Жыйырма экинчи сан

    

Журналдын жыйырма экинчи саны

Мазмуну

Сурооңузга жооп
   

Окурмандарыбызда тумар тагынуу маселеси тууралуу суроо бар экен.

-Бисмиллаа хиррохмаан ниррохийм. Тумар биздин шариятта бар. Аиша энебиз «Аятал курсий» «Фатиха» сыяктуу Куран аяттарын жазып наристелердин бешигине тагып койоор эле. Азирети Пайгамбарыбыздын жубайы, сахаба аялдардын ичинен эң илимдүү мусулмандын бул аракетинен улам тумар тагынса болот деген бүтүм бар. Аиша энебиз аны кандай максатта такчу эле? Ал кездерде Куран-и Карим азыркыдай болуп китеп түрүнө келе элек болгондуктан Алла Тааланын кереметтүү Сөзүн урматтап жакшы жерге тактык, Алла Таалам ушул улуу Сөзүнүн урматына Өзү сактайт деген тобокел, ыклас менен таккан. Ошол себептен аалымдардын көз карашында Куран аяттары, же Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу хадистери арап тилинде жазылыган тумарды тагуу дурус деп эсептелинет. Ошолордун бардыгында Ыйык Курандын аяттарын аспиеттеп жазып, тагынып жатам, ушул жакшы амалым үчүн Алла Таалам Өзү мени ар кандай кырсыктардан, апааттардан сактайт деген ишеним болушу керек. Эгер аятты же хадисти жазгандан кийин ушул жазуулар же ушул тумар мени сактайт деген ишенимди кармануу бул ¬– чоң жаңылыштык. Аалымдарыбыз мындай түшүнүктү туура эмес деп эсептешет. Ал эми арап тилинен башка нерселерди жазып тагынуу, карышкырдын бир нерсеси, бүркүттүн тырмагы же болбосо долоно, көз мончок сыяктуу нерселерди тагынууга шарият тыю салат, тахриман макрух, арам дегенге чейин барып такалат. Дагы баса белгилеп кете турган нерсе, карапайым калктын баары эле жогорудагы айтылгандарга маани бере беришпейт, тумарды ыйык көрүп, мени ушул сактайт деген ниетти карманып алышы ыктымал болгондуктан, байкоостон ширкке кирип кетүүнүн алдын алуу үчүн шарият уруксат берген тумарды тагынууну кээ бир аалымдар туура көрүшпөйт.

-Турмушта ырым-жырымды колдонуп жүргөн мусулмандарды көп кездештирип жүрөбүз. Дегеле ырым-жырымдын жакшы-жаманы барбы?

-Негизинен ырым-жырымдардын жакшысы, башкача айтканда шариятка шайкеш келгени аз болсо керек. Себеби ырым-жырымдарда ишеним, ыклас, ниет Алла Тааладан башка жака бурулуп кетип жатпайбы. Ал эми шариятка каршы келбеген үрп-адат менен каада-салттарыбыздын бир тобун байыртадан элибиз колдонуп келгендиктен жакшы деп айтууга негиз бар. Биз мусумандар ошон үчүн өз динибиздин эреже-жоболорун чоңубуздан тарта кичинебизге чейин бел жүргөнүбүз абзел.

-Ислам шариятында узак сапарга чыккан мусулман парз намаздарды кыскартып окушу керек деген буйрук бар. Окурмандарыбыздын бирөөндө «Мен машакаттуу сапар үчүн эмес, Ысык-Көлгө эс алууга бара жатам. Эс алуу үчүн кетип баратканым себептүү намаздарды толук эле окусам болбойбу?» деген суроо бар экен.

- Мусулман пенде туруктуу жашаган жеринен 90 чакырымдан узакк сапарга жол жүрө турган болсо, мейли ал соопчуулук иш үчүн, мейли мамлекеттик иш үчүн, мейли эс алуу, мейли соода-сатык үчүн болобу, кандай ниетте болбосун барыбир Алла Тааланын буйругуна ылайык 4 ирекеттүү парз намаздарды 2 ирекет кылып кыскартып окуганга милдеттүүбүз. Жок мен 4 ирекет кылып окуй берем, мен эс алууда жүрөм деп көшөргөн болсо, анда кайсы бир деңгээлде күнөөгө батат. Бул суроодо «эс алуу» маселеси себеп т.а. иллат болуп жатат. Парзды аткарууда иллат жолтоо боло албайт. Биздин мазхапта сүннөт намаздар сапарга чыкканда да окулат, бирок убакыт тар болуп, машакатты жарата турган болсо, окубай коюга болот.

Башына