыптыр. Бардык күчүн көз жашына чыгарган жашып аялдан да өтүп, шолоктоп ыйлады Сабыр. Ата-энесинен ажыраганда да атына жарашкан сабырдуулугу менен кайгыны жеңип, мынчалык ыйлаган эмес эле. Азыр болсо бүт нерсесинен ажырап калгандай муңканып, буулугуп ыйлап жатты. Караңгы туңгуюкка камалып, чар тарабынан жан алгычтар курчап келе жаткан адамдай болуп аянычтуу ыйлап жатты.
***
-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар...
Же уйкуда эмес, же ойгоо эмес нес болуп жаткан Сабырды азанчынын үнү тургузду. Көпкө жатып калган экен. Бети-башын жууп, машинасын жылдырып кою үчүн сыртка чыкты. Бир аз жеңилдеп калгансыптыр. Эшик алдынан эми аттаганда, катуу чуркап келе жаткан жаш бала бутуна урунуп алып жыгылып кете жаздады.
- Көзүңө карабайсыңбы? Каякка мынча шашып? – деди Сабыр ачуулана. Ыргып кеткен такыясын алып жаткан бала корккон көздөрүн бакырайтып:
- Кечирип кой байке, кутулууга шашып бараттым эле – деди шашкалактап. Артынан бирөө кууп келе жаткан го деп түшүнбөй калган Сабыр:
- Кимден кутулууга, бирөөдөн качтыңбы? – деп сурады.
-Азаптан байке, азаптан кутулууга – бала кылчая карап ушуларды айтты да, чуркап кетти.
Сабыр аны узата карап турду да, ал мечиттин короосуна кирип кеткенде гана бир нерсени түшүнгөнсүдү. Бир чети күлкүсү келип, бир чети таң калды. – Азаптан деп койот дагы. Жашабай жатып тиги дүйнөнүн камын көргөнүн кара мунун. Азапты кайдан билет экен ушу чычым.
Үйүнө кирген соң да баланын сөзү эсинен кетпеди. Жумшак креслого чалкалай отуруп дагы ойго чөмүлдү. Тээ бала күнүнөн азыркы убагына чейинки элестен тасмадай болуп көз алдына тартылды. Чынында өзүн бактысыз деп айтканга болбойт окшойт. Болгону кичинекей эле бир нерсе жетишпей, ошол жетишпестиктин айынан көптөн бери азап тартып жүрөт тура. Азап деген сөздү ойлогондо жүрөгү болк дей түштү. Көрсө, азап тиги дүйнөдө эле эмес, бул дүйнөдө деле болот тура. Дагы баягы баланын сөзүн эстеди. Өз эркинен сырткары башын буруп саатты карады. Күүгүм кирип бараткан ушул убакта да азан угулчу эле. Терезеге басып келди да, мечит тарапты карап: -батыраак эле башталса экен – деди ичинен. Буга чейин уккусу келбеген, кээде башын жаздыкка катып уккандан качкан азанчынын үнүн чыдамсыздык менен күтүп жатты. Күткөн нерсенин кечикмеги азап. Адатта бат эле айтылгандай сезилчү, азыр болсо кылым күткөндөй болду Сабыр.
***
-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар...
Ойго баткан Сабыр чочуп кетти. Мына, жанатан бери күткөнү. Угаары менен сүйүнүп кетти, анан эмне кылаарын билбей алдастап калды. Бир азга буйдала түштү да ваннага чуркады. Оозу-мурдун, бети-колун жууп чыга калды. Анан кайра чуркады, бутту жууганды унутуп калыптыр көрсө. Шашыла кийинип, бутуна шлепкасын иле коюп чуркап чыкты. Эшик алдынан жаңы эле кирип келе жаткан улгайыңкы аялды ийни менен кагып кетти.
- Ий ботом, көзү барбы мобунун, кайда мынча шашкалактап – ачуулана булкулдады аял.
- Кечирип коюңуз апа – деди Сабыр оңтойсузданып, анан жүзүнө жылмаю аралап:
- кутулууга шашып баратам, кутулууга.
- Эмнеден кутулат экенсиң?
- Азаптан кутулууга – деди да, чуркап кетти.
-Азаптан дейби? Ал эмнеси, азапты кайдан билет экен ушу жарыбагыр? – деп күбүрөнгөн аял ойлоно жолун улады.
***
Айланага караңгы кирип үйлөрдүн чырактары жаркырап күйүп турду. Сабырдын үйүнүн айнеги караңгы боюнча калды. Качантан бери издегенин тапкан Сабыр, мечиттен чыккан жок. Жандүйнөсү жабыркап, тирүүлөй азап чегип жүргөн адамга, мечит ичи башка дүйнөдөй көрүнүп, башын саждага койгон сайын, көөдөндөгү бугу чыгып жеңилдеп, өзүн башка ааламда жүргөндөй сезип отурду.
Жараткандын дагы бир күнү артта калып, кою караңгылык: «болду эми, кыймылыңарды токтоткула» дегенсип айлананы каптап кирди.
-Аллааху Акбар, Аллааху Акбар...
Азан дагы жаңыра баштады. Билгендер кутулууга шашылып келе башташты, билбегендер эч нерсе менен иши жок, бул чакырыктын аларга эч тиешеси жок сыяктуу кайдыгер гана тескери басып кетип жатышты...
Алайчы Сейитбеков